Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Жураев: Обама Сауд Аравияны "эстен чыгарды"


Cаясат таануу боюнча докторант-изилдөөчү Эмилбек Жураев, Мэриленд, АКШ
Cаясат таануу боюнча докторант-изилдөөчү Эмилбек Жураев, Мэриленд, АКШ

Барак Обаманын "Араб жазы" боюнча сөзүнө улай Мэриленд университетинин саясат таануу боюнча докторанты Эмилбек Жураев "Азаттык" менен ой бөлүштү.

Чындыгын айтканда президент Обаманын бүгүнкү сөзүндө так, конкреттүү нерселер айтылган жок. Бирок саясий жагынан алганда маанилүү сөз болду.

Өзгөчө Египет менен Туниске токтолуп, демократиялашуу бул кыйын жол экенин, демократиялык шайлоолорду өткөрүү чоң талап, аларды колдоо керектигин айтты. Буга АКШнын гана эмес Европа, жана башка регионалдык күчтөрдүн көп тараптуу колдоосу керектигин белгилеп өттү.

Президент Барак Обама сөзүн "ал-Кайида" лидери Усама бин Ладендин өлүмү менен баштады. Белгилей кетчү нерсе - бул жаатта позитивдүү жылыш болуп жатканы айтылды.

Обаманын Тунис, Египет, Йемен, Бахрейндеги демократиялык элдик көтөрүлүштөрдү белгилеп, Жакынкы Чыгыштагы өзгөрүүлөр экстремисттик террордук жолдор менен ишке ашпай тургандыгын карапайым эл өзү да түшүнүп жаткандыгын айтканы болду.

Андыктан Обама демократиялуу жол менен гана ишке ашкан өзгөрүүлөр алгылыктуу жана туруктуу болоорун жергиликтүү калк түшүнгөнүн канааттануу менен белгилеп кетти.

АКШ-Мусулман дүйнөсү: ортодо ажырым азаябы?

Президент Обама бул ажырымдын бардыгына Жорж Бушка караганда көбүрөөк токтолуп жүрөт. Өзгөчө акыркы эки жылда, анын ичинде Каирде туруп сүйлөгөндө Обама эң негизги көңүлдү ушуга бурган болчу.

Азыркы учурда Обама администрациясынын саясаты дүйнөлүк саясаттын алкагында бир топ кыйынчылыктарга учурап жатпайбы. Палестин-Израил ортосундагы уруштун жөндөлүшү дагы деле канааттандырарлык эмес, ал тургай бир топ коркунучтарга дуушар болуп турат.

Сирия, 18-май, 2011-жыл
Дагы бир катар өлкөлөрдө Обаманын өкмөтү Бахрейн, Сауд Аравия, Йемен, Сирияга жакшы көңүл бурбай, АКШга ыңгайлуу гана жерлерде демократиялык реформаларды колдоп жатат деп сындап жатышат. Анын артынан Обама эки маданияттын, эки диндин, өлкөлөр ортосунда тирешүүлөр, түшүнбөстүктөр бар экенин моюнга алды.

Бирок ага карабастан "биз алдыга карай мамилелерибизди оңдойбуз, адам укуктары, саясий реформалоо боюнча кызматташтык өтө маанилүү" деп белгилеп кеткенин себеби ушунда болсо керек.

Барак Обама Сауд Аравияны "эстен чыгарды"

Б.Обама ыңкылап баскан өлкөлөрдүн дээрлик бардагына токтолуп, кыскача мүнөздөп өттү. Алардын катарында Сауд Аравиясы айтылган жок. Бахрейн, Йеменге токтолуп, бирок ошол чакан өлкөлөрдүн ортосунда турган чоң мамлекет - Сауд Аравиясына токтолбой өттү. Бул албетте менимче өтө кылдат саясий суроо да.
Палестин-Израил ортосундагы уруштун жөндөлүшү дагы деле канааттандырарлык эмес, ал тургай бир топ коркунучтарга дуушар болуп турат.


Сауд Арвиясы АКШнын дүйнөдөгү негизги кызматташкан өнөктөштөрүнүн бири. Американын аскердик базалары жайгашкан, анан Сауд Аравия мунай, күйүүчү майдын мекенин болгон эң маанилүү өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Атайын эскертилбей кеткени ошондон болуп калды го деп ойлойм.

АКШ-Борбор Азия алакалары уланат

Ушул жылдын июль айынан тарта Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарыла баштайт. Кызык жери, Обама Ирак жөнүндө сүйлөп жатып "бул өлкө демократиялык жолго түштү. Ирактыктар демократиялык жолду кабыл алып, эми мындан ары өнүгө баштайт" деген ишенимин билдирип кетти. Чындыгында азыр бул өлкөдө эмне болуп жатканын карап көрсөк, албетте, АКШ президентинин айтканына ишенүү кыйын.

Менимче алдыдагы жылдарда Ооганстан, Ирактагы кыйынчылыктар АКШны бул чөлкөмдөгү жоопкерчиликтен бошотуп ийбейт. Андыктан аскерий күчтөр чыгып кетсе дагы саясий, дипломатиялык, экономикалык жактан америкалык алакалар Борбор Азияда мурдагы калабында эле калат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG