Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Лондон-2012: Паралимпиадалык старт


29-августта Лондондогу Стратфорд стадионунда Паралимпиаданын оту жанып, каныша Елизавета II майып спортчулар таймаша турган мелдешти ачык деп жарыялады.

Паралимпиада оюндарынын ачылыш салтанатынын темасы “Агартуу” деп аталып, аземди дүйнөгө таанымал физик окумуштуу Стивен Хокинг алып барды.

Стратфорд стадиону түркүн түстөгү жарыкка бөлөнүп, театрлаштырылган азем окумуштуу Хокинг жазган “Ааламдын жаралышынын” элесин чагылдырган оюн-зоок менен башталды.

Салтанат башталар алдында майыптарга учак айдоону үйрөтчү Британиядагы Aerobility кайрымдуулук уюмунун учактары стадиондун үстүн айланып учушту. Бир кезде эле стадиондун үстүндө "Чоң жарылууну" сүрөттөгөн чоң ай пайда болуп, ал акырындык менен ылдый түшүрүлгөндөн кийин 6 спортчу алтын коляскасы менен майданга учуп келишти.

Стадионго Британиянын желегин өлкөнүн куралдуу күчтөрү алып кирди. Мелдешке катышып жаткандардын көпчүлүгү мурдагы аскер кызматкерлери.

Паралимпиадалык оюндар спорттун 20 түрү боюнча 9-сентябрга чейин Лондондо өтөт. Ага 165 өлкөдөн 4 миңден ашуун спортчу катышат.

Кыргызстандан эл аралык спорт чебери Эсен Калиев 52 кг. салмакта чалкасынан жатып, оордук көтөрүү (пауэрлифтинг) боюнча күч сынашат. Калиевдин өжөр мүнөзү Кыргызстанга алтын утуп бериши мүмкүн дейт дагы бир майып спортчу Жыргал Балбаков:

- Ооруга жеңдирип, чүнчүп жашагандан көрө, спорт менен машыгып, алдыга бир максат коюп, үмүт менен жашаш керек. Биздей майыптарга өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлсө, анда биз Кыргызстанды дүйнөгө таанытат элек. Өзүбүз менен өзүбүз болуп, мелдештерге барарда гана машыга калып, бизге көңүл бурулбай келет.

Эгемен Кыргызстандын спортчулары ушуну менен 5-ирет Паралимпиадага катышууда.

Орусиялык спортчу, Паралимпиада оюндарынын эки жолку чемпиону Алексей Ашапатов майыптардын таймашына өзгөчө көңүл буруу майып адамдарга карата башкалардын көз карашын өзгөртөт деп ишенет:

- Бул Паралимпиада оюндары жалпы эле адамдардын майыптарга болгон көз карашын өзгөртүүгө чоң түрткү берет. Азыр майып спортчулар көп жаштардын кумирине айланууда. Ушундай таймаштардан баргандан кийин майып спортчулар кадимки дени соо спортчулардай эле популярдуу болушууда. Бул жердеги аракеттин баары паралимп кыймылдарынын өнүгүшү үчүн жасалууда.

Паралимпиада оюндарына ушул күндөрү 2 миллион 400 миңдей билет сатылды.
Тарыхка үңүлсөк, майыптарды спортко тартуу демилгеси 19-кылымда башталып, 1988-жылы Германияда дүлөйлөрдүн спорттук клубу түзүлүп, ошондон тарта көп өлкөлөрдө майыптарды спортко шыктандыруу аракеттери башталган.
Майыптардын 1 паралимпиадалык таймашы Италиянын борбору Римде өткөн.

Паралимпиаданын ачылыш аземи
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG