Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

Биз колдонуп жүргөн смартфон сыяктуу жаңы технологияларга керектелүүчү сейрек кездешүүчү металлдардын көпчүлүгү Кытайдан өндүрүлүп чыкканы белгилүү. Ал заттарды кайра иштетүү аймактын экологиясына чоң зыян келтирүүдө.

Таскагы катуу Кытай экономикасынын бир бөлүгүн өлкөдө сейрек кездешүүчү заттарды казып иштетүү түзгөнү белгилүү. Статистика боюнча дүйнөлүк базарга чыккан суюк кристалл металлдардын 95% Кытайдан өндүрүлүп чыгат жана ошонун жарымы өлкөнүн түндүгүндөгү Ички Монголиянын Баотоу шаарында тазаланып даярдалат.

Бул шаардан чыккан сейрек металлдардын көпчүлүгү айфон, фотоаппарат жана суюк экрандуу телевизор сыяктуу дээрлик бардык “акылдуу” электрондук буюмдарда маанилүү компонент катары колдонулат. Мисалы, дүйнө жүзү боюнча жасалып чыккан көпчүлүк смартфон же таблеттердин тачскрин (touch screen) экрандары ушул шаарда өндүрүлгөн церий оксидден жасалат.

Абанын булгануусу - ири шаарлардын башкы көйгөйү

Абанын булгануусу - ири шаарлардын башкы көйгөйү

Баотоу шаарынын тегерегинде сейрек баалуу металлдардын церий жана кадмийге окшогон ондон ашуун түрү өндүрүлүп иштетилип чыгарылат. Бирок аларды казып алып, тазалап чыгаруу үчүн уулуу заттар колдонулуп келет. Андыктан бүгүнкү күндө Баотоу шаарына жакын жерде дүйнөдөгү эң чоң уулуу саркынды көлмө пайда болгон.

1950-жылдарга чейин бул чакан шаарда болгону 100 миңдей калк жашаган. Бирок 80-жылдардан баштап Баотоу сейрек металлдарды иштетип чыгаруучу борборго айланып, учурда жашоочусу 2,5 миллионго жеткен.

Адистердин айтымында, Баотоу шаарында өндүрүлгөн металлдарды Жер шарынын башка бөлүктөрүнөн деле тапса болот. Бирок аларды тазалап чыгаруу үчүн уулуу кислоталар колдонулат, андыктан көп өлкөлөр аларды иштетип чыгууга анча кызыкдар эмес. Мисалы, бир тонна церий өндүрүүдөн эки тонна уулуу таштанды чыгат.

Бул шаарга жакын жерде уулуу таштанды көлмөнүн пайда болушу айланадагы айылдарга да чоң зыянын тийгизүүдө. Бул аймактын тургундары мал чарбачылык менен алектенгендиктен акыркы жылдары үй жаныбарлары ылаңдап, азайып баратканы маалым. Андан сырткары ал көлмөдөн уулуу заттар жерге сиңип, таза сууга жана дан эгиндерине да терс таасирин тийгизип келет. Акыркы жылдары бул аймактан рак оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүп жатканы да буга далил боло алат.

Смартфон сыяктуу жаңы технологияларды жасап чыгарган компаниялар бири-бири менен атаандашып, жыл сайын жаңы үлгүнү базарга чыгарып жатканы аталган заттардан чыккан уулуу таштандылардын ылдамдык менен көбөйүүсүнө түрткү болууда.

Маалыматтарга ылайык, акыркы жылдары көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдүн окумуштуулары жогоруда аталган металлдарды өндүрүүнүн жаңы жолдорун издеп, пайда болгон таштандыларды кайра иштетүү ыкмаларын изилдөөдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG