Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Түштүк Африка жумуриятында апартеидге каршы күрөштүн башатында туруп, дээрлик 30 жыл түрмөдө отурган соң даңазалуу адам катары эркиндикке чыгып, өлкөсүнүн биринчи кара президенти болгон Нельсон Мандела 95 жашында дүйнө салды.

Түштүк Африка Республикасынын туңгуч президенти Нельсон Мандела 5-декабрда саат 20:50дө 95 жаш курагында көз жумду.

Турмуштун чоң жолуна аттангандан эле Мандела апартеидге көмүскө каршылык көрсөтүү кыймылынын жол башчысы болгон. Бара-бара саясий айыпкер катары анын атагы таш жарды, президент болгондон кийин өз өлкөсүнүн көп расалуу демократияга өтүшүнүн символуна айланды.

Нельсон Манделанын өз аты Ролихлахла Мандела болгон. Ал 1918-жылы Түштүк Африканын Транскеи деген жеринде уруу башчынын үй-бүлөсүндө туулган. Айтканга оңой болгондон го, мугалими аны Нелсон деп чакырган. Ошол бойдон ушул ат калып калган.

Атасы уруу башчысы болгондуктан, Нельсон Мандела университетте окуй алды. Окуусун бүткөндөн кийин Йоханнесбургдагы юридикалык фирмада үйрөнчүк болуп иштеди. Бирок кара түстүү болгондуктан, анын өз кесибинде жогорку тепкичке көтөрүлүшү дээрлик мүмкүн эмес болчу.

Нельсон Манделанын кайтыш болгонун угуп, анын үйүнүн алдында чогулгандар

Нельсон Манделанын кайтыш болгонун угуп, анын үйүнүн алдында чогулгандар

Айтор, 1948-жылдагы шайлоодо апартеидди же расалардын караманча бөлөк болушун колдогон Улуттук партия утуп алат. Ошону менен каралар ага чейин деле ашып-ташып кетпеген укуктарынын көбүнөн кол жуушту. Аларга көп кызматтарда иштөөгө тыюу салынды, ак түстүүлөр менен бирге автобуска түшүп, сейил бактагы орундукка чогуу отура албай турган болушту. Ал гана эмес, өз өлкөсүндө ээн-эркин жүрүүгө тыюу салынды. Башкача айтканда, ошол жылдан тартып, каралар турмуштун кылда чекесине түртүлүп салынды.

Ошол кездеги өкмөт башчысы Хендрик Френш Фервурд 1950-жылдары апартеиддин максаты - Түштүк Африкада ак түстүүлөрдүн түбөлүк үстөмдүгүн бекемдөө экенин өз жолдоочуларына улам эскертип турчу. Ал «Бул республика ак түстүү адамдын дүйнөдөгү үстөмдүгүнүн ажырагыс бөлүгү» дечү.

Мандела мындай кыянат үстөмдүктү камсыз кылган мыйзамдарга зордукчулуксуз каршылык көрсөтүүнү туура көргөн Африканын Улуттук конгрессинин жаштар канатына кошулат.

Мандела бир кездери Түштүк Африкада жашап кеткен, Индиянын Британ оторчулугунан тынчтык жол менен боштондук алуусуна жетишкен Махатма Гандини олуя туткан. Бүт дүйнөдө миллиондорду зордукчулуктан баш тартууга шыктандырган, жарандык укуктар жана эркиндик кыймылына шык берген Гандини Мандела көп эскерген.

Бирок 1960-жылдары Африкалык улуттук конгрессте Мандела жана анын шериктери мындай күрөштөн майнап чыкпайт деген бүтүмгө келишкен. Өкмөт чукул абал киргизип, демонстрацияларды күч менен баса баштаганда конгрессчилер "зордукка зордук" деген ураанды колдонууга алышат. Ошол эле кезде башка африкалык мамлекеттерден айырмаланып, Африкалык конгресс "партизандык согушка өтпөйбүз, адамдарды бутага албайбыз" деп чечкен. Анын ордуна мамлекеттик менчикке кол салып, почта, телефон бөлүмдөрүн жардырышкан. Мандела 1962-жылы камалып, беш жылга кесилген. Эки жылдан кийин ал түрмөдө отурганда, башка конгресс активисттери менен бирге «бийликти кулатуу» аракети үчүн өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө кесилген.

Мандела жарым жыл мурда ооруп калганда, анын сакайып кетишин тилеп, миңдеген адамдар Мандела жаткан оорукананын алдында топтолушкан

Мандела жарым жыл мурда ооруп калганда, анын сакайып кетишин тилеп, миңдеген адамдар Мандела жаткан оорукананын алдында топтолушкан

Ошол сотто Мандела төрт саат сөз сүйлөп, Африкалык Улуттук конгресстин эмне себептен жаңы тактиканы тандап алганын түшүндүрүп, кыймылдын талаптарын ачыктаган. Ал талаптардын башкысы - кара түстүү көпчүлүккө саясий тең укук ыйгаруу болгон. Ошондо Мандела өлүм жазасына да даяр экендигин мындайча жарыялаган:

Мен ак түстүүлөрдүн үстөмдүгүнө каршы күрөштүм. Мен кара түстүүлөрдүн үстөмдүгүнө да каршы күрөштүм. Мен ушул максат үчүн жашайм. Бирок Кудай өзү көрүп турат, эгер керек болсо өмүрүм баштан садага.

Сот мыйыгынан жылмайып, аны Роббен аралындагы кирсе чыккыс түрмөгө айдаган. Бул түрмөдө Мандела өмүрүнүн 27 жылын өткөрдү.

Темир тор артында отурганда, Манделанын аты алыска тарап, апартеидге каршы кыймыл дүйнөлүк масштабга жетет. Бириккен улуттар уюму Түштүк Африкага каршы курал эмбаргосун киргизет. Бул өлкөнү бойкоттогондор көбөйүп, Мандела Жер шарындагы эң атактуу абийир туткунуна айланат.

Ал 1990-жылы боштондукка чыкканда, Манделаны баатырдай тосуп алышты. Түштүк Африкада жаңы доордун таңы ата баштаган эле. Андан кийинки үч жылда Түштүк Африканын президенти Де Клерк менен бирге Мандела апартеиддин структурасын бузуп, жок кылуунун үстүнөн иш алып барды. Анын шарапаты менен өлкөдө биринчи жолу демократиялык шайлоо өттү. Бул эмгеги үчүн Мандела Де Клерк менен Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыды.

1994-жылы өлкөдө алгачкы көп расалуу шайлоодо ал президент болуп шайланды. Ал бир мөөнөт иштеп, улуттук жана эл аралык элдешүү ишмердүүлүгү үчүн дүйнөнүн урмат-сыйына татыды. Мандела 1999-жылы кызматынан кеткенде, артында көп көйгөйлөр калды. Бирок өлкө алга арыштап баратты.

Кийин тун баласы СПИДден өлгөндө, Мандела жыныстык билим берүүнүн колдоочусу болуп калды. Ал уулунан СПИДдин айынан айрылгандыгын эл алдында тартынбастан айтып чыкты. Ал кезде бул жабык тема болгон. Ошону менен Мандела дагы бир жолу өзүнүн канчалык кайраттуу адам экендигин көрсөттү.

Мандела 2004-жылы коомдук иштерден ардактуу эс алууга чыкты.

Нельсон Мандела көпчүлүктүн көзүндө ал туу туткан Махатма Гандинин деңгээлиндеги, кара күч менен эмес, ар бир адамдын көкүрөгүндө катылуу акыйкаттык менен адамгерчиликке болгон умтулуу аркылуу бүтүндөй өлкөнү өзгөрткөн адам катары эсибизде калат.

95 жаштагы Мандела Йоханесбургдагы үйүндө көз жумду. Түштүк Африка Республикасында 6-декабрь аза күтүү күнү болуп белгиленди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG