Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Москвада кылмыш кылганы үчүн издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды


Москва полициясы
Москва полициясы

Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ага ылайык, Москва метросунун полициячылары документ текшерип жаткан учурда мекенинде кош бойлуу аялды өлтүргөнү үчүн издөөдө жүргөн кыргызстандык жаранды кармашкан. 33 жаштагы Алишер Х. аттуу адам учурда камакка алынган жана жакынкы убактарда Кыргызстандын күч кызматтарына өткөрүлүп берилет.

Кыргызстандын Москвадагы милиция өкүлчүлүгү бул боюнча эч кандай маалымат бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG