Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Обама Конгресстин чечимин "кооптуу прецедент" деп атады


Барак Обама
Барак Обама

АКШ президенти Барак Обама Конгресс анын 11-сентябрдагы теракттын курмандыктарынын туугандарына Сауд Арабиясынын өкмөтүн сотко берүүгө жол ачуучу мыйзам долбооруна койгон ветосун жойгонун катачылык деп атады.

- Эгер биз суверендик иммунитеттин бул түшүнүгүн алып таштасак, анда дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы биздин аскер кийимчен аялдарыбыз менен эркектерибиз ошондой аракеттин объектиси болуп калышы толук ыктымал. Бул кооптуу прецедент, - деди Обама.

Шаршемби күнү АКШ Конгрессинин Сенаты, андан кийин Өкүлдөр палатасы да көпчүлүк добуш менен америкалыктарга терроризмге көмөкчү деген өлкөлөрдү сотко берүү укугун ачуучу мыйзамды кабыл алышты.

Бул Барак Обама президент болуп турган мезгилдеги анын ветосун конгрессмендер ашып түшкөн алгачкы учур болуп калды.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуул үчүн айыпталган 19 адамдын 15и Сауд Арабиясынын жараны экени аныкталган. Бирок сауд бийлиги 3 миңдей адамдын өмүрүн кыйган ал чабуулдарга эч тиешеси жок экенин айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG