Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

НАТО жыйынын утурлаган амбициялуу жүрүштөр


Одесса портундагы НАТОнун кемелери
Одесса портундагы НАТОнун кемелери

АКШ Сенаты Черногориянын НАТОго кошулуусун колдоду. Удаа эле Кошмо Штаттарынын жетекчилиги менен Балтика боюндагы өлкөлөрдүн министрлери жолугушту. Марттын аягында өтүүчү НАТО жыйынында Орусияга карата басымды күчөтүү зарылдыгы талкууланары айтылууда.

28-мартта 97 сенатор Черногорияны НАТОго кошууну колдоду. Экөө гана каршы чыгышты.

- Дээрлик бир добуштан кабылдоо менен Сенат Черногория менен чогуу бекем турарын жана Кремлдин опузасына каршы экенин ачык туюнтту, - деди сенатор Жин Шахин.

Эми документке президент Дональд Трамп кол койсо күчүнө кирет. Испания менен Голландия эле макулдук берсе, Черногория НАТОнун 29-мүчөсү болуп калат.

Черногория
Черногория

Черногория калкы 600 миңден ашыгыраак Балкандагы чакан мамлекет. Өткөн жылы аларда төңкөрүш аракети болгон. Айрым бийлик өкүлдөрү өлкөнүн НАТОго кошулуусунун алдын алуу үчүн буга Орусия көмөктөштү деп айыпташкан.

Москва аны четке какканы менен, Черногориянын альянска киришине каршылыгын жашырбайт.

Европа чыгышындагы турумдарын бекемдеп жаткан НАТО үчүн Балкандагы бул өлкөнү кошуп алуу маанилүү. Өткөн жумада НАТО күчтөрүнүн Европадагы башчысы, генерал Кертис Скапарротти АКШ Сенатынын комитетинде сүйлөп жатып Черногорияны кошпой коюу альянска кирүүнү каалап турган башка өлкөлөрдүн көңүлүн кайт кыларын айткан.

Ал өлкөлөр: Орусия аскери менен аймагына кирип барган Грузия, Крымды алдырып, чыгышында орусиячыл жикчилдер менен согушуп жаткан Украина.

Кертис Скапаротти
Кертис Скапаротти

Кийинчерээк Сенаттын дагы бир жыйынында сүйлөп жатып Скапаротти жогорудагы мисалдар менен Европанын өзүндөгү өзгөрүүлөрдү эске алып мындай деди:

- Бүгүнкү европалык чөйрө жаңы тарыхыбыздагы эң бир динамикалуу болууда. Биздин аймак аралык, көп тармактуу, көп функциялуу коопсуздугубузга коркунучтан улам саясий туруксуздук жана экономикалык белгисиздик күчөп жатат. Кайрадан дүйнөлүк державага айлануу далалатындагы Чыгыштагы Орусия өнөктөштөн каршылашка айланды.

Кошмо Штаттардын сенаторлору добуш берип жатканда АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Балтика боюндагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерин да кабыл алды. Ал жолугушуудан демдүү чыккан Литванын министри Линас Линкявичюс:

- Биз дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек. Ошол эле учурда айланада болуп жаткандарды беймарал карап отура бербешибиз зарыл. Чынында бизге альянс, биздин өнөктөштөр кепилдеген коопсуздуктан шектенүүгө себеп жок. Бирок айрым державалар бийлик үстөмдүгү менен Европадагы чек араларды өзгөртүп, коңшуларына бастырып кирип, кошуп аларына ишенип жаткан учурду биз нормалдуу кабылдабашыбыз абзел. Ошондуктан биз европалык өнөктөштөрүбүздүн, АКШнын ырааттуу кадам, позицияларына таянышыбыз керек.

Мурдараак НАТОдогу өнөктөштөрү АКШнын жаңы администрациясы альянска канчалык ылым санаар экен деп чочулап турушкан. Буга президенттик шайлоо кампаниясы учурунда Дональд Трамптын НАТОну сындап, "эскирген" деп аташы, уюмдун чыгымдарын бардык мүчөлөр бирдей көтөрүшү керектигин талап кылышы негиз болуп келет.

Анын үстүнө 5-6-апрелге белгиленген НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынына да Тиллерсондун катышпай турганы чочулоону күчөткөн. Кийинчерээк Тиллерсон үчүн жыйын 31-мартка жылдырылган.

Анда мамкатчы аскерий өнөктөштөрү менен Орусиянын коңшуларына карата агрессиясына каршы жана Украина чыгышындагы согушту токтотуу боюнча милдеттемелерин аткаруусуна басым көрсөтүүнү талкуулары болжолдонууда.

НАТО жана ага мүчө айрым өлкөлөрдүн туусу
НАТО жана ага мүчө айрым өлкөлөрдүн туусу

Орусия менен НАТОнун мамилеси Москва 2014-жылдын жазында, Крымды аннексиялагандан кийин кескин муздаган.

Андан бери НАТО Орусия жараткан коркунучтардан улам деп, чыгыш фланг - Балтиканын үч өлкөсү менен Польшадагы аскерий кубатын чыңдады. Буга жооп иретинде Орусия да батыш чек араларын чыңдап, Европа коюнундагы облусу Калининградга "Искандер" ракетасын жайгаштырган.

Ортодогу мамиле кансыз согуштун деңгээлине түшүп кеткени айтылып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG