Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Киев кайра толкуду


Киевдеги митингден көрүнүш, 1.12.2013
Киевдеги митингден көрүнүш, 1.12.2013

Украинанын оппозициядагы "Свобода" партиясы өз мүчөлөрү Киев мэриясынын кеңсесин ээлешкенин билдирди.

Жекшембиде борбор шаарда чогулган демонстранттар эрте шайлоо өткөрүүнү жана президент Виктор Януковичтин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Жума күнү Вилнюстагы саммитте Украина жетекчилиги Евробиримдик менен ассоциация түзүү тууралуу келишимге кол коюдан баш тарткандан кийин евроинтеграциянын колдоочуларынын акциялары күчөгөн.

Оппозициядагы “Свобода” партиясынын лидери Олег Тягнибок борбор шаарда өткөн нааразылык акциясынын он миңдеген катышуучусуна кайрылуусунда партиянын мүчөлөрү мэриянын имаратын ээлкешкенин айтып, жалпы улуттук иш таштоого чакырды.

Партиянын дагы бир мүчөсү Юрий Левченко болсо мэрияны ээлеп алганды мындайча түшүндүрдү:

- Шаар администрациясынын имаратына жылынып, дааратканага барып, бир аз эс алуу үчүн кирип барганбыз. Биз кыйраткычтар эмеспиз. Кире бериштеги чоң зал менен биринчи кабаттагы корридорлордон ары барган жокпуз.

Айрым маалымат каражаттары президенттик администрация жайгашкан имараттын жанында “Ыңкылап!” деп ураан чакырган демонстранттар менен полициянын чакан кагылышуулары болгонун, белгисиз бирөөлөр көздөн жаш агызчу газ колдонушканын кабарлашууда.

“Эгемендик” аянтындагы демонстранттардын саны 100 миңден ашты.
Ишембиде аянттагы нааразылык акциясынын катышуучуларын полиция күч менен кууп таркаткан.

АКШнын Украинадагы элчилиги демонстранттарга каршы күч колдонууну айыптап, өкмөттү жарандык коомдун укуктарын урматтоого чакырды.

Президент Янукович дагы окуяны айыптап, күнөөлүүлөрдүн жазаланаарына убада берди.

Киев ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олга Билык мэрия имаратын демонстранттар ээлешкенин бышыктап, күч органдарынын жетекчилери адамдар менен сүйлөшкөнүн билдирди.

Мурдагы ички иштер министри, учурда оппозициядагы “Үчүнчү Украин жумурияты” партиясынын лидери Юрий Луценко “Бул митинг же акция эмес. Бул – ыңкылап”, - деди.

“Удар” партиясынын жетекчиси, бокс боюнча дүйнө чемпиону Виталий Кличко демонстранттарды провокацияларга алдырбоого чакырды.

Оппозициянын ырастоосунда, тынч акцияга катышкандардын арасында зордук-зомбулукка тукурган чагымчыл топтор жүрөт.

Кээ бир кабарларга караганда, президенттин кеңсеси жайгашкан имараттын айланасындагы элге карай бир топ бульдозер айдап жөнөгөн. “Азаттыктын” украин редакциясы митингчилер оор унааны токтотушканын маалымдады.

Орусиянын ИТАР-ТАСС агенттиги демонстранттардын тобу Киевдеги Профсоюздар үйүн ээлешкенин кабарлады.

Массалык нааразылыктар өлкөнүн башка шаарларында да болгону маалымдалды.


Киевдеги ири митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Президент Виктор Янукович коопсуздук кеңешинин катчысы, ички иштер министри, Киев шаар администрациясынын башчысы жана башка расмий адамдар менен баш калаанын четиндеги резиденциясында чукул жыйын өткөрдү.

Ага чейин президент Европа биримдиги менен жакындашуу багытын уланта берээрине ишендирген. Анын кечээки билдирүүсүндө айтылгандай, бул процессти тездетүү үчүн мамлекет башчы болгон күчүн жумшайт.

XS
SM
MD
LG