Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Садыр Жапаров №1 тергөө абагына камалды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Рахат Сулаймановдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, мурдагы депутат Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды:

- Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренесинин (адам өмүрүнө коркунуч келтирүү, барымтага алуу, ээнбаштык, бийлик өкүлүнө күч колдонуу) негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында УКМКга алынып келинген. Иликтөөнүн жыйынтыгында, 26-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы аныкталып, тергөө бүткүчө №1 абакка камакка алынды, - деди Рахат Сулайманов.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Кыргызстанга келгенде, кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Атайын кызмат тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаганын, мунун негизинде Жапаровго "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээн баштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялаган.

Жапаровдун бошотулушун талап кылгантарапкерлери УКМК имаратынын алдында милиция менен кагылышып, 100дөн ашык адам кармалган. Бүгүн Биринчи Май райондук соту чогулган материалдардын негизинде алардын ишин карап, 64 кишини эки суткадан беш суткага чейин камакка алды. 12 киши айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Эки митингчиге эскертүү берилип, калгандары профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин кое берилген. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы маалымдады.​ (NT)

XS
SM
MD
LG