Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Пентагон: Ливияда "ИМдин" ондогон согушкерлери жок кылынды


АКШнын кызмат мөөнөтү 20-январда аягына чыккан коргоо министри Эштон Картер.
АКШнын кызмат мөөнөтү 20-январда аягына чыккан коргоо министри Эштон Картер.

Ливиядагы террорчулардын болжолдуу уюктарына жасалган аба соккулардын жыйынтыгында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун ондогон согушкерлери жок кылынды. Бул тууралуу 19-январда Пентагон маалымдады.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер Сирт шаарынын жака-белиндеги эки лагерге урулган аба соккулардан жок кылынгандар Европада террордук чабуулдарды пландап жатышканын айтты.

- Биринчиден, Ливияда биздин Африкадагы командачылыгыбыз Сирттин түштүк тарабында жайгашкан “Ислам мамлекети” террордук уюмунун эки лагерине аба соккуларды урушту. Алгачкы маалыматтарга караганда, чабуулдардан 80ден ашуун согушкер жок кылынды. Алар негизинен “Ислам мамлекети” уюмунун жана башка өткөн жылы Сирттен сүрүп чыгарылган майда экстремисттик топтордун мүчөлөрү болгон. Ал операцияда да биз Ливиянын күчтөрүнө колдоо көрсөткөнбүз.

Пентагондун маалымат катчысы Питер Куктун айтуусунда, Сиртке жакын жерде жашырынып жаткан согушкерлер “Ливияга, аймакка жана АКШнын улуттук кызыкчылыктарына коркунуч жаратып жатышкан”.

XS
SM
MD
LG