Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Тасма чыры: исламга асылбагыла!


Ооганстандын президенти Хамид Карзай БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатат. Нью-Йорк, 26-сентябрь.
Ооганстандын президенти Хамид Карзай БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатат. Нью-Йорк, 26-сентябрь.

Пакистандын жана Ооганстандын президенттери БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасын катуу айыпташты. Кечээ ушул эле жыйында АКШ лидери Барак Обама мусулман дүйнөсүндө тополоң жараткан тасманы “жийиркеничтүү” деп атаган.

Ушул күндөрү АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жактан Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөгөн лидерлер мусулман өлкөлөрүндө толкундоо жараткан “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасын четинен айыпташты. Маселен Пакистандын президенти Асиф Али Зардари бир нече өлкөгө бүлүк салган видеонун авторун жазага тартуу зарылдыгын айтып, дүйнө лидерлерин андай аракеттерди кылмышка теңөөгө чакырды.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари
Пакистандын президенти Асиф Али Зардари
- Бул окуяга эл аралык коомчулук жөн гана байкоо салып унчукпай койбошу керек. Тасманын автору эл аралык коомчулуктун коопсуздугун коркунучка кептеп, сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланган, - деди Зардари.

Сэм Басил деген ысым аркылуу You Tube сайтына жарыяланган 14 мүнөттүк тасма “Ислам динин жана Мухаммед пайгамбарды” мазактаган мазмуну үчүн бир нече мусулман өлкөлөрүндө толкундоолорду жаратып, анда 30 чакты киши набыт болду. Ливияда болсо видеонун айынан элчиликке кол салуу болуп, элчи өзү жана үч кызматкер набыт болгон. Тасмага жооп кылып Ооганстанда жан кечти өзүн жардырып, дипломатиялык кызматкерлер, анын ичинде Кыргызстандык бир жаран да мерт болгон эле.

Кечээ бул тасманы АКШ президенти Барак Обама да айыптап, дүйнө коомчулугун антиамерикалык чакырыктарга каршы турууга үндөдү. Обама бул тасма бир гана ислам өлкөлөрүн эмес, Американы да жаманатты кылганын кошумчалады:

Барак Обама "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасы Американы да кордоду деп айтты
Барак Обама "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасы Американы да кордоду деп айтты

- Мен АКШ өкмөтүнүн бул видеого эч тиешеси жоктугун ачык билдирдим жана анда берилген идеялар биздин жалпы адамзаттын баалуулуктарын урматтагандардын баары тарабынан четке кагылуусу керек деп эсептейм. Ал мусулмандарды эле эмес, Американы да кордоду. Ушул дубалдардын сыртындагы шаар биз түрдүү расадагы жана ишенимдеги адамдарга кубанган өлкө экенибизди ачык көрсөтүүдө. Мен биз эмне үчүн мындай видеолорго жөн эле тыюу салып койо албашыбызды сураган адамдар бардыгын билем. Жооп - биздин мыйзамдарда бекитилген укуктар. Биздин Конституция сөз эркиндигине болгон укукту коргойт. Мен сыяктуу эле америкалыктардын басымдуу бөлүгү христиандар. Ага карабай биздин ыйык динибизге акарат келтиргендерге тыюу сала албайбыз.

БУУнун жыйынында Ооган президенти Хамид Карзай болсо бүт дүйнөгө тараган чуулгандуу тасманы сөз эркиндигине шылтап тим болбош керектигин айтты. Карзай өз сөзүндө, Батыш өлкөлөрүн Исламды жек көрсөтүү өнөкөтү менен күрөшүүгө чакырды:

- Биз бул видеону, жакында эле жарык көргөн карикатураны, дегеле ушул сыяктуу Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган аракеттерди чагымчылдык деп айыптайбыз. Бул деген сөз эркиндиги эмес. Бирок ошол эле убакта бул нерсени каршылык акциялары менен коштоп, бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келбешибиз керек.

Мухаммед пайгамбарды кем акыл киши катары сыпаттаган тасмадан улам адам өмүрү кыйылып, элчиликтер, ресторандар өрттөлгөндөн кийин гана You Tube сайты видеону көптөгөн өлкөлөргө чектеп койду. Кыргызстанда да сот бул тасманы экстремисстик деп таап, аны Кыргызстанда таратууга тыюу салды. Анткен менен кечээ “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына нааразылык билдирген 100 чакты жаран Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында митингге чыкты.

Элчилик митингдин уюштуруучуларныа дароо эле жооп кылды:
Бишкектеги нааразылык акциясы
Бишкектеги нааразылык акциясы

- “Элчиликтин кызматкерлери АКШ өкмөтү бул тасмага эч кандай тиешеси жок деп бир нече жолу кайталап айтканын дагы бир жолу билдирүүдө. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон айткандай, АКШ өкмөтү бул материалдын чакырыгын жана мазмунун «жийиркеничтүү жана сөгүшкө татыктуу» деп четке кагат. Бардык дин өкүлдөрүнүн, миллиондогон мусулмандардын үйү болуп саналган Америка кошмо штаттары динди жамандоону толугу менен айыптайт”, - деп жазылат билдирүүдө.

АКШ президенти Барак Обама дагы тасмага жооп кылып адам өмүрүн кыйып, элчиликтерди өрттөөнүн ордуна, сөз эркиндигин пайдаланып, тасмага сөз менен жооп кылууга үндөдү.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG