Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Минск: Украина боюнча сүйлөшүү аяктады


Украина, Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери. Минск, 11-февраль, 2015-жыл
Украина, Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери. Минск, 11-февраль, 2015-жыл

Беларустун борбору Минскте Украина, Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери катышкан “Нормандия форматындагы” жолугушуу 16 саатка созулду. Анда Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу талкууланды.

Орусиянын президенти Владимир Путин Минсктеги саммитте төрт өлкөнүн жетекчилери макулдашууга жетишкенин билдирди.

Путин Украинанын чыгышындагы ок атышуу 15-февралдан тарта токтотуларын жана жаңжал аймагынан оор техника чыгарыларын кошумчалады.

Беларустун борбору Минскте Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча “Нормандия форматындагы” жолугушуу 16 саат уланды. Ага Орусия, Франция, Украина жана Германиянын лидерлери катышты.

Украинанын президенти Петро Порошенко бир аз мурдараак Минск саммитинде азырынча “жакшы кабар” жок экендигин билдирген. Ал Орусия "туура келбеген" шарттарды коюп жатканын, ошентсе да макулдашууга жетишүүгө үмүттөнөрүн кошумчалаган.

“Сүйлөшүүлөр абдан оор" өтүп жатканын Украинанын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Евгений Перебийнис да билдирген болчу.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орусиялык журналисттердин жолугушуу кандай өтүп жатканы тууралуу суроосуна “супер” деп жооп бергенин Би-Би-Си жазып чыкты.

“Нормандия форматындагы” жолугушуунун лидерлери - Германия канцлери Ангела Меркел, Франция президенти Франсуа Олланд, Украина президенти Петро Порошенко жана Орусия президенти Владимир Путин Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча долбоорду талкуулашты. Сүйлөшүүлөр шаршемби күнү кечинде башталган. Тар форматтагы кездешүүдө Путин менен Порошенко кол алышып учурашып, эки ооз сөз сүйлөшкөнгө да жетишти.

Сүйлөшүүлөрдөгү документте, “Рейтер” агенттигинин маалыматы боюнча, тараптар Украинанын чыгышында 14-февралдан баштап ок атышууну токтотууну карашкан. Башка бир макулдашууда оор аскердик техникаларды чыгарып кетүү, чек арада ок атышпоо аймагын түзүү, чет элдик аскерлерди чыгаруу бар.

Украина жана Батыш мамлекеттери Орусияны Украина чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдерди колдоп жатат деп айыпташууда. Өз кезегинде Москва бул айыптоолорду танып келүүдө.

Жолугушууга чейин Минсктеги саммиттин катышуучулары анын жыйынтыгы кандай болоорун айта алышпасын билдиришкен.

Путин менен Порошенконун учурашуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00

XS
SM
MD
LG