Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Жеймс Мэттис АКШнын коргоо министри болду


Жеймс Мэттистин талапкерлигин АКШ сенаты колдоп берди. Добуш дээрлик бир ооздон берилди.

Мэттис АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын өкмөтүндөгү Сенат колдоп берген алгачкы мүчө. Мэттис отставкага кеткенине жети жыл болгонуна карабай, коргоо министри болуусуна мүмкүнчүлүк берген мыйзамга мурдараак президент кол коюп берген.

Жеймс Мэттис Ирактагы согушка катышкан генерал. Ал аскер теоретиги катары да кеңири таанымал.

Трамптын өкмөтүнө сунуш кылынган башка талапкерлерди Сенат жакынкы апталарда карашы күтүлүүдө. Демократтар айрым талапкерлерге каршы чыгышы ыктымалдыгы айтылууда. Бирок Сенатта республикачылар көптүк кылат, жалпы 100 орундун 52си республикачыларга таандык.

XS
SM
MD
LG