Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

БУУ: Аялдарды кордоого чогуу бөгөт коёбуз


Бүгүн “Зомбулукту токтотобуз: ар бир бүлөнүн бейпилдиги - Кыргызстандын бейпилдиги” деген ураан астында 16 күндүк өнөктүк башталды.


Улуттар Уюмунун баш катчысы Бан Ги Мун аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуунун эл аралык күнүн утурлап тараткан билдирүүдө “Биргелешип аялдарга карата зомбулукту токтотобуз” деген ураан менен 2008-жылы башталган атайын өнөктүк улантыларын жарыялады.

Кыргызстанда бул ирет “Зомбулукту токтотобуз: ар бир бүлөнүн бейпилдиги - Кыргызстандын бейпилдиги” деген аталыштагы иш чара башталды. Анын негизги максаты – жаңжал маалында жана андан кийин аялдар кирептер болгон зордук-зомбулукту, анын ичинде үй бүлөдөгү ур-токмокту токтотуу болуп саналат.

2010-жылы өлкө түштүгүндөгү этникалык кагылышта бейкүнөө аялдар менен кыздар көп жабыр тарткан. Азыркы бейпил күндөрдө болсо зордук-зомбулуктун түрдүү өңүтү дагы деле уланып, ал тургай өсүп бараткандыгын атайын адистер белгилейт.

Аялдардын укугу тепселип, зордукка кабылышы алардын жеке турмушун гана бузбастан, коомдогу жалпы туруктуулуктун алсырашына кедергисин тийгизет. Маселен, Кыргызстанда балакатка жете электе никеге тургузуу, кыз ала качуу, көп аял алуу, ал эми июндагы жаңжал маалында сексуалдык зордуктоо көбөйгөн.

Жыл сайын 25-ноябрда Аялдарга каршы зордук-зомбулукту токтотуунун эл аралык күнү башталган өнөктүк 10-декабр - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин уланат. 16 күндүк иш чара дүйнө калкын адам укуктарын урматтоо менен гендердик теңчиликке жетүүгө чакырат.

“Азаттык” үналгысы Улуттар Уюмунун Гендердик теңчилик жана аялдарды коргоо программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган 2011-жылдагы улуттук өнөктүктүн медиа шериги болууда.

XS
SM
MD
LG