Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Азиздер-дүлөйлөр коомундагы чырды депутаттык комиссия иликтейт


Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнүн арыздарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү сунушталууда. Мындай пикирди парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети талкуулап, комиссия түзүү чечимине келди. Бүгүн ал жалпы жыйындын кароосуна коюлат.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун 50дөй мүчөсү турак жайга байланыштуу нааразылык билдирип, майыптарга курулган батирлердин бир тобу башка адамдарга жең ичинен берилип кеткенин айтып келишет. Натыйжада мурдагы жетекчи Калык Мамбетакунов иштен кеткен. Коом арасында аны айыптагандар жана колдогондор экиге бөлүнгөн. Соңку учурда жаңы башчыны дайындоо мыйзам бузуу менен коштолду деген нааразылыктар айтылууда. (NT)

XS
SM
MD
LG