Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Сирияда коопсуз аймак түзүү боюнча Орусия АКШ менен диалогго даяр


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 22-февралда Москвада билдирди. Анын ырасташынча, бул маселени Сирия өкмөтү менен макулдашуу керек:

-Албетте, биз Сирия аймагы боюнча андай демилгелер Сирия өкмөтү менен макулдашуу керек дейбиз.

Лавровдун Сирияда коопсуз аймак түзүү максатындагы АКШ планы боюнча Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон менен Германияда учкай сүйлөшкөнүн, бирок Тиллерсон план иштелип жатканын айтуу менен чектелгенин билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп Сирияда коопсуздук аймак түзүүнү сунуштаган. Андай аймакта согуштун айынан Европа жана АКШга барууну көздөгөн качкындар жайгашуусу керек. Трамп коопсуз аймакты түзүү планын Пентагон менен Мамлекеттик департаментке тапшырган. (AiT)

XS
SM
MD
LG