Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Ооганстанга ким акча берет?


Ооган аялдарынын атайын күчтөрүнүн өкүлдөрү маөыгуу учурунда, Кабул, 11-апрель, 2012

Ооган аялдарынын атайын күчтөрүнүн өкүлдөрү маөыгуу учурунда, Кабул, 11-апрель, 2012

20-21-май күндөрү Чикагодо НАТОнун саммити өтөт. Анда Америка Кошмо Штаттары 2014-жылдан кийин, Ооганстандан эл аралык аскерлер чыгарылгандан соң, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого ким акчалай колдоо көрсөтө алаарын аныктаганга аракет кылат. Бирок олуттуу колдоо бере тургандар барбы?

Азыркыдай экономикалык кризис маалында акча сураш чындап эле оңой нерсе эмес. Ошондуктан Вашингтон үчүн алдыдагы саммит татаал болоору турган иш. Бирок бул саммит донорлордун конференциясы эмес. Ошентсе да 2014-жылдан кийин Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө жылына 4 млрд. доллар акча жиберип турганга ким жарайт деген суроо жыйында үстөмдүк кылаары айтылууда. Америкалык жана ооган күчтөрү жылына жергиликтүү аскер күчтөрүнө ушунча акча керек болот деп эсептеп чыгышкан.

Маселенин бары НАТОнун европалык өнөктөштөрүндө азыр Ооганстанга көмөк көрсөтүүгө ашыкча акчасы жоктугунда болуп жатат. Алтургай Еврозонадагы кризистин айынан азыр алар ооган аскерлери менен полициясына жардам тууралуу сүйлөгүсү жок.

АКШ зарыл болгон жалпы сумманын үчтөн экисин өзү төлөмөк болгон, бирок америкалык расмий өкүлдөр НАТО боюнча башка өнөктөштөрү жок дегенде жылына 1,3 млрд.доллар бөлүп турушсун деген суроону көтөрүштү. Азырынча Германия жылына 193 млн. доллар, Британия 110 млн. доллар жана Австралия 100 млн. доллар салым кошконго даярдыгын билдиришти.

Швейцариядагы Коопсуздук саясаты борборунун өкүлү Граем Херд маселенин өзөгүн мындай деп түшүндүрдү.

- НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин былтыркы отчетун окуп көрсөңүз, альянстын канчалаган мүчөсү жылына армияга, коргоо тармагына ички дүң өндүрүмүнүн 2% коротуш керек деген талапты аткаралбай жатышканын билесиз. Көптөр 1% аз акча коротушат. Демек Европа алсыз болуп калды, акча такыр жок.

Анткен менен Херддин айтымында, алдыдагы саммитте НАТОнун Европадагы өнөктөштөрү Вашингтондун басымы астында “акча бере албайбыз” деп четке чыга бере алышпайт. Бирок алар өздөрүнө тагылган жүктү азайтуу максатында кошкон ар бир тыйыны үчүн катуу көзөмөл болушун талап кылып, шарттарын катаалдаштырышат.

"Саясий экзамен"

Буга ачык эле бир себеп бар – Европадагы өкмөттөр азыр коомдук пикирди эске албай кое алышпайт. Германиянын Эл аралык мамилелер кеңешинин өкүлү Хеннинг Рикке Ооганстанда аскердик, атайын күчтөрү бар өлкөлөр заматта ал жактан чыгып кетсе, өздөрүнүн буга чейинки жоготууларына көзүн жуумп коюшкандай болуп калмак дейт.

- Европадагы мамлекеттерде азыркы милдеттенмени алалы деген саясий каалоо бар. Анткени ооган жеринен өз аскерлерибизди татыктуу чыгарып кетүүгө жергиликтүү аскерлер менен полицияны колдоп туруш керек.

Европа өлкөлөрү Ооганстанга жардамыбызды аябайбыз деп улам убада беришсе дагы реалдуу салым кошууну калаагандардын аз болуп жатканы - учурда Батыш Ооганстанга көмөгүн азайтат дегенди билдиргендей.

Лондондогу Chatham House изилдөө борборунун аналитиги Гарет Прайстын ишениминде, Батыш азыр Ооганстанга эми регионалдык коңшулары жардам берсин деген ишаратын көрсөтүүдө. Ошондуктан Чикагодогу саммит, анын айтымында, кызуу талаш-тартыштар менен өтөөрү күтүлүүдө.

- Анткени адамдар өздөрү бере ала турган жардам тууралуу заматта чечкиндүү айтышпайт. Башкалар, маселен, экономикалык кризистен көп жабыркабаган Перс булуңундагылар же Кытай “жардам кылса болот эле” дегендей түр көрсөтүп тура беришет.

Кош келиңиз!

Мында негизги ролду Индия ойношу мүмкүн. Прайстын айтымында, Нью-Дели менен Кабул былтыр октябрда коопсуздук жана соода-сатык боюнча келишимге жетишкенден кийин Индия да Ооганстанга олуттуу салым кошчулардын катарына кирет го деген ишеним жаралган.

Ошентсе да Индия менен Кытай ооган коопсуздугу үчүн акча корото алаарын айтыша элек. Бул миссияга азыр Жапония же Перси булуңундагы мамлекеттер да кошулганы байкалбайт.

Олуттуу салым кошчулардын катарында Орусия аталууда. Орус тышкы иштер министри Сергей Kавров апрелде Москвада сүйлөп жатып, Ооганстандан 2014-жылы чет-өлкөлүк аскерлер чыгып кеткенден кийин баңги зат аткезчилиги менен терроризм күчөп кетет го деп тынчсыздануусун бардыгын айткан.

Буга НАТОнун баш катчысы Расмуссен дароо жылуу пикирин билдирип, “Биз 2014-жылдан кийин ооган жеринде коопсуздукту камсыздоо үчүн Орусиядан да, Кытайдан да жана башка өлкөлөрдөн жардам күтөбүз”, - дегени бар. Бирок ошондон бери бул жөнүндө эч ким сүйлөй элек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG