Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Орус элчилиги: Набыт болгон жарандын туугандары байланышсын


Кырсыктан кийин (Сүрөт "Zanoza.kg" сайтынан алынды).
Кырсыктан кийин (Сүрөт "Zanoza.kg" сайтынан алынды).

Элчилик дипломаттын катышы бар автокырсыкта набыт болгон жарандын туугандары менен байланыша албай жатканын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анда Бишкектеги Орусиянын элчилиги маркумдун туугандары элчилик менен байланышуусун өтүнүп, телефон номурларын атаган.

Ага чейин набыт болгон айдоочунун жакындары элчилик жактан эч кандай аракет болбой жатканын билдирип, милицияга кайрыларын маалымдашкан эле.

Ал эми орус элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова “Азаттык” радиосуна бул боюнча комментарий бере албай турганын билдирген.

16-февралда Бишкекте Орусия элчилигинин Toyota Land Cruiser Prado унаасы менен «Мерседес-Спринтер» кагылышкан. Катуу ылдамдыкта бараткан жолтандабас кызыл жарыктан өтүп жүк ташуучу автоунааны сүзгөнү тартылган видео интернетке тараган. Кырсыктан «Мерседес-Спринтер» автоунаасынын айдоочусу көз жумган. Орус дипломаты да ооруканага түшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG