Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

АКШ президенти Конгресстеги жылдык кайрылуусунда өлкө экономикасы туруктуу өнүгүп, Ирак жана Ооганстандагы согуш аяктап калганына басым жасады. Барак Обаманын Орусия тууралуу айткандарын Кремль “дүйнөдө үстөмдүк кылуу аракети” деп сындады.

Барак Обама сөзүнүн башында эле АКШ экономикасындагы азыркы жагымдуу жагдайга токтолуп, жумушсуздук дүйнөлүк кризиске чейинки деңгээлден төмөндөп, экономикалык өсүш быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде 5%га жеткенине басым жасады.

- Дал ушул маалда, быйыл Америка үчүн бурулуш жыл болуп, экономика 1999-жылдан берки эң чоң ылдамдыкта өнүгүп, жаңы жумуш орундары түзүлүүдө. Жумушсуздук 5,6%га айланып, кризиске чейинки баскычтан ылдыйлады. Университеттерди бүтүргөн жаштардын, медициналык жактан камсыздандырылган жарандарыбыздын саны көбөйдү. Азыр биз чет элдик мунайга болгон көз карандылыктан соңку 30 жыл ичиндеги эң эркин деңгээлге жетиштик.

Бул АКШ президентинин анын Демократиялык партиясы ноябрдагы шайлоодо Конгресстин эки палатасындагы көпчүлүктү атаандаштары – республикачыларга уттуруп койгондон кийинки кайрылуусу. Республикачылар Обаманын иммиграция, ашыкча байларга салыкты көбөйтүү өңдүү пландарына каршылыгын билдирип келатышат.

Конгресстеги көпчүлүк мандаттарды алдырып ийген демократ президент бирок, дал ушул маалда ооматы келип тургандай ишеничтүү сүйлөдү. Өлкөнүн өнөр жайы өркүндөп өсүп, жаңы энергия булактары болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн, бюджеттеги тартыштык азайып, Америка азыр рецессиядан баш көтөрүп, келечек тарыхын жазууга чечкиндүү киришкенин белгиледи.

Тышкы саясатка келгенде, Обама Конгресстин макулдугун күтүп отурбастан айрым орчундуу аракеттер жасалганын, анын ичинде коңшулаш Кубага каршы көп жылдык эмбарго токтотулуп, Иран менен өзөктүк куралдар маселеси, Кытай менен глобалдык климаттын өзгөрүүсү боюнча активдүү сүйлөшүү уланып жатканына басым жасады. Албетте, АКШ лидери Орусиянын саясатын кыйгап өтпөй, “биз дүйнөдөгү чоң өлкөлөр чакан мамлекеттерди коркутуп-үркүтпөшү керек деген принципти карманабыз”, - деп баштады сөзүн.

- Өткөн жылы биз шериктештер менен Орусияга каршы санкцияларды кабыл алып, катуу иштеп жатканда, айрым байкоочулар Путиндин агрессиясын стратегия жана күчкө таянган шумдук бир көрүнүш деп коркутушкан. Азыр эми Америка күчтүү жана жакын өнөктөрүнө таянган өлкө болсо, Орусия экономикасы алдан тайып, башкалардан бөлүнүп обочолонуп калды. Америка ушинтип алдыга чыгат. Ызы-чуу салып бурганактабай, ырааттуу, бир багыттуу саясаты аркылуу баарын чечет.

Барак Обаманын бул айткандарын шаршембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сынга алып, "Америка дүйнөдө үстөмдүк кылгысы келээрин дагы бир жолу далилдеди" деп комментарийледи.

- Америкалыктар эрегиштик жолуна түшүп, өз кадамдарын сын көз караштан өткөрүүгө даяр эмес. Кечээки президент Обаманын кайрылуусу – Кошмо Штаттардын философиясынын өзөгү "биз номур биринчи өлкөбүз жана баары муну моюндашы керек" деп эсептээрин айгинелейт. Бул эскиден калган адат, азыркы чындыкты чагылдырбайт. АКШ дүйнөдө үстөмдүгүн орнотуп, теңата тараптар арасында 1-сапта тура албаарын көргөзөт.

АКШ президентинин бул жолку кайрылуусу чечкиндүү, ишеничтүү чыкканын байкоочулар азыр ал кийинки шайлоодо эмне болом деп санааркабай, артында калтыра турган мураска каниет кыла баштаганы менен түшүндүрүшөт. Мындан бир жарым жыл мурдараак жалпы элдин колдоосу 40%дын тегерегине чейин түшүп, соңку президенттер ичинен кадыр-баркы баарынан төмөн лидер атала баштаган Барак Обама соңку сурамжылоолор боюнча, калктын колдоосун бир аз артка кайтара баштады. Жалпы саясатын жактыргандар дале болсо америкалыктардын жарымынан азын түзөт.

Эми анын тарыхтагы ролу - ашынган байларга салыкты көбөйтүү, АКШнын иммиграция системасын реформалоо планы ишке ашабы, Иран багытындагы аракети, баарынан да Жакынкы Чыгышка бүлгүн салган "Ислам мамлекети" тобуна каршы стратегиясы кандай болот деген суроолорго барып такалат.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG