Линктер

“Америкалык гений”, “дүйнө маданиятына таасир эткен музыкант”, “жаз музыкасынын атасы”, “жаз мырза” … Ушул жана ушул сыяктуу салыштыруулар жана мактоолор улуу музыкант, батыш маданиятынын эң эле таанымал өкүлдөрүнүн бири Луи Армстронг туурасында айтылган мактоолор. Мактоо эмес, анын зор талантына берилген татыктуу баалар.

Чынында да Армстронг көбүбүз түшүнүп, көбүбүз түшүнбөгөн музыкалык классиканы кол жеткис бийиктерден жерге алып түшүп, анын мыкты жетишкендиктерин труба менен саксофондун тилинде, тагыраак айтсак, жаздын тилинде иштеп чыгып, салондук музыканы жөнөкөй элге, көчөдөгү соодагерлерге, Чайковский менен Брамстын атын укпаган карайым калкка жеткиликтүү кылып аткарып берди. Башкача айтканда, музыканы демократиялаштырды, ага эркин импровизациянын, свингдин элементтерин киргизди, натыйжада блюз деген жанр бүт жер жүзүнө таралып, ресторандар менен кафелер, студенттик топтор менен жаштардын ар кайсы катмарлары кайда жүрсө да тажабай уга бере турган руханий “азыкка” айланды.

Ар кандай улуу нерселер жөпжөнөкөй деп бекер жеринен айтылбайт эмеспи. Анын сыңары улуу музыкант Луи Армстронгдун аткаруу стили, айрыкча ырдоо ыкмасы ушунчалык жөнөкөй, ошону менен бирге кулакка жагым, жүрөккө жакын. Ооба, Луи ырдаганда үнү кыркырап чыкчу, ага труба менен корнеттин авазы кошулганда кандайдыр бир бейформал музыкалык кырдаал жаралчу, мындай үн менен ким да болсо ырдай алат деген таасир пайда болчу. Албетте, Армстронгдой ырдоо, андай музыкалык аспапта укмуштуудай чебер жана эркин ойноо дээрлик мүмкүн эмес, бирок кептин баары ошол стиль жана ошол жаз деп аталган музыка кимге да болсо жеткиликтүү жана түшүнүктүү болгондугунда эле.

Маселен, Армстронгдун эң эле атактуу What a Wonderful World (Кандай сонун бу дүйнө) деген ырынын мазмуну да, музыкалык жасаты да абдан эле жөнөкөй. Балким ошол себептүү бул ыр ХХ кылымдагы дүйнөгө эң эле кеңири таралган ырлардын бири болуп калды. Анда агарып таңдын атканы, кызарып күндүн кечтегени, чөптөр шамалга ыргалып, иттин үй босогосунда беймарал үргүлөгөнү кандай сонун, тегеректе эл жүргөнү, эл ичинде мен жүргөнүм эмне деген бакыт дегендей ойлор айтылат ал ырда.

Армстронг Америкалык жазмендердин, айрыкча кара түстүү өнөрпоздор ичинен чыккан эң эле атактуу музыкант катары аты Америкага, кийин бүтүн Европага тарап, акыр-аягында анын чыгармаларын, музыкалык импровизацияларын, блюз жанрындагы автордук чыгармаларын угуу же аткаруу өзүнчө бир чоң модага айланып кеткен.

Луи Армстронг тууралуу ондогон китептер жазылып, ал тууралуу нечен даректүү тасмалар тартылды. Америка үчүн Элвис Пресли же Майкл Жексон, же болбосо Мэрилин Монро менен Элизабет Тэйлор кандай символикалуу ысымдар болсо, Армстронг да ошондой мааниге ээ. Анын аты, жогоруда айтылгандай, ХХ кылымдын эң эле улуу адамдарынын катарында саналат, айрыкча өңү кара америкалыктардын бирден-бир сыймыктарынын бири десек эч бир жаңылбайбыз.

Ырас, бизде, Кыргызстанда бул атактуу музыканттын аты дале болсо кеңири белгилүү болбой келет. Ага бир эле себеп - бизде, мурунку Советтер Союзунда, жаз музыкасы башынан эле жакшы таралган эмес. Адегенде жаз буржуазиялык маданияттын, капиталисттик дүйнөнүн ажырагыс белгиси катары терс көз карашта каралып келсе, кийинки эгемендик жылдарында баарыбыз кризиске тушугуп, жаз музыкасына маашырланмак тургай, өзүбүздүн улуттук маданиятыбызды тескегенге чамабыз араң жетип калган катаал заман болчу. Жаз музыкасы, блюз, кантри стилиндеги ырлар азыр гана эл арасына тарап, ошого жараша батыш маданиятынын Элвис Пресли, Фрэнк Синатра, Барбара Стрейзанд, Элтон Жон сыяктуу алптарынын аттары музыка сүйүүчүлөрүнүн арасына акырындап тарап келатат. Ал гана эмес ошол Армстронг менен Синатраны туурап ырдаган ырчыларыбыз да бар.

Луи Армстронг тууралуу өтө көп нерселерди айтып берүүгө болор эле, бирок ошондой болсо да анын теги Африкадан келген кулдардан экенин, 1901-жылы туулганын, атасы аны бармактайында эле таштап кетип, Луи денесин сатып оокат кылган апасынын колунда чоңойгонун айтсак жетиштүү. Негизинен аны таенеси тарбиялап, балалык кези күнүмдүк оокат үчүн акча табуунун аракети менен өтүп кеткенин, музыкалык билим же тарбия алганга эч качан шарты болбогонун, курсагы кийин белгилүү музыкант катары аты белгилүү болгондо гана тойгонун айта кеткенибиз туура болот го.

Армстронгдой ырдоо, андай музыкалык аспапта укмуштуудай чебер жана эркин ойноо дээрлик мүмкүн эмес, бирок кептин баары ошол стиль жана ошол жаз деп аталган музыка кимге да болсо жеткиликтүү жана түшүнүктүү болгондугунда эле.

Бирок Луинин музыкалык ышкысы бала кезинде эле ойгонуп, аны биринчи жолу кожоюну Карнофски аттуу ак жүздүү адам байкаптыр. Луиге алгачкы музыкалык инструментти сатып берген да ошол киши экен. Ал аспапта уккан-көргөн музыкалык мотивдерди кайталап ойногонго Луи өз алдынча үйрөнүптүр. Кийин ресторандар менен кафелерде ойной калып, бирок музыкалык сабатын болбогон жерден соттолуп кеткенден кийин, башкача айтканда, жаш кылмышкерлердин түрмөсүндө, андан соң жетимдердин интернатында жойгон экен.

Айтор, Луи Армстронгдун ырчылык жана жазмендик таланты жетимканаларда, андан соң Чикаго менен Нью-Йорктун кафелери менен ресторандарында ачылыптыр. Бара-бара аты катуу чыгып, үйлөмө аспаптарда, айрыкча корнетте укмуштуудай чебер ойногону көпчүлүктүн көңүлүн буруп, кийин Армстронг Америкалык жазмендердин, айрыкча кара түстүү өнөрпоздор ичинен чыккан эң эле атактуу музыкант катары аты Америкага, кийин бүтүн Европага тарап, акыр-аягында анын чыгармаларын, музыкалык импровизацияларын, блюз жанрындагы автордук чыгармаларын угуу же аткаруу өзүнчө бир чоң модага айланып кеткен.

Луи Армстронг төрт жолу үйлөнүп, балалуу болуп, кедейчилик эмне экенин биротоло унутуп, аябаган байып, Голливуддун ондогон кинолорунда тартылып, ырчы катары да, актер катары да даңкы Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин чыккан.

1950-жылдарда аны Американын мактанычы катары Советтер Союзуна гастролго жиберүү да пландаштырылган. Ага ал кездеги АКШнын президенти Дуайт Эйзенхауэр да тилектеш болуп, бирок эмнегедир ал план ишке ашпай калыптыр. "Эмнеге СССРге гастролго барбадыңыз?" деп сураганда, Армстронг: “Барганда эмне деп мактанам, көп болсо менин атымды бүт Америка билет деп айтармын, бирок өзүмдү дале болсо көп негрдин бири катары сезгенимди кантип жашырам?” деп жооп бериптир.

Улуу ырчы жана музыкант өмүрүнүн акыркы жылдарында негизинен Нью-Йорктун фешенебелдүү Уолдорф-Астория мейманканасында ырдап жүрдү. Албаган сыйлыктары, укпаган мактоолору калган жок дегендей. Акыры 1971-жылы концерт убагында жүрөгү токтоп, Американын музыкалык генийи аталган Луи Армстронг күтүлбөгөн жерден дүйнөдөн кайтты. Ал каза болгондо ошол кездеги АКШ президенти Ричард Никсон өзү көңүл айтып, ырчынын сөөгүн Американын улуттук гвардиясы катар тизилип туруп узатты. Ал эми анын атактуу “Кандай сонун бу жарык” деген ыры, андан башка да толуп аткан чыгармалары дүйнө музыкасынын классикасы катары азыркыга чейин аткарылып келатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG