Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Муаммар Каддафи өлтүрүлдү


Муаммар Каддафи Сиртеде өлтүрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00
Түз линк

Муаммар Каддафи өзү туулган Сирте шаарында өлтүрүлдү.

Ливиянын өткөөл өкмөтү Муаммар Каддафинин туулган шаары Сиртеде өлтүрүлгөнүн билдирди. Августта бийликтен кулатылган полковниктин акыркы таянычы үчүн күрөш бир нече аптага созулду.


Ливиянын жаңы лидерлери Каддафинин өлүмүнөн кийин өлкөнүн тарыхында жаңы барак ачылып жатканын кубатташууда. Улуттук өткөөл кеңештин премьер-министри Махмуд Жибрил Каддафинин Сирте шаарында өлтүрүлгөнүн тастыктады. Анын басма сөз катчысы Абдел Гогха маалымат жыйында мындайча билдирди:

- Муаммар Каддафи революциячыл күчтөр тарабынан өлтүрүлгөнүн дүйнө элине жар салабыз. Каддафинин зулумчул, диктаторлук режими аяктады, Ливия жана бүт дүйнө үчүн тарыхтын бул бөлүгү жабылды.

Телеканалдар Сиртенин тургундары шаардын жаңы бийликке лоялдуу күчтөрдүн колуна өткөнүн майрамдап жатышканын көргөзүшүүдө. Утурумдук кеңештин расмий өкүлү Абдел Мажид Млегда Каддафи буттарына жана башына жараат алганын буга чейин маалымдаган. Анын ырастоосунда, Каддафи качып бараткан жеринен НАТОнун аба соккусуна туш болгон.

Ливиялыктар Каддафинин өлүмү тууралуу кабарды кубаныч менен тосуп алышты.
Ливиялыктар Каддафинин өлүмү тууралуу кабарды кубаныч менен тосуп алышты.
Ошол эле маалда "Ройтерс" агенттиги антикаддафичил аскерлерге шилтеме жасап кабарлагандай, полковник аңда жашырынып жаткан.

"Ал-Жазиира" телеканалы бир топ адамдар Каддафиники делинген сөөктү эки жакка сүйрөп жатышканын көрсөттү.

Өткөөл кеңештин өкүлү сөөктү коопсуздуктан улам жашыруун бир жерге жөнөтүшкөнүн билдирсе, ошол эле "Ал-Жазира" аны Мисуратадагы мечиттин бирине алып барышканын кабарлады.

НАТОнун командачылыгы бүгүн эртең менен Сиртенин жанында аскерий эки машинеге абадан чабуул коюлганын маалымдап, ошол эле маалда кербенде Каддафи бараткан деген маалыматтарды тастыктаган жок.

"Ассошейтед Пресс" агенттиги мурдагы режимдин кеминде 16 тарапкери, курал-жарак жүктөлгөн жүк ташуучу машине жана башка жабдыктар колго түшүрүлгөнүн маалымдады.

Антикаддафичил күчтөр, Сирте, 20-октябрь, 2011-жыл
Антикаддафичил күчтөр, Сирте, 20-октябрь, 2011-жыл

Быйыл жыл башында Каддафи анын өкмөтүн төңкөрүүнү көздөгөн көтөрүлүшчүлөрдү эл аралык террористтер деп атаган. Батыш лидерлери деспотизм, зулумдук, диктаторлук доорго жана согушка чекит коюлганын кубатташууда.

Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Манэл Баррозо жаңы демократиялык өлкө курууга жол ачкан эркиндикке ээ болушту деди:

- Улуттук утурумдук кеңешти кеңири жарашуу процессин жүргүзүүгө үндөйбүз. Ага бардык ливиялыктар тартылып, бийликтин демократиялык жана тынч жолу менен өткөрүлүшүнө шарт түзүлүүгө тийиш.

Британ премьери Дэвид Камерон канкор диктатордун колунан каза болгон ливиялыктарды унутпоо зарылдыгын билдирсе, БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун "Ливиянны тарыхында жаңы барак ачылууда" деп комментариялады.

Сирте үчүн салгылашуу, 19-октябрь, 2011-жыл
Сирте үчүн салгылашуу, 19-октябрь, 2011-жыл

Өткөөл кеңеш Сиртенин кулашы менен Ливия бошотулду деп айтууга болоорун белгилөөдө. Жакынкы айларда жаңы өкмөт куралууга тийиш.

Адегенде Каддафи колго түшүрүлдү деген кабар тараганда Голландиянын премьер-министри Марк Рютте полковник Гаагадагы эл аралык трибуналдын алдында жооп берет деп ишенерин айтса, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев "Каддафинин тагдырын Ливия эли чечүүгө тийиш" деген.

Швециянын өкмөт башчысы Карл Билдт “аны эми кылмыштары үчүн сот жообуна тартыш керек” деп билдирген.

Өлкөнү 42 жыл бийлеген полковник Каддафи август айында Улуттук өткөөл кеңештин армиясы борбор шаар Триполини ээлегенде кулатылган.

Анын үй-бүлө мүчөлөрү чет өлкөлөргө качышкан, полковниктин кайда жашырынып жүргөнү көпкө чейин белгисиз болуп келген.

XS
SM
MD
LG