Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Алыстан туруп, сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү бүгүн Кыргызстанда жокко эсе. Бирок тоо коюнундагы алыскы айылда жашагандарда мындай билимди АКШда алууга мүмкүнчүлүк бар.

Атактуу Гарварддан же андан калышпаган Массачусетс технология институтунан бекер билим алгыңыз келеби? Болгону англисче жакшы жаза билишиңиз керек, ошондой эле ыкчам интернет байланышы болушу шарт.

Пакистандык Халид Раза АКШда окуган университетине 11 миң чакырым алыcтагы үйүнөн туруп, алгачкы үй тапшырмасын жиберди.

Пакистандын түндүк чыгышындагы Шакар Гарх шаарынын 25 жаштагы бул тургуну учурда АКШдагы Массачусетс технология институтунда «Глобалдык жакырчылыктын көйгөйлөрү» деген курста окуйт. Мугалими аталган университеттин профессору мурда Дүйнөлүк банкта кеңешчи болуп иштеген.

Халид үй тапшырмасын автобуста баратып жиберди:

- Мындай нерсе мурда үч уктаса түшүмө кирмек эмес. Автобуста бараткам, досум жанымда отурган. Мен ноутбугумду алып чыгып, бир нерсе жазып жатканымды көрүп «Бул эмне?» деп сурады. Мен АКШда окуп атам, ушундай- ушундай деп айтсам, уккан кулагына ишенген жок.

Дүйнөдөгү эң алдыңкы окуу жайлардын биринде окуш үчүн Халид бир тыйын да короткон жок. Бул үчүн ага окууга болгон кызыгуусу жана интернет жетиштүү болду.

Халид «Моокс» (“massive open online courses” же “MOOCs”) деп аталган «массалык ачык интернет курстарында» окуган дүйнөдөгү бир нече миллион виртуалдык студенттин бири. Виртуалдык болгонунун себеби, албетте, ал мугалим менен бетме-бет отурбайт, курсташтары да дүйнөнүн чар тарабында жашайт. Ал эми билим алуу интернеттеги видео, сүрөт, квиз, талкуу такталары жана онлайн окуу класстары аркылуу жүрөт.

Бул окутууну ким каржылайт деп сурасаңыз, биринчиден курстарды бейөкмөт уюмдар уюштурат. Алардын бири «эдЭкс» (www.edx.org). Бул уюмдун президенти Анант Агарвал Массачусетс технология институтунда сабак берет. Анын ишениминде, «моокс» курстары дүйнөдө буга чейин болуп көрбөгөн өзгөрүштөргө алып келүүдө:

– Билим берүү түп-тамырынан өзгөрөт. Бүгүнкү технологиянын деңгээли менен катар «моокс» курстарын мындан 500 жыл мурда китеп баскан басмакана ойлонуп табылгандан кийинки билим берүүдөгү эң ири төңкөрүш деп эсептейм.

Анант Агарвал «сапаттуу билим алуу улам кымбаттап бараткан чакта, мындай мүмкүнчүлүктү жалпыга жеткирсек» дегендердин бири. «Моокс» программасынын башатында дал ушундай адамзаттын жалпы кызыкчылыгын жогору койгон профессорлор турган.

Албетте, кемчилик жок эмес. Мисалы катталып алып, бирок окубай таштагандар көп. Андан дагы кызыгуу минтип күн санап өсө берсе, коммерциялык эмес курстардын чыгымдары көбөйүп, ага акча төлөөгө туура келиши мүмкүн.

Азырынча «эдЭкс» өңдөнгөн уюмдар атактуу окуу жайлардын профессорлору жазган курстардын программасын башка университеттерге сатып, акча табат.

Андан тышкары, электрондук кол коюлган күбөлүктөрдү жана курста алынган баалардын тизмесин иш берүүчүлөргө же башка окуу жайларга жибергенде акча алат.

Агарвалдын айтымында, ачылганына бир жыл боло электе эле «эдЭкске» 192 өлкөдөн бир миллионго чукул киши катталган. Ал алдыдагы 10 жылда алардын саны бир миллиардга жетет деп ишенет.

"эдЭкстин" өкүлдөрү Кыргызстандан да окугандар бар экендигин бышыкташты. Udacity кимдин кайдан экенин сурабагандыктан, кыргыздар бар экенин айта алган жок. Интернет аркылуу сырттан окуткан уюмдардын арасында дагы Coursera бар. «Моокстун» айрым курстары жакында орус, казак, араб, жапон, португал, украин тилдеринде да ачылганы жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG