Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Дүйнөдө азык-түлүк, өзгөчө дан баасы күз жакындаган сайын кайрадан көтөрүлө баштады. Мындан улам 2007-2008-жылкыдай азык-түлүк кризисинин кайталанышы айрым өлкөлөрдө ач-жылаңачтарды көчөгө кайрадан чыгарышы мүмкүн деген кооптонуулар да айтылууда.

Азык-түлүк жана айыл чарба боюнча дүйнөлүк уюмдун эсебинде, август айынынын башына карата азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын жалпы индекси 6 пайызга жогорулады.

Июлдун жыйынтыгы менен индекстин көтөрүлүшүнө, жогорудагы уюмдун айтымында, буудайдын жана канттын баасынын көтөрүлүп кетиши себеп болду.

Ага катар Кошмо Штаттарда акыркы жарым кылымдагы эң оор делген кургакчылыктын таасиринен улам жүгөрү түшүмүнүн аз болору, бул дандын дүйнөлүк баасын июлда 17 пайызга көтөрдү.

Ал эми кант баасынын кымбатташына анын эң ири экспорттоочулары Бразилия, Индия, Австралияда түшүмдүн аздыгы салым кошту. Азырынча азык-түлүктүн көп өлкөлөр стратегиялык деп эсептеген түрлөрү ичинен күрүчтүн гана баасы анча өзгөрбөстөн турат.

АКШдагы кургакчылык

Дүйнөлүк дан базарында башкы оюнчулардын бири болгон АКШнын айыл чарба министрлиги да быйылкы түшүмдүн көлөмү боюнча болжолун азайтып, келерки жылга баа жогоруларын белгилеген.

Кургакчылыктан улам АКШда британдык “Financial Times” гезити жазгандай, фермерлер Европанын Бельгия жана Люксембург өлкөлөрүн кошкондогудан чоң аймактагы дан эгиндеринин түшүмүнөн кур жалак калышкан.

Андыктан дүйнөлүк оюнчулар саналган өлкөлөрдө түшүмдүн начар болуп калышы, өз кезегинде экспорттук бааны көтөрүп, азык-түлүктү сатып ичкен мамлекеттердин абалын татаалдаштырат.

Негизи өзү бай өлкөлөрдө калк азык-түлүк үчүн тапкан кирешесинин 10% коротсо, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч 40 пайызга чейин чыгып кетет.

Мурдагы катаны кайталабоо

Дүйнөлүк Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Консопсион Калпе “Азаттыкка” дүйнөлүк базардагы быйылкы кырдаалды мындайча чечмеледи:

- Бизде түшүм гана аз болбостон, базардагы суроо-талапты канааттандырыш үчүн кампадагы азык-түлүк корлорун чыгарууга туура келет. Демек кырдаал жакшы эмес. 2007-2008-жылдары кризис дан түшүмүнүн гана аздыгынан эмес, базардагы дүрбөлөңдөн, адам аракетинин натыйжасында келип чыккан. Көптөгөн өкмөттөр экспортко чектөөлөрдү киргизүүгө өтүшкөн. Ушул өңдөнгөн чаралардын баары кризисти жараткан. Ооба, бүгүн да түшүм начар. Бирок биз 2007-2008-жылдардагы катачылыкка жол бербешибиз абзел.

Буудай баасы эки эсе өскөн 2007-2008-жылдардагыдай азык-түлүк кризисинин кайталануусу, жакыр-жалчылардын көчө тополоңдорун жаратышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда. Андагы азык-түлүк кризисинде көчө тополоңдору жыйырмадай өлкөдө кайталанган экен.

Ушундан уламбы британдык Financial Times басылмасы жазгандай, Чоң жыйырманын тобуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрү бул аптада жабык жыйын курушту жана сентябрдын аягы, октябрдын башынан кеч калбай баа кымбатташына каршы чараларды көрүү үчүн атайы жыйын чакыруу сунуш кылынууда.

2007-2008-жылдардагы кризистин сабактарынан кийин Чоң жыйырманын тобу былтыр Франциянын демилгеси менен Айыл чарба базар маалымат системасын түзгөн эле. Базарда адаттан тыш кырдаал жаралса, чечим кабыл алуу деңгээлиндеги өкүлдөр ортосунда күн мурунтан талкуу өткөрүү макулдашкан.

Андыктан Чоң жыйырманын алдыдагы конференциясында 2007-2008-жылдардагыдай кадамдар жасабоо күн тартибиндеги башкы маселе болот.

Анткени ар өлкөнүн өз көмөчүнө күл тартып, экспортту чектеши, ички базарын коргошу кайра тескери таасир берип, эл аралык базарда баанын көтөрүлүшүнө, соодагерлердин дүрбөлөңгө түшүүсүн шарттаган эле.

Кыргызстан импортту көбөйттү

Буудайдын түшүмү аз болгондуктан Кыргызстан да быйыл данды тыштан жылдагыдай да көбүрөөк импорттоого аргасыз.

Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Жумабек Асылбеков “Азаттыкка” буларды айтты:

- Былтыр ушул убакытка карата болгону 139 миң тонна буудай импорттогонбуз. Быйыл 262 миң тонна ташып келип койдук. Былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп импорттодук. Ундан былтыркыдан 10 миң тонна көп импорттолду. Былтыр жети ай ичинде 55 миң тонна келген, быйыл 65 миң тонна болду. Эгер мурда бир жылда буудай менен унду бирге караганда, 350 миңден 400 миң тоннага чейин импорттосок, азыр жети айдын жыйынтыгы менен эле 400 миңге жакындап калды. Жылдын аягына чейин дагы көбөйөт. Биздин өзбүздүн керетөө 900 миң тоннанын тегергинде. Анын 500 миң тоннага жакынын сырттан ала турган болуудабыз.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү Асылбек Жумабеков “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, Кыргызстан буудайдан тышкары өзүн-өзү быйыл да кант жана өсүмдүк майы менен камсыздай албайт.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстандан импорттойт. Коңшу өлкөнүн айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, аларда түшүм быйыл былтыркыдан 1 миллион тоннага азыраак, 13 миллион тоннанын тегерегинде болору күтүлүүдө.

Дандын эң ири экспорттоочуларынын бири Орусияда да эксперттердин айтымында, түшүм 2010 – кургачылык жылындагыдай болот. Башкача айтканда 75-80 миллион тонна дан, анын ичинде 40-42 миллион тонна буудай жыйналат. Түшүмдүн аздыгы өз кезегинде, агрардык базардын коньюктурасы институнун болжолунда, нан азыктарынын баасы 15-20 пайызга кымбатташына алып барат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG