Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Турсунбеков Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдоп берүүгө чакырды


Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Бул тууралуу бүгүн Талас облусунун активдери менен жолугушкан учурда спикер Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Жогорку Кеңештеги депутаттар референдумга байланыштуу аймактарды кыдырып жүрөт.

Өзүнүн сапарын Таластан баштаганын белгилеген төрага элге кайрылып, Конституцияга кирип жаткан өзгөртүүлөрдү ынтымак менен колдоп берүүгө чакырды.

Депутаттар 5-декабрдан 9-декабрга чейин аймактарда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүгө тарашкан.

Кыргызстанда 11-декабрь күнү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. (AlS\SE)

XS
SM
MD
LG