Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Нобел 2011: америкалык экономисттерге ыйгарылды


Нобель сыйылыгынын жаңы лауреаттары, америкалык профессорлор Томас Саржент (оңдо) жана Кристофер Симс (солдо).
Нобель сыйылыгынын жаңы лауреаттары, америкалык профессорлор Томас Саржент (оңдо) жана Кристофер Симс (солдо).

Томас Саржент Нью-Йорк университетинде, ал эми Кристофер Симс Принстон университетинде эмгектенишет. Экөө тең 68 жашта.

Томас Саржент жана Кристофер Симс өз эмгектеринде экономикалык саясаттын макроэкономикалык көрсөткүчтөргө тийгизген таасирин чыныгы турмуштук фактылардын негизинде изилдеп, үйрөнүшкөнү үчүн эл аралык жогорку мартабалуу сыйлык берилди.

Илимпоздордун өкмөттүк түзүмдөр кабыл алган чечимдердин жеке менчик ишканаларга тийгизген таасирине арналган изилдөөлөрү ишкерлер чөйрөсүндө эки илимпоздун ысымын белгилүү кылган.

​Швециянын Падышалык илимдер академиясынын 10-октябрдагы билдирүүсүндө америкалык эки илимпоз “экономикалык саясат менен ички дүң жыйым (продукция), инфляция, жумушсуздук жана инвестиция сыяктуу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн бири-бирине тийгизген таасирлерин эмпирикалык жол менен изилдегени үчүн ыйгарылганы” белгиленет.

2011-жылдагы Нобел сыйылыгын экономика боюнча лауреаты аталган Томас Саржент Нью-Йорк университетинде, ал эми Кристофер Симс Принстон университетинде эмгектенишет. Экөө тең 68 жашта.

Нобелдин экономика жаатындагы сыйлыгы боюнча комитеттин мүчөсү Пьер Крюссел окумуштууларга сыйлык ыйгаруу себебин мындайча түшүндүрдү:

- Томас Саржент жана Кристофер Симс макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү түшүнүүдөгү кыйынчылыктарды аңдап-түшүнгөнгө жардамдашкан методдорду өнүктүрдү. Алардын методу бизге эмне эмнеден келип чыкканын билүүбүздү бир кыйла жеңилдетти. Биз азыр жумушсуздук жана инфляция өңдүү макроэкономикалык көрсөткүчтөргө саясат кандай таасир эткенин билебиз.

Эки профессор эң абройлуу эл аралык сыйлыкка татыган изилдөөлөрүн 1970 жана 1980-жылдары өз алдынча жүргүзүшкөн. Алардын эмгектери лидерлер мамлекеттик карыздарды жабуу үчүн бирдиктүү саясат иштеп чыгып жаткан бүгүнкү жагдайда өзгөчө мааниге ээ.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Айылчы Сарыбаев Евробиримдиктин Грекия сыяктуу өлкөлөрдү финансылык капсалаңдан куткаруу боюнча жасап жаткан аракети Нобел сыйлыгын жаңы алган америкалык эки илимпоз жүргүзгөн анализдин туура экенин тастыктаган бир мисал экенин “Азаттыкка” айтты:

Профессор Сарыбаев америкалык эки экономистке Нобель сыйылыгынын ыйгарылыш себеби тууралуу
Түз линк

Чынында эле экономикага фискалдык жана монетардык саясаттын өзгөрүүсү, мунай-газдын, дан азыктарынын баасынын асман серпип күтүүсүздөн жогорулашы, же турак-жайдын капылет арзандашы дайыма таасир этип турат.
Профессор Айылчы Сарыбаев
Профессор Айылчы Сарыбаев

Экономика илиминин доктору Сарыбаев Нобел сыйлыгына арзыган изилдөөлөр экономикадагы неолиберализм теориясы өзүн актабай калганын, кризистен мамлекеттик саясатка таянып гана чыгуу мүмкүн экенин тастыктады деп эсептейт:

Ошол эле учурда кыргыз жетекчилиги төбөлсүздүк алгандан тарта экономикадан четтей берип, туруктуу саясат жүргүзбөй калганына көңүл бурду.

Биз азыр жумушсуздук жана инфляция өңдүү макроэкономикалык көрсөткүчтөргө саясат кандай таасир эткенин билебиз.

Нобелдик комиеттин мүчөсү Жон Хасслер айткандай, азырынча илимпоздор финансылык кризис каптаганда, анын зыянын азайтуу жана аны экинчи жолу болтурбоо үчүн эмне кылуу керек экенин так билишпейт. Анткен менен Томас Саржент жана Кристофер Симстин эмгектери учурудагы экономикалык кризисти түшүнгөндүн мыкты методу болот.

Белгилей кетчү нерсе, Кристофер Симс Принстон университетиндеги Нобел сыйылыгын алган алтынчы экономист.

Швециялык окумуштуу Альфред Нобел 1895-жылы өз атындагы сыйлыкты түзгөндө экономика ага кирбей калган. Экономика боюнча Нобел атындагы сыйлыкты 1968-жылы Швециянын Борбордук банкы негиздеп, кийинки жылдан тартып ыйгара баштаган.

XS
SM
MD
LG