Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Жер ортолук деңизине мигранттар жүздөп чөгүүдө


Жер ортолук деңизи аркылуу мыйзамсыз бараткан мигранттарды куткаруу иштери. Италия, 3-август, 2014-жыл
Жер ортолук деңизи аркылуу мыйзамсыз бараткан мигранттарды куткаруу иштери. Италия, 3-август, 2014-жыл

Ушул дем алыш күндөрү Ливиядан жолго чыккан жети жүздөй мигранттын кайыгы оодарылганда, алардын көбү сууга чөгүп кетти деп болжолдонууда.

Еврошаркет Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштан келип жаткан миграция агымы боюнча бүгүн чукул сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө. Буга Жер ортолук деңизиндеги соңку кырсык түрткү берди.

БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын жекшемби кечиндеги маалыматына караганда, оодарылган кайыктагылардын 50дөйү гана аман –эсен куткарылган.

Эгер жүздөгөн адамдардын сууга чөккөнү ырасталса, бул Жер ортолук деңизиндеги эң ири кыйроо болот. Өткөн аптада да ушундай эле трагедия болуп, 400дөй кишинин өмүрү кыйылган.

Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштан Европаны көздөй токтобой жана ири кырсыктар менен коштолуп жаткан миграция агымы боюнча чукул сүйлөшүүлөр өтөрү тууралуу жекшембиде Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогору өкүлү Федерика Могерини билдирди.

“Биз эч качан кайталанбайт деп көп жолу айттык элек. Евробиримдикке бул трагедиялар боюнча токтоосуз чара көрө турган мезгил келди” деди Могерини кечээ кабарчыларга.

Анын айтымында, миграция агымы бүгүн Еврошаркеттин тышкы иштер министрлеринин Люксембургдагы кеңешмесинде талкууланат.

Жер ортолук деңизи аркылуу жолго чыккан мигранттардын маселесине чукулунан көңүл буруу зарылдыгын жекшемби күнү француз президенти Франсуа Олланд да белгиледи:

Француа Олланд
Француа Олланд

- Жер ортолук деңиз Европа менен Африканын ортосунда баарыбыз үчүн тиешелүү болгондуктан биз чара көрүшүбүз абзел. Мен ички иштер, тышкы иштер, Европанын бардык министрлеринин жыйынын тез арада өткөрүүгө чакырдым. Бул маселени Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер, Европа кеңешинин президенти Дональд Туск менен сүйлөшөм. Анткени, биз деңиздеги куткаруу операцияларына тартылуучу кайыктардын санын көбөйтүшүбүз керек. Кайыктар менен катар байкоочу учуулар көбөйүшү, адам аткезчилигине каршы күрөштү да күчөтүү зарыл.

Француз президентинин бул сөздөрү Ливиядан Европаны көздөй келе жаткан 700 мигранттын кайыгы ишембиден жекшембиге караган түнү жолдо оодарылганда, алардын көпчүлүгү чөгүп кетти деп болжолдонуп жаткан учурда айтылды.

БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын жекшемби кечиндеги маалыматына караганда, оодарылган кайыктагылардын 50дөйү гана аман - эсен куткарылган.

Куткаруучулар Италиянын Лампедуса аралынынан жанынан кеминде 20дай адамдын сөөгүн табышты. Калгандарын издөө иштери уланып жатат. Оодарылган кайыкта жети жүздөй адам болгонун аман калган мигранттар билдиришкен.

Эгер жүздөгөн адамдардын сууга чөккөнү ырасталса, бул Жер ортолук деңизиндеги эң ири кыйроо болот жана быйылкы жыл ичи эле Европаны көздөй жолдо сууга чөккөн мигранттар санын 1500ге жеткирет. Француз президенти Франсуа Олланд кечээги телеинтервьюсунда:

- Эгер бул ырасталса, Жер ортолук деңизинде акыркы жылдардагы эң ири кырсык болот. Бүгүнкү кыйроо үрөй учурарлык, өткөн аптада да трагедия болуп, 400дөй кишинин өмүрү кыйылган. Быйылкы жылдын башынан бери мындай көрүнүштөр күчөп кетти. Былтыр Жер ортолук деңизинде 4000дей киши мерт болгон.

Жер ортолук деңизинен куткарылган мигранттар. 16-апрель, 2015-жыл
Жер ортолук деңизинен куткарылган мигранттар. 16-апрель, 2015-жыл

Эл аралык мунапыс уюму Жер ортолук деңизиндеги соңку кырсыкты күн мурунтан эле билинген трагедия деп атады. Рим папасы Франциск дүйнө лидерлерин мындай трагедиялар кайталанбаш үчүн тез жана чечкиндүү чара көрүүгө чакырды.

Эл аралык миграция уюмунун эсебинде, быйылкы жыл ичи эле Түндүк Африка Африка менен Жакынкы Чыгыштан Италиянын жээктерине 20 миңдей мигрант жеткен.

Аларды салган кайыктарды көбүнесе адам аткезчилиги менен алектенгендер жалдап, Ливия, Египет, Сирия, Тунис сындуу өлкөлөрдүн мигранттарын Европага жеткирүү үчүн көп акча алышат. Ошол эле учурда коопсуздук эрежелерин такыр сактабай, адам эмес, жүк ташууга ылайыкташкан кайыктарга мигранттарды шыкап салышат.

Маселен, акыркы кырсыкта аман кутулгандардын бири алардын адамга жык толгон кайыгы жанынан өтүп бара жаткан кемеге адамдар түшүүгө аракет кылып, жүздөгөн жүргүнчү бир бурчка топтолгондо оодарылып кеткенин айтышкан.

Түндүк Африка менен Жакын Чыгыштын мигранттары Европага жумушсуздуктан, Сирия меннен Ливиядагы уруш аймактарынан качуу үчүн агылууда.

Кырсыктар көбөйгөнүнөн улам Италия флотунун куткаруу жана издөө операциясын калыбына келтирүү зарылдыгы айтылып жатат. “Маре Ностурум” деп аталган операция былтыр көбүнесе чыгымы Италиянын эле мойнуна түшкөнүнөн улам токтоп калган. Бул өлкөнүн премьер-министри Маттео Рензи Жер ортолук деңизиндеги мигранттар кризисин жалгыз Италия жөнгөрө албасын кечээ кайрадан билдирип чыкты.

Италия өз долбоорун токтоткондо аны Еврошаркет башкарган Тритон операциясы алмаштырган эле. Бирок масштабы жана камтыган аймагы мурдагыдан кичине, болгону Италиянын жээгине жакын аймактарды гана көзөмөлдөйт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG