Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Литвада жана башка Балтика өлкөлөрүндө СССРдин кулашына алып келген Вильнюстагы окуялардын 25 жылдыгы белгиленди.

1991-жылы январь айында советтик жетекчилик куралдуу күчтөрдү колдонуу менен Литвада эгемендикке багытталган саясий жараяндарды көзөмөлдөөгө аракет кылган.

Адам курмандыктарына алып келген бул окуядан кийин СССРдин тарашына алып келген Беловеж макулдашуусуна кол коюлганы эскерилди. Мына ошондон соң империяны муштум менен сактап калуу мүмкүн эмес экени бир эле Балтика боюнда эмес, Борбор Азия жана Казвказда да сезилген. Литванын ошол кездеги Жогорку Советинин төрагасы, учурда европарламенттин депутаты Витаутас Ландсбергис өзүнүн эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Ишке ашпай калган аскерий төңкөрүш

1991-жылы 11-январда Вильнюста Литванын эгемендиги жарыялангандын эртеси советтик аскерлер жарандар менен кагылышып, жыйырмага чукул адам окко учуп, эки жүздөн ашууну жарадар болгон. Эгемендикти коргоочулар менен советтик аскерлердин кагылышуусу үч күнгө созулган. Литвада бул кандуу окуяга катышы бар советтик аскер жетекчилери ушул күнгө чейин издөөдө. Ошол кезде Москва менен тыгыз кызматташкан прибалтикалык коммунисттик партия өкүлдөрү соттолгон. Советтик десанттар менен танкисттер түнү менен Вильнюстагы телеборборго чабуул коюп, башка коомдук жайларды дагы ээлеп алышкан. СССРдин президенти Михаил Горбачев эртеси бул окуя тууралуу эч нерсе билбей турганын телеберүүдөн айтып, актанган. Литванын компартиясы улуттук жарашуу комитетин түзүп, бирок кырдаалды жайгара алган эмес. Анан кийин февраль айында өткөн референдумда калктын токсон пайызы Литванын СССРден чыгуусун колдоп, добуш берген. Литванын Жогорку Советинин төрагасы Витаутас Ландсбергис Вильнюстагы окуя СССРдин тарашына негиз бергенин мындайча эскерди:

- Башында бардыгы логикалык удаалаштык менен бараткан болчу. Анткени анын бардыгы диктатордук коммунисттик империя болгон Советтер Союзунун банкротко баратышы жана деградацияланышы менен байланыштуу болчу. Мына ошондуктан улам, бул кубаттуу империянын тарап кетиши негизинен орчундуу жарандык согушсуз аяктады. Ага чейин айтылып келгендей республикалардын бөлүнүп чыгышы дүйнөлүк согушка чейин алып келген жок. Советтер Союзу империя катары тарыхта болбогон тынч жол менен тарады. Буга мына ошол кездеги орусиялык жетекчиликтин чоң салымы болду.

Кайтарылган эркиндик

"Литва үчүн ошол күндөрү тең эмес күчкө каршы туруу оңойго турган эмес. Бирок кезинде өзүнүн ыктыярына каршы СССРдин курамына кошулуп, басынган Балтика элинин европалык эгемен мамлекет түзүү дымагы аларды артка чегинтпейт эле" дейт Витаутас Ландсбергис. Литванын эгемендигине күчтү каршы коюп, кан төгүү жана блокада менен коркутушту. Бирок ал майтарылган жок. Саясатчы бул мүмкүнчүлүктү башка союздук республикалар пайдаланып, ал тургай Орусия өзү башында демократиялык өнүгүүгө багыт алганын мисалга алды. Бирок ал Орусияда советтик өтмүштү эңсөөнүн айынан демократияны куруу ишке ашпай калганын айтты. Анын эскерүүсүндө Литванын режимге туруштук бериши орусиялык демократияга ошол эле жылы августтагы аскерий путчту басууга дем бергени белгиленген. Витаутас Ландсбергис Вильнюстагы мына окуядан кийин президент Борис Ельцин Таллинге келип, Прибалтиканын үч республикасы менен Орусия советтик диктатурага каршы бирге күрөшүү тууралуу документке кол коюшкан. Эскерүүдө мына ошол документ кийин СССРдин тарашына алып келген Беловеж макулдашуусуна кол койууга негиз болгону көрсөтүлгөн. Вильнюстагы мына ошол тарыхый окуянын арты менен элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча биринчилерден болуп прибалтиканын үч республикасы - Литва, Латвия жана Эстония СССРдин курамынан чыгып, өзүнүн эгемендигин жарыялаган. Бул үч республика 1939-жылы Германия менен кол салышпоо тууралуу келишимдин жашыруун протоколуна ылайык, СССРдин карамагына өткөрүлгөн болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG