Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

Крым татарларынын ардагер лидери Мустафа Жемилев автономиялуу аймактын Орусияга каратылышына каршы. Мындай көз карашы үчүн Жогорку Раданын депутаты азыр үйүнө баралбаган бозгунга айланды.

Убагында Советтер Союзунда адам укуктарын коргоо жаатындагы ишмердиги үчүн 15 жылдай түрмөдө отуруп чыккан Мустафа Жемилев шейшембиде Прагадагы студиябызда “Азаттык” радиосуна маек курду.

"Азаттык": Соңку кабарларда крым татарлары Украина, же Орусияга каттай албай ортодо камалып калганы айтылууда. Азыркы жагдай кандай болууда?

М.Жемилев: Азыр Орусиянын стратегиясы ушундай – өз аймагынан Украинага террористтерди жөнөтүп атат. Бизге ишеничтүү булактардан маалым болгондой, орустар жакында эле бир нече жүздөй мыкты даярдалган диверсант-куралчан адамдарын Крымга жайгаштырды, алар акырындап Украинанын Херсон облусу аркылуу чыгыш чөлкөмдөргө таратылып, бузуку актыларды уюштурушу керек. Бул эч кимге деле жашыруун болбой калды, анткени акыркы кезде Украинада кагылышуулар маалында колго түшүрүлүп, жараат алып, же өлтүрүлгөн адамдар Орусиянын жарандары экени аныкталды. Ушундан улам Украинанын коопсуздук кызматтары Крым менен байланыштырган чек араларды катуу текшерип атканы түшүнүктүү. Дагы бир көрүнүш – Украинанын орус тилдүү Донецк, Луганск облустарынан тынчыраак жай издеп Крымга ооп келгендери бар. Аларга тоскоолдук жок, бирок Орусия тараптан өткөндөрдү катуу текшерип атышат.

"Азаттык": Украинанын жаңы президенти Петро Порошенко Крымды кайтарып алабыз деп кайталап келатат. Муну ишке ашыра турган стратегиясы барбы? Сиз анын планы ишке ашаарына ишенесизби?

М.Жемилев: Менимче, Украинадагы шайлоого катышкан бардык талапкерлер ичинен эл өзү эң татыктуусун тандап алды. Петро Порошенконун башынан бир бекем жарандык позициясы, мекенчил көз карашы бар. Көпчүлүк астында абийири таза адам катары белгилүү. Миллионер болсо да. Верховная Радада чогуу иштешип калдык, көп маселелер боюнча көз карашыбыз бирдей. Баарынан башкысы ал Крым чөлкөмү Украинага кайтарылышы керек деп ачык айтып келатат. Украинада саясатчылар мурдагыдай эле бири-биринин кемчилигин издеп чукушуп жата берсе, эч кандай жыйынтык болбойт. Порошенко тышкы иштер, экономика министри болуп иштеген, депутат катары кадыры жогору. Өлкөнүн ички резерв, мүмкүнчүлүктөрүн иштетиши керек, коргонуу тармагын күчтөндүрүү зарыл. Янукович бийликте турган төрт жылда коргонуу иши нөлгө түшүп кеткен. Орусия аны билген. Азыр эми Порошенко армияны көтөрөбүз деп атат, көтөргөн күндө да Орусияга каршы туруу кыйын болоорун баарыбыз билебиз. Орусия коргонуу иштерине жылына 70 миллиард доллардай сарптаса, Украина ага 1 жарым миллиарддай гана коротот. Айырма аябай чоң. Ошентсе да, биз Украинанын жарандары - эл аралык коомчулукка, ошол эле Орусия кол койгон ар бир мамлекеттин бүтүндүгүн, коопсуздугун кепилдеген, кол салбоого убада кылган келишимдердин аткарылышына үмүт артабыз. Крым татарлары, биз өз кезегибизде Украинанын аймактык бүтүндүгү калыбына келтириле турган күндү жакындатууга колдон келген аракетибизди жасайбыз.

"Азаттык": Орус бийликтери азыр крым татарларын бөлүп-жарып башкарууга аракет кылып атканын айттыңыз. Москвалык эксперттер Украина качан крым татарларына жакшылык кылды эле? Күчтөп жер которууга аргасыз болуп, кийин кайра мекенине кайтып келген татарлардын укуктарын коргоп койду беле? - дегендей суроо берип жатышат. Украин бийликтери кайдыгерлик кылганы чынбы?

М.Жемилев: Украина бизге 23 жыл ичинде эч нерсе берген жок деп айтуу адилетсиздик болмок. Украина бизге биринчи кезекте эркиндикти берди. Биз эми Орусиядагыдай Путиндин режими астында жашай албайбыз. Эркиндикке көнүп калган калкпыз. Украина – ал мындай, же тигиндей деп айткыдай бир адам эмес да. Анда крым татарларына жан тартып жардам бергиси келгендер да бар. Өз капчыгынан башканы ойлобогон кайдыгер кишилер да бар, аппачык душмандарыбыз да жок эмес. Ушундай ар түрдүүлүк украин мамлекетинде гана эмес, парламентинде да бар. Биздин маселелер парламентте демократиялык күчтөр көпчүлүктү түзгөндө чечиле баштайт. Крым татарлары Украина көз карандысыздыгын жарыялагандан бери бардык шайлоодо добушун улуттук демократиялык күчтөргө берип келатат. Бирок парламентте ар дайым башка багытталагылар көпчүлүк болгондуктан, биздин көйгөйгө көңүл бургандар аз болду. Крымдын аймактык маанисин туура түшүнүп, украин бийиктери убагында көп нерселерди жасап койсо болмок, антишкен жок. 27-февраль күнү Крым автономиялуу аймагынын Жогорку Кеңешин жана жергиликтүү өкмөттүн имаратын террористтер басып алганда, алар мыкты куралданганы менен 100дөн ашыгыраак гана киши болчу. Ошондо Киевдеги бийликтен бизге аянтка чыгып, каршылык көрсөтпөгүлө, адамдар жабыр тартышы мүмкүн деген буйрук келди. Крым татарлары уюшуп чыгууга даяр турган элек. Айтайын дегеним, Украинада адам өмүрүнүн баасы Орусиядагыдан кымбат бааланат. Элестеткиле, Орусияда ошондой болгондо Москва бизге таптакыр башкача буйрук бермек

"Азаттык": Кыргызстан Бажы Биримдигине кирүү багытын тандады. Кыргыз бийликтери бизде мындан башка жол жок. Биз Орусияга экономикалык, энергетикалык жактан көз карандыбыз. Орусияга кошулбасак Украинаны карагыла кандай болуп атканын дегендей айтышат. Янукович жана башкалардын тажрыйбасын эске алсак, сиз кыргыз бийликтерине кандай кеңеш берет элеңиз?

М.Жемилев: Татаал суроо бердиңиз. Мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн көбү ар кимиси ар башка деңгээлде Орусияга энергетикалык жактан көз карандылыгы бар. Мен Нурсултан Назарбаевди кыраакы, алысты көрө билген саясатчы эсептеп, жолугушайын деп жүргөн элем. Ал Крымдагы референдумду, башкача айтканда, оккупацияны колдоп чыккандан кийин каап деп калдым. Казакстандын түндүгү Орусияга ыктайт, келечекте ал жерди да Москва каратып алса, Назарбаев эмне деп айтат? Крымдагы референдумду тааныбадыңыз беле деп оозун жабышат да. Инвестициялар, чоң долбоорлор бар ортодо. Ошентсе да, азыркы экономикалык, же энергетикалык кызыкчылыкты алдыга коюп, эгемендиктин бекемдигин ойлобосо, элдин келечеги үчүн абдан коркунучтуу. Ар бир мамлекет, аны башкарган саясатчы бардык иште адилеттүүлүк, ар намыс, абийирин жакшылап калчашы керек. Кыргызстан өз позициясында катуу турса, башка өлкөлөр аны карабай таштап кетмек эмес. Азыркы Орусиядагыдай диктатордук режимдин көзүн карай бергенден башка өлкөлөрдүн жакшы мамилесине да татый албайт. Өз алдынча көз карандысыз мамлекет катары бутуна да туруп кете албайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG