Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

Кыргызстанда азыр каржылоонун исламдык ыкмасы менен расмий иштеп жаткан жалгыз коммерциялык банк бар. Дүйнөдө исламдык каржылоодогу активдердин көлөмү учурда ааламдагы каржы активдердин жарым пайызын гана түзгөнү менен бир катар адистер бул тармактын келечеги кең деп эсептешүүдө. Бирок каржылоонун исламдык системасы азырынча жалпы стандарттар жок болгондуктан, мусулман дүйнөсүнүн өзүндө да, ар кайсы өлкөдө ар башка бойдон калууда.

Соңку эсептерге караганда, каржылоонун исламдык түрүнө тартылган активдердин жалпы көлөмү 2011-жылдын жыйынтыгында дүйнө боюнча 1,3 триллион долларга жетиптир. Бул тармак акыркы беш жылда 150% өстү дегенди туюндурат экен.

Салыштырсак, 1980-жылдары исламдык каржылоодо болгону 5 миллиард доллар жүгүртүлгөн. Немецтердин “Дойче банкынын” божомолуна караганда, исламдык каржы уюмдарынын активдери алдыдагы үч жылда жылына дагы 25% жакын өсүп турат.

Алардын активдеринин жалпы көлөмү учурда дүйнөнүн каржы активдеринин жарым пайызын гана түзгөнү менен каржылоонун исламдык аспаптары азыр кеминде жетимиштей өлкөгө жайылып, мурда анын негизги очогу болуп Жакынкы Чыгыш, Перси булуңу менен Малайзия, Индонезиянын чегинен чыгып калды.

Ири оюнчулар кошулууда

Исламдык каржылоо боюнча индонезиялык окумуштуу, Жакартадагы Ислам университетинин экономика факультетинин окутуучусу Ахмад Тохирин “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, каржылоонун бул түрү акырындык менен жайылууда:

Ахмад Тохирин

Ахмад Тохирин

-Эң маанилүү жагы исламдык каржылоону дүйнөлүк базарда кабыл алуу деңгээли жакшырып бара жатканы. Бул индустрияга мусулман өлкөлөрүнөн эле эмес, мусулман эмес мамлекеттерден да улам жаңы оюнчулар тартылууда. Маселен биз азыр эле күбө болгондой, бул индустрияга Сitibank, HSBC банк өңдүү ири оюнчулар кирди. Исламдык каржылоонун келечеги оң деп ойлойм. Бул жаңы индустрияга улам жаңы оюнчулардын кошулушун күтө алабыз.

Адистер исламдык каржылоонун келечегине салым кошуучу факторлордун бири катары мусулман өлкөлөрүндөгү демографиялык кырдаалды, мусулман жамааттарынын кирешеси өсө баштаганын аташат. Индонезиялык экономика доктору Ахмад Тохирин “Азаттык” менен маегинде төмөнкү факторду да кошумчалады:

-Менимче, башкы жүйө - ири көлөмдөгү акчаны, өзгөчө мунай долларды, мунай экспорттогон өлкөлөрдөн келген акчаны тартуу. Алар (Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү) акчасын шарияттын эрежелери менен иштеген индустрияга салгысы келет. Жаңы оюнчулардын көңүлүн бурган потенциал ушул. Алар бул каражаттарды тартууга аракеттенүүдө.

Насыя капиталынын глобалдык базары боюнча адис, учурда Лондондо иштеген Бакыт Алымбек уулу “Азаттык” менен маегинде исламдык каржылоонун негизинде жеке компаниялар же өлкөлөр тарабынан чыгарылган баалуу карыз кагаздар - сукукту сатып алууга мусулман дүйнөсүнүн сыртта да кызыгуу бардыгын белгилейт:

- Исламдык каржылоодо баалуу карыз кагазын сатардан мурда ар бир соодага кепилдик катары бир нерсе коюлуусу керек. Кыймылсыз мүлкпү же учакпы, айтор бир нерсе коюлат. Ушул фактор европалык инвесторлорду, айрыкча швейцариялыктарды өзүнө тартып турат. Анткени баалуу кагаз чыгарган тарап кокус банкрот болсо, учагын, жерин, же заводун сатабы - инвестордун акчасын кайтарат. Мамлекеттик баалуу кагаздарды Малайия, Индонезия, Бахрейин чыгарган. Маселен, Малайзия эки-үч жыл мурда суверендик сукугун чыгарганда күрөөгө ооруканаларды, аэропортторду койгон. Биз үч жыл мурда бир изилдөө кылганбыз. Ал изилдөө исламдык баалуу кагаздардын сатып алган инвесторлордун 55% мусулман эмес, 45% мусулман өлкөлөрдөн экенин көргөзгөн.


Исламдык каржылоо боюнча дүйнөлүк саммит былтыр Татарстанда өткөн

Исламдык каржылоо боюнча дүйнөлүк саммит былтыр Татарстанда өткөн


Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорлорунун бири Махмуд Мохиелдин “Синдикат долбоору” басылмасынын аналитикалык сайтындагы макаласында исламдык каржылоо өнүгөт деген божомолдорду бекемдөөчү төрт-беш себепти атаган.

Алар:
-исламдык каржылоо кызматтарынын жакшыруусу жана ал кызматтардын өзгөчө кардарлар менен эле чектелбегени;

-кадимки эл аралык каржы мекемелеринин исламдык активдерди сунуш кылууну көбөйтүүсү жана буга дүйнөнүн Лондон, Люксембург жана башка каржы борборлорунун кызыгуусу күчөгөнү;

-кээ бир мусулман өлкөлөрүндө чийки заттан түшкөн акчанын көбөйүшү алардын каржылык ортомчулар жана инвестициялык фондор аркылуу бөлүнүшүн шарттоосу;

Үстөк жок, бирок үстүнө кошуу бар

Насыя капиталынын глобалдык базары боюнча адис Бакыт Алымбек уулу “Азаттык” менен маегинде исламдык каржылоонун салттык каржылоодон айрымачылыктарына токтолду:

-Исламдык каржылоодо үстөк деген түшүнүк жок, бирок аны алуунун структурасы башка. Тобокелди карыз алып жаткан кардар жана банк тең бөлүшөт. Мисалы салттык каржылоодо банк ипотекалык кредит берсе, кардар анын негизги суммасын жана үстөгүн төлөп берет. Исламдык каржылоодо болсо банк сатып берген үйдүн акысын насыя алган тарап ижара төлөө жолу менен кутулат. Принциптери окшош болгону менен үстөктү алуунун механизмдери бөлөк. Исламдык каржылоодо деле банк ар бир кардардын каржылык абалын, кудуретин алдын ала иликтейт. Насыя алуу процесси чындыгында татаал эле.

Сөз башында айтылгандай, Кыргызстанда жыйырмадан ашуун коммерциялык банктын бири учурда исламдык каржылоо багытында иш алып барат. Кыргызстандагы исламдык каржылоо жөнүндө кардарлар менен жергиликтүү талдоочулар эмне дешет:




Насыя капиталынын глобалдык базар боюнча адиси Бакыт Алымбек уулу “Азаттык” менен маегинде Кыргызстандагы исламдык каржылоонун айрым жетишпегендиктерине токтолду:

-Исламдык каржылоого Кыргызстанда талап бар. Бирок практика жана механизм жок болуп турат. Ушуларды өнүктүрүп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүп, аны Кыргызстандын шартына ылайыкташтырсак, бизде өнүккүдөй кудурет бар.


Ар өлкөдө ар башка стандарт

Рейттер агенттиги жакындагы анализинде белгилегендей, дүйнөлүк алкакта исламдык каржылоонун кеңейиши менен бул индустрияга маселен эсеп-кысап жагынан өз ишин эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу боюнча талаптар коюлууда. Индонезиялык экономика доктору Ахмад Тохирин “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, исламдык каржылоо үчүн алдында мына ушундай эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу милдети турат:

-Эң чоң проблема ар өлкө ар башка стандартты өнүктүргөнү. Эл аралык алкактан алганда, бул ишти татаалдаштырат. Стандартташтыруу жана бири бирине шайкеш келтирүү исламдык каржылоо жана исламдык банк индустриясынын али күн тартибинде турган маселе. Алсак Индонезиянын институту учурда исламдык банк продуктурлары үчүн эсеп-кысаптын бирдиктүү стандартын иштеп жатат.

Исламдык каржылоонун дүйнөлүк стандартынын жоктугу анын негизги жетишпегендиги бойдон калып жатканын насыя капиталы боюнча адис Бакыт Алымбек уулу да айтты:

--Маселен Малайзиядагы исламдык каржылоонун негиздери Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн эрежелеринен айрымаланып турат. Исламдык каржылоо системасынын негизги жетишпегендиги - дүйнөлүк стандарттары, бирдиктүү эрежелеринин жоктугу. Андыктан, алардын ишин жөнгө салган бирдиктүү орган да жок. Маселен, салтык каржылоодо иштеген банктардын эң соңку ирет кабыл алынган "Базель-3" деген эсеп-кысаптын эл аралык стандарттары боюнча IASB эрежеси бар.

Учурдагы мүчүлүштүктөрүнө карабай, исламдык каржылоо келечекте салттык каржылоого атаандаш боло алат деп үмүттөнгөндөр бул эки система адамдардын муктаждыгын канаттандыруу үчүн адилет жана конструктивдүү атаандашса, дүйнө мындан пайда гана тапмак деп эсептешет.
XS
SM
MD
LG