Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

ИМ тобу Европага Ливиядан келиши мүмкүн


Италиялык жоокер Ливия мамлекетинин картасын карап жатат.
Италиялык жоокер Ливия мамлекетинин картасын карап жатат.

"Ислам мамлекети" радикал уюшмасынын коркунучу тууралуу Тажикстандын президенти кооптонуу билдирсе, Италиянын башкы дипломаты бул уюшманын Ливиядагы бөлүмүнүн Европага коркунучу жөнүндө эскертүү жасады.

15-февралда Ливияда "Ислам мамлекети" радикал тобу менен канаатташ деп саналган согушкерлер үрөйдү учурган жаңы видео тасманы интернетке чыгарышты.

Христиан дүйнөсүнө «Кан менен кол тамга басылган билдирүү» деп аталган беш мүнөттүк видеодо "Ислам мамлекетинин" согушкерлери кантип 21 египеттик христиандын башын алып жаткандыгын көрүү мүмкүн. Бул тасма жарыялангандан кийин Египеттин Британиядагы элчиси Нассер Камел Ливия Италияга жакын болгону үчүн ал жактагы согушкерлер Европага өзгөчө коркунуч келтирет деп эскертти. Камел Ливиядан Италияга мыйзамсыз мигранттарды ташыган кайыктар менен "Ислам мамлекети" тобунун куралчандары да келиши мүмкүн деди.

Италиянын түштүгүндөгү аралдар Ливиянын жээгинен болгону 120 чакырым аралыкта жайгашкан.

Ал арада Италиянын тышкы иштер министри Паоло Жентилони Ливиядагы "Ислам мамлекети" Европанын коопсуздугуна «зор коркунуч» келтирет деп чыкты.

- Ал жактагы абалдын курчушунан улам кеч боло электе эл аралык коомчулук мамилесин өзгөртүшү керек. Ливиянын аймагы эбегейсиз чоң, мамлекеттик структуралар иштебейт,- деди Жентилони.

Ал Ливиядагы кырдаал башка африкалык өлкөлөргө да коркунуч туудуруп жаткандыгын кошумчалады.

"Ислам согушчандары" тобунун желдеттери египеттик 21 христианды башын алып өлтүргөнү алып баратат.
"Ислам согушчандары" тобунун желдеттери египеттик 21 христианды башын алып өлтүргөнү алып баратат.

​Министрдин кооптонуусу жөн жеринен эмес. 15-февралда Италиянын деңиздеги чек арачыларына куралдуу адамдар сес көрсөтүшкөн эле. Бирок ал куралчандар дал ушул "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экендиги белгисиз.

Италиянын тышкы иштер министри ошондой эле былтыртан бери Ливиядагы кырдаалдын начарлашынан улам Италияга келген мигранттардын саны өскөнүн, бул өлкөдө мигранттарга каршы маанайды күч алдыргандыгын белгиледи.

"Ислам мамлекетин" изилдеген британиялык серепчи Чарли Уинтер да "Дейли Телеграф" гезитине, айрыкча Европанын түштүгүнө будуң-чаң салуучулар дал ушул Ливия аркылуу келиши мүмкүн экендигин жазды.

Христиандардын өлтүрүлүшүнө Египеттин өкмөтү Ливиядагы "Ислам мамлекети" уюмунун турумдарын бомбалоо менен жооп берди.

Ал эми Италиянын тышкы иштер министри маселе курал аркылуу эмес, саясий чечилиши зарыл деп эсептейт. Ошондуктан Жентилони Бириккен улуттар уюмуна Ливиядагы кырдаалды жөнгө салууну тездетүүгө чакырды.

Ливиядагы теракт болгон мейманкана. Анда үч кыргызстандыктын өмүрү кыйылган.
Ливиядагы теракт болгон мейманкана. Анда үч кыргызстандыктын өмүрү кыйылган.

"Ислам мамлекети" согушчан тобу Ливияда былтыр октябрда басмайылын бекемдеп алган эле. Ал кезде Ливиянын чыгышындагы Дерна деген шаардагы согушкерлердин тобу "Ислам мамлекетинин" кол башчысы Абу Бакир ал-Багдадиге кулдук уруп, багынып беришкен. Ошондон бери Ливиядагы чабуулдар үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу өзүнө ала баштады. Анын ичинде январдын этегиндеги баш калаа Триполидеги Коринтия мейманканасына кол салууну алар уюштурганын ырастады. Бул кол салууда Кыргызстандын үч жараны набыт болгону маалым. Ошол эле убакта Ливияда согушкер топтор сайдын ташындай болгондуктан, "Ислам мамлекети" тобу менен ымалаш куралчандардын Ливияда канчалык сөзү өтүмдүү экендигин айтуу кыйын.

XS
SM
MD
LG