Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Франция: Фийон президенттик жарыштан чыкпайт


Франсуа Фийон
Франсуа Фийон

Франциянын оңчул-борборчул “Республикачылар” партиясынын талапкери Франсуа Фийон президенттик жарыштан чыкпай турганын билдирди. Ал соттун коомдук каражатты негизсиз колдонду деген шек менен ага каршы расмий иликтөө баштоо ниетине карабастан талапкерлигин албай турганын айтты.

62 жаштагы мурдагы премьер-министр быйыл 23-апрелде өтө турган президенттик шайлоонун негизги фаворити катары каралып жаткан.

Бирок жыл башынан бери ал миңдеген евролук каражатты аялына жана балдарына парламенттеги иши үчүн айлык катары төлөп берген деп күнөөлөнүп жатат.

XS
SM
MD
LG