Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Январь айынын башында өз тууганы мыкаачылык менен ыдык көрсөткөн эки жашар наристе оор абалда ооруканага түшүп, али да эсине келе элек.

27-январда Нарында бир жылдан бери 28 жаштагы кишинин сексуалдык зомбулугуна кабылган сегиз жашар кыздын окуясы да коомду дүрбөттү.

Айрыкча акыркы мезгилде үрөйдү учурган кылмыш иштеринин бети ачылып, коом балдарды кордогондорду кандай жазалаш керек деген маселени талкуулоодо.

Канткенде балдарга карата зордук-зомбулукту жойсо болот? Бул жаатта өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы кандай?

Бишкектеги №3 балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын соңку маалыматына караганда, 2014-жылы аларга катуу запкы жеген 52 бала келип түшкөн, булардын ичинен жетөө сексуалдык зомбулукка кабылган.

Балдар коопсуздугуна арналган "Азаттыктын" "Өңүт" берүүсүнүн биринчи бөлүгүн төмөнкү шилтемеден угуңуз:

Адистердин маалыматына таянсак, Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук соңку бир же жарым жылда эле өсүп кетти деп айтууга болбойт. Мындай жүрөк өйүгөн окуялар дайым болуп келген, соңку кезде интернеттин жана социалдык тармактардын жайылышы менен көптөгөн фактылар ачыкка чыгып, коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, кыргыз бийлиги чара колдонууга камылга көрө баштагандай.

Бишкектеги “Жаш укук коргоочулар тобунун” балдарды коргоо боюнча координатору Ольга Коржованын айтымында, Кыргызстанда ата-энелердин же туугандардын балдарга жасаган орой, кайдыгер мамилеси көнүмүш адатка айланып, атургай улуттук менталитеттин бир бөлүгү сыяктанып бараткандай:

- Албетте бул нерселердин элдин менталитетине жана башка маданий өзгөчөлүктөрүнө байланышы бар. Бирок балдарга карата зордук-зомбулук күчөгөн жагынан Кыргызстан жалгыз өлкө эмес. Өнүккөн мамлекеттерде деле мындай көрүнүштөр бар. Негизи балдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы күрөшүүгө акыркы он-он беш жылда гана маани бериле баштады. Албетте айрым өлкөлөр бул боюнча жакшы ийгиликтерге жетишип, алдыга кетти. Бизде эми гана калыптанып жатат десек болот.

Мындай жагымсыз көрүнүш менен күрөшүп, жакшы ийгиликке жетише алгандардын бири деп Ольга Коржова бир кезде социалисттик өлкө саналган Польшаны белгиледи.

ЮНИСЕФ уюмунун өткөн жылдын ноябрында чыккан докладында дүйнөдө ар беш мүнөт сайын зордук-зомбулуктан бир наристе жарык менен кош айтышары жазылган. Мындай нерсе согуш жүрүп жаткан Сирия же Сомали сыяктуу өлкөлөрдө гана эмес, тынч турмуш улаган мамлекеттерде да болуп жатканы белгиленет. Запкы жеген балдардын саны Африка, Азия жана Латын Америка өлкөлөрүндө абдан жогору.

Маселен, Африка континентиндеги эң бакубат өлкөлөрдүн бири - Түштүк Африкада балдардын кырк пайызы үй-бүлөдө зордук-зомбулукка кабылганы аныкталган.

Казакстанда 2013-жылы 734 адам расмий түрдө бала тарбиялоодо өз жоопкерчилигин аткарбаганы үчүн ата-энелик укугунан ажыратылган, балдарына жасалган зордук-зомбулук үчүн 34 кылмыш иши ачылган.

Ал эми Орусияда 2013-жылы бир жарым миң бала жакын адамдарынан ыдык көрүп, жабыркаган. Беш жүздөй бала ата-энелеринен запкы жеп, жарык дүйнө менен кош айтышкан.

ЮНИСЕФтин докладында балдарга каршы кылмыштын алдын алуу менен алектенген жана бул боюнча так статистика жүргүзгөн өлкөлөрдө зомбулукка кабылган наристелердин саны дээрлик аз, орто эсеп менен жети пайызды гана түзөрү белгиленген. Тизме башында Европа мамлекеттери, АКШ, Канада, Жапония, Түштүк Корея жана Австралия сыяктуу өнүккөн өлкөлөр турат.

Германияда жашаган мекендешибиз Раида Баймонкоева алты жылдан бери немис үй-бүлөлөрүнүн бала багуу, тарбиялоо жана баланын коопсуздугун камсыздоо маселелерин иликтеп келет. "Бул өлкөдө балдардын коопсуздугун караган атайын мамлекеттик уюм бар", - деди Раида Баймонкоева:

Раида Баймонкоева

Раида Баймонкоева

- Бул жакта Jugendamt деген балдарды коргогон мамлекеттик уюм бар. Мен өзүм мектепке практикага барганда көргөм, эртең менен балдарды тегерете отургузуп алып, жыйын өткөрүшөт. Мугалим ар бири менен баарлашып, үйдө эмне кылганын, ким менен сүйлөшкөнүн сурайт. Ошол жерден эле айрым балдар ыйлап жиберишет. Бул жакта деле ата-энелер балдарын урган учурлар болот. Мугалим Jugendamt уюмуна дароо кайрылат. Ал жактан баланын айткандарынын чын-төгүнүн териштиришет. Эгер чын эле ошондой болсо жана мындай факты бир үй-бүлөнүн ичинде бир нече жолу катталганы аныкталса, баланы алып кетишет. Негизи бала багууда немистер аябай жоопкерчиликтүү. Балдарын өзүн-өзү коргоону кичине кезинен үйрөтүшөт. Күнүмдүк жашоосундагы ар кандай жагдайларды айтып берип, мисал келтиришет. Мектепте да өзүн-өзү коргоо курстары бар. Ага ата-энелер акча төлөп окутушат.

Эл аралык практикадагы мисалдарды улантсак, Жапонияда балдардын зордук-зомбулукка кабылганы тууралуу жаңылыктар медиа каражаттарында өтө сейрек кездешет. Токиодо он жылдан ашуун жашаган чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев жапон элинин "бала кулак менен эмес, көз менен чоңоет" деген макалын айтып, сөз учугун улады.

Сейтек Качкынбаев

Сейтек Качкынбаев

- Жапонияда үй-бүлөдө зордук-зомбулук көргөн бала тууралуу өтө сейрек угасың. Балким бир жылда бир жолу баласын ачка калтырыптыр же чаап коюптур деген жаңылык чыгышы мүмкүн. Негизи бул жакта балдар кадимки чоң адамдардай болуп, коомдо өзүн алып жүргөндү билет. Жапондор “бала кулак менен эмес көз менен чоңоет” деген макал менен тарбиялашат. Демек тегерегиндеги чоңдордун жүрүм-туруму кандай болсо, балдар да ошолорду көрүп чоңоет экен. Мисалы, "уруулук кылба, калп сүйлөбө" деген сөздөрдү айтып, өзүң андай кылбасаң балага таасир этпейт экен. Бала бакчада же мектептерде балдарга атайын ышкырык берилет. Эми азыр телефон деле бар дечи. Ошентсе да бир нерсе болсо бала дароо ышкырышы керек. Бирок мен он жылдан бери ышкырыктын үнүн уга элекмин.

Борбор Азия чөлкөмүндө балдарга карата зордук-зомбулук боюнча так жана туура маалымат айтуу кыйын дешет адистер. 23-январда президент Эмомали Рахмон тажик парламентиндеги кайрылуусунда балдар омбудсменин киргизүү демилгесин көтөрдү. Рахмондун сунушун өлкөнүн омбудсмени Зариф Ализода колдоп, балдар укуктары боюнча орган түзүү өтө маанилүү экенин билдирди.

Ушундай эле сунушту Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да өткөн жылдын сентябрь айында киргизген.

Кыргызстанда балдар укуктары боюнча омбудсменди киргизүү сунушун 2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова көтөрүп, бирок бул сунуш колдоо тапкан эмес. Депутат Айтматова үрөй учурган соңку окуялардан кийин бул демилгени кайра иштеп чыгып, коомчулукка алып чыгарын "Азаттыкка" курган маегинде айтты:

- Балдар омбудсмени кызматын киргизүүнү сунуштап жатып, наристелердин коргоочусу, алардын үнүн уга турган адам пайда болушун каалагам. Биздин башкы укук коргоочулар саясий куугунтукка туш болгондорго, Батукаев жана башкаларга алаксып кетүүдө. Кыргызстанда негизи эле адам укуктары абдан саясатташып кеткен. Мындан ар бир адам саясат жасайт. Ал эми балдарды алсак, алардан саясат жасоо абдан кыйын. Балдар саясатчылар үчүн кызыксыз тема.

Ширин Айтматова

Ширин Айтматова

Албетте мен сунуштаганда балдар омбудсмени тууралуу мыйзам бир аз чийки эле. Мен да анда депутаттык ишке жаңы киришкем. Бирок демилге жакшы болгон деп ойлойм. Азыр мен аны кайра иштеп чыгууну көздөп жатам, абалды түп-тамырынан өзгөртө тургандай мыйзам кылып, депутаттык мөөнөтүм бүткөнчө парламенттин кароосуна сунуштайм.

"Азаттык": Өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу деги үй-бүлө институту эмне болуп жатат деп ойлойсуз? Эмнеге айрым баалуулуктар өз актуалдуулугун жоготууда?

- Кыргызстанда көптөгөн үй-бүлөлөр ар кандай стресске, ар кыл соккуларга көп кабылат. Адеп-ахлак баалуулуктарын жоготуу бир гана конкреттүү үй-бүлөдө эмес, жалпы эле коомдо терең жайылууда. Күнүмдүк турмушта айрым адамдар өздөрү эмне кааласа, ошонун баарына жол берип жатышат. Тагыраак айтканда, көз карандысыз Кыргызстандын калыптануу учурунда коомдо эмне болуп жатса, ошонун баары үй-бүлө институтуна да таасирин тийгизүүдө.

Депутат айым ар бир кыргызстандык, бийлик, диний институттар, жарандык коом, үй-бүлө, мектеп - бардыгы тең балдардын коопсуздугу үчүн бирдей жоопкерчиликтүү экенин белгилейт. Кыргызстан өз балдарын, кийинки муундун коопсуздугун кантип сактап, чоңойтуп-тарбиялоо үчүн кандай чараларды көрөт аны алдыдагы келечек көрсөтөт.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG