Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Мындан туптуура 50 жыл мурун АКШнын 46 жаштагы президенти Жон Фитцжеральд Кеннеди Техастын Даллас шаарында башына ок жеп, дүйнө салган. Андан бери жарым кылым өтсө дагы, Кеннединин өлүмүнүн табышмагы чечиле элек.

Кырк үч жашында Кошмо Штаттардын эң жаш президенти болуп шайланган демократ Жон Кеннеди Американын тарыхында жылдыздай жанган президент катары калды. Кеннеди үч жыл гана мамлекет башында турду.

1963-жылдын 22-ноябры. Жон Кеннеди жубайы Жаклин экөө түшкөн үстү ачык жеңил машина Далластын Элм-стрит көчөсүн аралап баратканда, президенттин кортежине эки жолу ок атылган.

- Президент Кеннеди өлтүрүлдү. Бул тастыкталды. Президент көз жумду. Аялдар нес болуп, айрымдар эс-учун жоготту. Чоңдор, коопсуздук кызматкерлери операция бөлмөсүндө баштарын көтөрө албай, көз жашын төгүп турушат. Бул жердеги акыбалды бир сөз менен айтканда, терең кайгыга чөмүлүп турат. Бир нече мүнөт мурун Кошмо Штаттардын президенти Жон Кеннеди көз жумду, - деген суук кабарды KBOX радиосунун жаңылыктарынын редактору Билл Хэмптон Далластагы Парклэнд ооруканасынан билдирген.

Кол салуудан бир жарым сааттан кийин шектүү делген Ли Харви Освальд аны токтоткон полиция кызматкерин атып өлтүрүп, өзү кинотеатрда жашынган жеринен кармалган.

- Булар эч кандай укуктук негизи жок эле мени кармашты. Мен эч кимди аткан жокмун, – деп танган Ли Харви Освальд полиция кармагандан кийин.

24 жаштагы Освальд аскер-деңиз флотунунда кызмат өтөгөн. 1959-жылы Советтер союзуна өтүп кетип, 1962-жылы АКШга кайтып барган. Ал өзүнүн күнөөсүз экенин айтканы менен лабораториялык тесттер президентке окту Освальд атканын тастыктаган.

Мындан эки күндөн кийин АКШны солк эттирген дагы бир окуя болгон. Освальд полициядан чыгып баратканда атылган. Аны түнкү клубдун ээси, кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар 52 жаштагы Жэк Раби аткан.

Освальд эмне үчүн мындай ишке барган жана аны өзү жалгыз кылганбы? Бул Советтер Союзу аралашкан кутум болгонбу же уюшкан кылмыштуу топтун колунан келгенби? Буга кайдан Раби аралашып калды? Бул суроолор жоопсуз калган. Анткени соттук териштирүү үч жылдан кийин, абакта жаткан Рабинин өпкө рагынан көз жумушу менен аяктаган.

Бир катар комиссиялар, анын ичинен Уоррендин мамлекеттик комиссиясы Кеннединин өлтүрүлүшүн иликтеп, 1964-жылы кылмышты Освальд жалгыз жасаган деген бүтүм чыгарган. 1978-жылы Эл өкүлдөр палатасынын атайын өлтүрүүлөр боюнча комитети “кутум болушу мүмкүн” деп, бирок Освальддан башка эч кимди аныктай алган эмес.

Бүгүн дагы миллиондогон америкалыктар үчүн Жон Кеннедини ким өлтүрдү деген суроо так жоопсуз турат. Associated Press агенттигинин сурамжылоосу ага катышкандардын 59% кутум болгонуна ишенээрин көрсөттү.

Освальд Минскте

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG