Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Өткөн 2012-жылы дүйнө өлкөлөрүнүн аскерий чыгымдары 0,5 процентке кыскарды.

Стокгольмдогу тынчтыктын проблемаларын изилдөө институтунун маалымдашынча, аскерий чыгымдар 1998-жылдан бери биринчи жолу азайганы менен 1,75 триллион долларды түздү. Аскерий иштерге бөлүнгөн каражат АКШда, НАТОго мүчө Европа мамлекеттеринде кыскарган. Бирок Кытай жана Орусияда олуттуу суммага көбөйгөн.

АКШ жана анын европалык союздаштарынын аскердик бюджетти кыскартуусу эки жагдайга байланыштуу. Биринчиден, бул мамлекеттердеги экономикалык кырдаал улуттук өкмөттөрдү бюджетти үнөмдөөгө мажбурлоодо. Испания, Грекия, Португалия, Кипр сыяктуу Европа өлкөлөрү катаал мезгилди баштан кечирүүдө. 2012-жылы Евробиримдиктин ички дүң жыйымы 0,3 процентке ылдыйлаган. Бул Европанын НАТОго мүчө өлкөлөрүн аскерий бюджетин 10 процентке кескенге мажбур кылды. 2012-жылы АКШнын аскерий бюджети 682 миллиард долларды түздү. Бул 2011-жылга караганда 6 процентке аз.

Натыйжада, биринчи жолу Кансыз согуш токтогондон бери Пентагондун бюджети жалпы дүйнөлүк аскерий чыгымдардын 40 процентинен төмөн түштү. Экинчиден, Ооганстандан АКШнын жана Тынчтыкка көмөк көрсөтчү эл аралык күчтөрдүн аскерлери акырындап чыгып кетүүдө. Ирактан АКШ аскерлери 2011-жылы чыгып кеткен. Америкалык аскерлер 2014-жылы Ооганстандан жапырт чыгып кетүүгө тийиш. Бул Пентагонго аскерий чыгымдарды азайтканга мүмкүндүк берди.

Эксперттер дүйнөдө куралданууга бөлүнгөн каражаттардын азайышын 2008-жылкы экономикалык кризистин кесепеттери менен да түшүндүрүшөт. Ушундан келип, Стокгольмдогу тынчтыктын проблемаларын изилдөө институтунун аскерий чыгымдар жана курал-жарак өндүрүү боюнча программасынын директору Сэм Перло-Фриман “бардык көрсөткүчтөр келерки эки-үч жылда - НАТО 2014-жылдын аягында Ооганстандан чыгып кеткенге чейин- дүйнөлүк аскерий чыгымдар азая берет шекилдүү”, - дейт.

Бээжин 2012-жылы 2011-жылга салыштырмалуу куралданууга бөлүнгөн каражатты 7,8 процентке көбөйттү же ал үчүн 166 миллиард доллар коротту. Бул 2003-жылга салыштырмалуу 175 процентке көп. Кытайдын куралданууга астейдил мамиле жасоосу экономикасындагы абалга байланыштуу.

2010-жылы Кытай Жапонияны басып өтүп, дүйнөдөгү экономикасы кубаттуу экинчи өлкөгө айланган. Андан улам Кытай акыркы жылдары кемелерди, ракеталарды, радиолокациондук станцияга көрүнбөгөн согуштук учактарды өнүктүрүүдө. Бээжиндин куралдуу күчтөрүнө чоң каражат бөлүп, кубатын арттыруусу коңшулаш мамлекеттердин тынчын алууда. Кытай Жапония менен Чыгыш Кытай деңизиндеги эл жашабаган кенедей аралды талашууда. Вьетнам, Филиппин дагы башка Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү менен Түштүк Кытай деңизи боюнча келишпестиктер бар.

Орусия өткөн жылы куралданууга жана аскерий иштерге бөлүнгөн каражатты 16 процентке көбөйткөн. Анткени Путин былтыр үчүнчү мөөнөткө президенттик орунга отургандан кийин куралдуу күчтөрдү каржылоого астейдил көңүл бурууда. Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада аскердик бюджет 8 процентке жакын өскөн. Жакынкы Чыгышта Сауд Арабия менен Омандын куралдануусун адистер Ирандын коркунучу менен түшүндүрсө, Алжир козголоңчулардан чочулап, аскерге көңүл бурууда. Өткөн жылы Борбор жана Түштүк Азияда аскердик чыгымдар 1, 6 процентке азайган. Сэм Перло-Фримандын айтымында, мурда аскерий чыгымдар боюнча Батыш алдыда турса, азыр эми өнүгүп бараткан мамлекеттер куралданууну тездетишип, алдыга чыгат кейпи.
XS
SM
MD
LG