Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Израилде өткөн кылымдын башындагы армян кыргынын геноцид катары таануу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Өлкө парламенти бул маселени талкуулоого өкмөттүн каршылыгына карабай барды. Окуя Израиль менен Түркиянын мамилеси чыңалып турган учурга туш келүүдө. Өткөн аптада Францияда геноцид катары таанууну четке тангандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамдын жактырылышы Анкаранын кескин нааразылыгын жараткан.


Израил парламенти - Кнесеттин билим берүү жана маданият комитетинин жыйынына өкмөт өкүлдөрүнөн тышкары өлкөдөгү армян жана түрк жамаатынын өкүлдөрү да катышты. Жыйында кандайдыр бир чечим кабыл алынган жок, талкуулар улантылары гана айтылды. Бул сезимтал маселе Израил парламентиндеги комитет жыйындарында мурда да каралган. Бирок өлкөнүн коңшу Түркия менен саясий жана коопсуздук алакасы тыгыз экендиги эске алынып, андай жыйындар жабык эшик артында гана өтүүчү. Бул жолу угуу биринчи ирет ачык уюштурулду.

Израилдеги Армян улуттук комитетинин өкүлү Хагоп Севан бул окуяны Израилди армяндардын Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда ал кездеги Осмон империясы тарабынан кырылышын геноцид катары таанууга түртүп жаткан жергиликтүү армяндар үчүн “кичинекей жеңиш” деп атады.

Расмий Тел-Авив Түркия менен Израилдин мамилеси стратегиялык мүнөзгө ээ экендигин белгилөө менен мындай демилгенин ишке ашуусуна каршы болуп келген. Өкмөт өзүнүн расмий турумун эки тараптын мамилеси кескин начарлап кеткенден кийин да өзгөрткөн жок.

Алаканын начарлашына Түркиянын Газа секторуна гуманитардык жүк тартып бара жаткан кемелерине былтыр Израилдин коопсуздук күчтөрү жасаган жортуул учурунда тогуз түркиялыктын каза табышы, Анкаранын кечирим суроо жөнүндөгү талабын Тел-Авив аткарбаганы себеп болгон.

Израил Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ирит Лиллиан Кнессет комитетинде “Армян геноцидин жөөт калкынын таануу мүмкүнчүлүгү” деген соңку угууда буларды белгиледи:

-Азыркы учурда мен мындай таануунун олуттуу стратегиялык кесепети болот деп айта алам. Биздин Түркия менен алакабыз абдан морт жана кылдат. Тилекке каршы бизде бир нече айдан бери болуп келген кызыл сызыктан өткөргүдөй орун жок.

Парламенттеги угуунун демилгечиси болгон оңчул Улуттук биримдик партиясынын депутат Ария Эльдад жана солчул “Мерец” партиясынан депутат Зехава Галон мындай жүйөөлөрдү четке какты.

Ал эми Кнессеттин спикери жана премьер-министр Биньяминь Нетаньяхунун “Ликуд” партиясынын мүчөсү Рейвен Ривлининин айтымында, өз тарыхынан улам Израил геноцидди таанууга милдеткер:

-Менин турумум 1990-жылдан бери өзгөргөн жок. Анткени жөөт эли моралдык жактан дүйнөнүн башка калк кабылган кыйроону жээриген бөлүгү боло албайт.

Израил парламентиндеги талкуу алдында Францияда парламенттин төмөнкү палатасы армян геноцидин тангандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну караган мыйзам кабыл алган. Францияда армяндардын Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы кырылышы геноцид катары таанылган.

Француз парламентинин чечимин Түркия президент Николя Саркозинин шайлоо алдында упай топтоо аракети катары баалап, кескин айыптады. Атүгүл Парижден элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алганга чейин барды. Эки өлкөнүн аскерий жана ишкер алакаларына олуттуу кесепеттери тийерин эскерткен.

Президент Саркозинин “Элдик кыймыл үчүн биримдик” партиясы демилгечи болгон мыйзам эми парламенттин жогору палатасы - Сенатта каралуусу керек. Ал жерде оппозициядагы социалисттер үстөмдүк кылат.

Француз мыйзамынын негизги автору Валерие Бойе мыйзам жактырылгандан кийин өзү, балдары, ата-энеси коркутууларга кабылып жатканын айтып чыкты.

Батыштык тарыхчылардын көбү Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында Осмон түрктөрүнүн жетекчилери бир жарым миллиондой армянды жок кылууга жол берген деп эсептешет. Түркия мындай маалыматты четке кагып, андагы касташуудан миңдеген түрк мусулмандары да өлгөнүн жүйөө келтирет. Анкара бул маселени саясатчылар эмес, тарыхчылар такташы керектигине басым жасайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG