Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Четтеги эмгек мигранттары мекенине которгон каражатты Улуттук дүң өндүрүштүн катышына эсептегенде Кыргызстан алдыңкы беш өлкөнүн сабына кирди.

Мындай тыянак Дүйнөлүк банктын “Миграция жана өнүгүү” деп аталган баяндамасынын жаңы чыгарылышында айтылат. Улуттук банктын эсептери кыргызстандык мигранттардын мекенине салган акчасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайыздан ашуунга өскөнүн көргөзүүдө. Бирок экономисттер буга көз карандылыктын күчөшүнүн терс жактары да бардыгын белгилешет.


Кыргыз мигранттарынан келген акча быйыл 32 пайызга өстү


Дүйнөлүк банктын баяндамасына караганда, быйылкы жылдын 1-декабрына карата өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эмгек мигранттары мекенине салган каражаттын катталган көлөмү 351 миллиард долларга жетти. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 пайызга көптүк кылат.

Дүйнөлүк банк белгилегендей, глобалдык каржылык кризистен бери алгачкы ирет мигранттар салган акчанын көлөмү дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан алты аймагында тең өстү.

Борбор Азиядагы өсүштү болсо Дүйнөлүк банк ириде аймактык мигранттар каражатты эң көп жөнөткөн өлкө - Орусия эл аралык базарда мунай баасынын кымбаттыгынын пайдасын көрүп жатканы менен түшүндүрөт.

Кыргызстанда, Улуттук банктын санагына караганда, быйылкы жылдын он айынын алдын ала жыйынтыктары мигранттардан келген акча агымы 32 пайызга жогорулаганын көргөздү.

Улуттук банктын экономисти Асел Султаналиева мындай дейт:
Мигранттар жөнөткөн акчанын көлөмүн Улуттук дүң өндүрүштүн көлөмүнүн катышына эсептегенде, Дүйнөлүк банк Кыргызстанды бул ирет тизменин алдындагы беш өлкөнүн ичине киргизген...

- Отчеттук мезгил ичинде акча которуу системасы боюнча келген каражат өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүч менен салыштырганда 1,009 миллиарддан 1 миллиард 354,4 миллион долларга чейин көбөйгөн. Акчалай которуулардын географиялык түзүмү жалпысынан өзгөрүүсүз калган. Кароого алынып жаткан жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча акчалай которуулардын негизги үлүшү 94,1 пайызы Орусиядан, 2,3% Казакстандан, 2,2% АКШдан келип түшкөн.

Дүйнөлүк банктын эсебинде, четтеги эмгек мигранттарынан алган каражаттын көлөмү жагынан алдыңкы беш өлкөнүн ичинде калкы эң көп Индия, Кытай, Мексика, Филиппин, Пакистан сыяктуу өлкөлөр турат.

Маселен Индия менен Кытайдын ар биринде быйыл он бир айда мигранттары салган акча 57-58 миллиардга, Пакистанда 12 миллиардга жетти.

Бирок мигранттар жөнөткөн акчанын көлөмүн Улуттук дүң өндүрүштүн көлөмүнүн катышына эсептегенде, Дүйнөлүк банк Кыргызстанды бул ирет тизменин алдындагы беш өлкөнүн ичине киргизген. Тизменин көч башындагы Тажикстанда былтыр мигранттардын каражаты Улуттук дүң өндүрүштүн 31 пайызына, бешинчи орундагы Кыргызстанда 21 пайызына барабар болгон.


Сырттан келген акчанын күңгөйү менен тескейи

Мигранттардан түшкөн кирешенин көбөйүшү - бул сырттан келген акча. Бул өз кезегинде өлкөнүн жана элдин тышкы булактардан көз карандылыгын күчөтөт. Өлкө донор, же башкача айтканда мигранттарды кабыл алган тарап колдонгон миграциялык саясаттан көз каранды болот...

Экономика илимдеринин доктору, Бишкектеги Кыргыз-орус Славян университетинин профессору Аза Мигранияндын “Азаттыкка” айтканына караганда, мигранттар жиберген каражат көлөмүнүн Улуттук дүң өндүрүштүн катышына эсептелиши бул салыштырмалуу гана түшүнүк, ал улуттук өндүрүштүн бир бөлүгү катары саналбайт. Бирок бул көлөмдүн Улуттук дүң өндүрүшкө карата үлүшүнүн өсүүсү оң тенденция эмес:

- Которулган акча көлөмүнүн Улуттук дүң өндүрүшкө карата катышынын чоң болушу жана мунун өсүшү калктын ишке жарамдуу, кесипкөй бөлүгүн көбүрөөк жоготуу дегенди туюндурат. Анткени алар сыртка кетип жатат. Мындан сырткары мигранттардан түшкөн кирешенин көбөйүшү - бул сырттан келген акча. Бул өз кезегинде өлкөнүн жана элдин тышкы булактардан көз карандылыгын күчөтөт. Өлкө донор, же башкача айтканда мигранттарды кабыл алган тарап колдонгон миграциялык саясаттан көз каранды болот. Мындан улам кирешеге ошол өлкөнүн эмгек, салык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр, экономикалык жагдайы да таасир берет. Муну менен өлкө кыйыр таасирге кабылат. Албетте мигранттардан келген мындай кирешенин үлүшү канчалык көп болсо, көз карандылык ошончо чоң болот.

Анткен менен мигранттар оор эмгеги менен таап, мекенине салган каражат Кыргызстанда миңдеген үй-бүлөлөрдүн турмуш-тиричилигин оңдоо менен катар социалдык жана экономикалык функцияларды аткарып жатканы белгилүү.

Окумуштуу экономист Аза Мигранян ал миллиарддан ашуун доллардын экономикадагы тикелей салымы жөнүндө буларды айтат:

- Алар калктын төлөм жөндөмүн кармоого жардам берүүдө. Алар валюта жана төлөм каражатынын таңкыстыгын жабууга жардам берүүдө. Эгер бул каражаттар келбей калса, элдин төлөө жөндөмү, керектөөсү кескин түшүп кетет. Ал эми мындай шартта товар жүгүртүүнүн көлөмү азаят. Импортко көз каранды болгон биздин шартта бул импорттун көлөмү кыскарат, же ал кымбаттайт дегенди туюндурат.

Кошмо Штаттардан башталган глобалдык каржы кризиси Европаны, эски совет аймагын жана башка чөлкөмдөрдү каптаган глобалдык каржы кризисинен кийинки 2009-жылы бүткүл дүйнө боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да мигранттардын мекенине жөнөткөн каражатынын көлөмү азайган эле.

Дүйнөлүк банктын эсебинде, Европа менен Борбор Азияда 2009-жылы бул төмөндөө дээрлик 20 пайызды түзсө, былтыр дээрлик 2008-жыл менен теңешкен. Быйылкы өсүштүн көрсөткүчү 11% деп мерчемделүүдө. Бирок учурда глобалдык кризистин экинчи толкуну күтүлүп жатканы жөнүндө сөз жүрүүдө.

Дүйнөлүк банк экономикалык өсүш ыргагынын басаңдоосу эмгек мигранттарынын киреше деңгээли жогору мамлекеттерде ишке орношуу келечегин кыйындатканы менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө акча которууларынын көлөмү алдыдагы жылдары кайра азайбастан көбөйүп, 2015-жылы 440 миллиард доллардан ашат деп болжолдойт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG