Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

МакКейн институтунун жетекчиси жана АКШнын НАТОдогу мурдагы элчиси Курт Волкер Ооганстандан НАТО күчтөрүн 2014-жылы толугу менен чыгарып кетүү өлкөнү катастрофага жеткирүүсү мүмкүн деп баалайт. Ал ошондой эле Кошмо Штаттардын Ооганстандагы миссиясы тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди. Элчи менен Абубакар Сыдык маектешкен, кыргызчага которгон Алия Суранова

- Биринчиден НАТОнун Ооганстандагы эң негизги максаты өлкөдөгү коопсуздукту камсыздап берүү жана Ооганстан талибдердин жеңил оокаты болуп калбоосу үчүн бардык чараларды көрүү эле. Бул миссия аткарылдыбы?

- Азыркы учурда бул миссия аткарыла элек деп ойлойм. Ага жетүү, аткаруу оңой эмес экен. Бул максатка жетүү үчүн өлкө ичиндеги коопсуздукту камсыздап берген оогандык лидерлер керек экен. Өлкөнүн ички коопсуздугун сырт жактан сактоо мүмкүн эмес. Биз жардам бере алабыз, бирок негизги аракеттер ооган тараптан болушу керек эле. Ошол себептен акыркы жылдары биз ооган коопсуздук кызматтарын даярдадык, оогандарга жакшыраак бийлик жүргүзүүгө, экономиканын туруктуу өнүгүү ишине дагы жардам бергенге аракет кылдык. Бул иштер жакшы жүрүп жатат. Бирок мен узак жана зарыл жолду басып өттүк деп эсептебейм. Бизге дагы убакыт керек.

- Ошентсе да, Вашингтондо чечиле турган “Нөл варианты” боюнча маалыматтар түшүп жатат. Ага ылайык Ооганстанда АКШнын аскер күчтөрү болбойт экен. Бул Ооганстандын келечегине кандай таасирин берет?

- Бул кыйроо деп ойлойм. Жеке мен өзүм “Нөл вариантынын” келечегине жана реалдуулугуна ишенбейм. Мындай чечимди АКШ кабыл албайт деп ойлойм. Менимче Ооганстандын аскерий күчтөрүн даярдоо жана аларга колдоо көрсөтүү улантыла берет. Бирок эгер “Нөл варианты” кабыл алынса деле, ооган аскер күчтөрү кыйла жакшырып калганына карабастан, алар өлкөнүн ички коопсуздугун өз алдынча сактоого азырынча күчү жете элек. Талибдер түштүк менен чыгыштан кирип келишип, жаңы согуш очокторун тутандырышат. Бул өтө тобокелге барган кадам жана мындай чечим кабыл алынбашы керек.

- Сиз 1988-жылы Ооганстандан чыгарылган Советтер Союзунун аскер күчтөрү менен азыр чыгарылары күтүлгөн АКШ аскер күчтөрүнүн кандайдыр бир окшоштуктарды байкаган жоксузбу?

- Өтө деле эмес, анткени бул жерде чоң айырма бар. Советтер Союзу Ооганстанга өз үстөмдүгүн киргизүү жана өз пайдасы үчүн кирген. Америкалык күчтөр болсо өлкөдө ооган элине коопсуздукту жана өз бийлигин орнотууга жардам берүү үчүн жүрүшөт. Советтик аскер күчтөрү можахеддердин кысымынан улам өлкөдөн кетүүгө мажбур болушкан. Бул кадам ар кандай ооган урууларынын коомдук колдоосуна ээ болгон. АКШны алсак, биз кандайдыр бир прогресске жеткенибизди сезип жатабыз жана биз өз күчтөрүбүздү чыгарып кетсек, негизинен өлкөнүн өнүгүүсү уланат. Ошондуктан бул жолу аскер күчтөрүнүн чыгарылышынын себеби тап-такыр башка. Ошондой эле ооган элинин көпчүлүгү акыркы 10 жылда абал жакшырганын белгилеп келишет. Бизде бир эле тобокелдик бар - баштаган ишти аягына чыгарбай калуу. Биз жардамдашкан иштер эл аралык коомчулук кеткенден кийин деле уланып кетет деп ишенүүгө бизде жетиштүү убакыт болбой жатат.

- Саясий жана дипломатикалык багытты алсак, жакында эле талибдтер менен сүйлөшүүлөр жөнүндө айтылды. Ооганстан үчүн талибдер менен элдешүүдөн башка стабилдүү чечим барбы?

- Ооба, балким, бирок мен муну башкача айтат элем. Талибдердин так максаты бар. Ал өлкөнү басып алуу, өкмөттү кулатуу, Конституцияны жокко чыгаруу жана исламдык башкаруунун экстремисттик формасын киргизүү менен бүтүндөй өлкөнү ислам багытына буруу. Алар бүгүн ошол максатка жетүүдө кандайдыр бир прогресстер бар экенин сезип жатышат жана бул жолду алар улантышат. АКШнын аскер күчтөрү Ооганстанда азайып баратканын көрүп жатышат жана азыркы өкмөт калк арасында жакшы колдоого ээ эмес экенин билишет. Алар албетте, 2014-жылы шайлоо экенин да билишет. Алардын оюнда, мезгил талибдер тарапта. Бул талибдердин элдешүүгө кызыкдар эмес экендигин билдирет. Алардын көңүлү бар болсо, азыр эле жаңы Ооганстанды куруу процессине кошулуп, Конституцияны колдоп, эркин шайлоого катышып, азыркы коомдун бөлүгү болушмак. Бирок алар бул нерселерди каалашпайт. Алар коомду башкаргылары келет, анан өз жолунда кичине ийгиликтерге жете баштаган соң, элдешүүнү каалашпайт. Бул биз ооган эли жана эл аралык коомчулук күчтүү Ооганстанды куруу ишибизди уланта беришибиз керек дегенди билдирет. Ооганстанды талибдердин басып алуусунан сакташыбыз керек.

- Сиздин талибдерге карата көз карашыңыз бир аз эскирип калгандай сезилген жокпу? Себеби талибдер жакында тараткан билдирүүсүндө алар бир гана Ооганстанды көздөгөн топ экенин так айтышты. Ооба, алар исламдык Ооганстанды жана өз өкмөтүн курууну каалашат, бирок бир гана Ооганстанды айтып жаткансыйт.

- Оогандык талибдер тууралуу айтсам, ооба, алар азыр Ооганстанды басып алууну жана ал жерде өздөрүнүн катаал эрежелерин орнотууну көздөшөт. Алар 10 жылдан бери пакистандык талибдердин колдоосун көрүп жатышат. Эгер оогандык талибдер Ооганстанда же анын бир гана бөлүгүндө, түштүгү же чыгышы болобу өз бийлигин орнотуп алышса, анда пакистандык талибдерге ошол жерден баш калка берип, колдоо көрсөтө башташат. Пакистандык талибдер азыр Исламабаддагы бийликти кулатып, исламисттик башкарууну орнотууну көздөп жатышат. Ошондуктан бул кырдаалда тобокелдер өтө көп. Талибдер мурун бийликте турган кезинде жана азыр согушкер күчтөр катары өздөрүн кантип көргөзүп жаткандыгын карап жүрүшүбүз зарыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG