Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Бир чегим апийим, кадимки тапанча оюнчуктан тартып, куралдын түрлөрүнө чейин, атүгүл тирүү адамды, анын боор-жүрөгүн саткан уюшкан кылмыш топтору Кыргызстанга окшогон чакан өлкөлөргө караганда алда канча чоң акчаны айлантышат.

Кылмыш топторунун киреше булактары

Бириккен улуттар уюмунун эсебинче, эл аралык кылмыш топтору бир жылда кеминде 870 миллиард доллар пайда көрөт. Бул ВИЧ инфекциясы жуккан адамдарга көрсөтүлчү жардамдан алты эсе көп акча. Же бул акча дүйнөлүк экспорттун жети процентине тете болот.

Бириккен улуттар уюму - БУУнун Маңзат аткезчилигине жана кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Дэвид Даждын айтымында:

- Бул жерде бир катар коркунучтар бар. Глобалдык уюшкан кылмыштуулуктун каражаты – жылына 870 миллиард доллардын тегерегинде. Бул дүйнөлүк дүң жыйымдын 1, 5 процентке барабар көрсөткүчү. Бул өнүгүп келаткан өлкөлөргө бөлүнгөн каражаттан 6 эсе көптүк кылат жана дүйнөлүк экспорттун 7 процентин түзөт. Демек бул жерде эбегейсиз чоң сумма жөнүндө сөз болууда. Бул глобалдык кылмыштуулукка тиешелүү каражаттар – түрдүү кылмыштардан: маңзат аткезчилиги, адам аткезчилиги, мигранттарды сатуу, курал-жарак соодасы, дары-дармектердин контрабандасынан түшөт. Бул коркунучтарга - бир сөз менен айтканда - дүйнөнүн кайсы гана болбосун өлкөсү кабылууда.

БУУнун Маңзат аткезчилигине жана кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын соңку докладында: “Криминалдык топтор аялдарды сексуалдык кызматка, жаш балдарды кайырчылык, үй уурдаганга жана чөнтөкчүлүк үчүн пайдалануу максатында аткезчилик кылышат. Базардагы жасалма дары-дармек жана азык түлүк коомчулукту алдагандан башка алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат.

Уюшкан кылмышкерлер коопсуздук жана полиция кызматтарына сарпталган чыгымдарды көбөйткөнгө катар көпчүлүк өлкөлөр сактоого умтулган адам укуктарынын стандартарын бузат...”, - деп белгиленет.

Эң чоң пайданы кылмыш топтору маңзат аткезчилигинен табат. Бириккен улуттар уюмунун эсебинче, кылмыш дүйнөсүнө маңзат соодасы бир жылда орточо 320 миллиард доллар, жалгама-контрафакттык товарлардан 250 миллиард доллар, ал эми адам аткезчилигинен 32 миллиард доллар пайда көрүшөт.

Апийимдин мекени Ооганстан. Дүйнөлүк базарда сатылган героиндин 90 процентин Ооган жеринде өстүрүлгөн апийим берет. Ооганстандан Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан аркылуу Орусияга бир жылда 70 тонна героин ташылат.

Орусия базарында бир жылда 13 миллиард долларга, Батыш Европада 20 миллиард долларга маңзаттары сатылат.

Европага апийим Орусия жана Түркия аркылуу ташылат. Аткезчилер үчүн Түркия- Европанын дарбазасы саналат. Бир жылда Түркия аркылуу 95 тонна героин өтөт.

- Аткезчиликтин чордонунда маңзат аткезчилиги турат, - дейт Стамбулдагы Соода жана ишкерлик университетинин профессору Надыр Давлет. - Маңзаттары Араб өлкөлөрүнөн, Ирактан, Ирандан агылып, Түркия аркылуу Европага ташылат. Мыйзамсыз мигранттар Ооганстан сыяктуу жарды өлкөлөрдөн жана коогалаңдуу Ирактан келип, Грекия аркылуу Европа биримдигине кетет. Бул ишти түрдүү кылмыштуу топтор уюштурууда жана адам укугу маселесинде түрдүү проблемаларды жаратууда.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, бир килограмм героин Ооганстанда 2-2,5 миң доллар турат. Анын наркы Иран-Түркия чек арасына жеткенде 8 миң долларга чыгат. Батыш Европага жеткенде дагы кымбаттайт. Британия, Италия, Франция жана Германия героиндин Европадагы эң чоң керектөөчүлөрү.

Германияда кармалган маңзат аткезчилеринин ар бир бешинчиси же 19 проценти Түркиянын жарандары.

Адистердин айтымында, Орусияга маңзаттарын жакшы уюмдашкан кылмыш топтору ташыйт. Ооганстандан Москвага жеткен 2,5 кило маңзатынын баасы 50 миң доллардан аз турбайт. Бул орточо эмгек акыдан 100 эсе көп акча.

Улуттар Уюмунун Маңзат аткезчилигине жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кабарлашынча, бир жылда Орусияда 13 миллиард долларга героин сатылат.

Орусияда, расмий маалыматтар боюнча, маңзат аткезчилиги менен алектенген 450дөй кылмыштуу топтун 12 миңдей мүчөсү бар.

Кавказдыктар өлкөнүн кылмыш чөйрөсүнө тээ совет заманындан бери жигердүү аралашып жүрөт. Бирок борбор азиялык эмгек мигранттары маңзат аткезчилигине түздөн-түз аралашпайт.

- Мыйзамсыз бизнес, анын ичинде маңзат соодасы жана аткезчилигине Орусияга жумуш издеп келген борбор азиялык мигранттардын эч кандай тиешеси жок,- дейт питерлик серепчи Александр Горшков. - Ал эми кавказдыктарга токтолсок, Кавказдан чыккандар мурдагы Советтер Союзунун, ошондой эле бүгүнкү Орусиянын кылмыш дүйнөсүндө бир кыйла чоң роль ойношконун белгилей кетүүбүз абзел. Бирок кавказдыктар Санкт-Петербургдун кылмыш чөйрөсүндө үстөмдүк кылган деп айтуу жаңылыштык болор эле. Анткени Санкт-Петербург шаарын Орусиянын ортолук аймактарынан чыккан уюмдашкан кылмыш топтору бийлеген. Анткен менен, милициянын маалыматтары боюнча, көчөдө жасалган кылмыштарда этностук кылмыш топторунун, анын катарында борбор азиялыктардын үлүшү бир кыйла эле бар.

Деген менен 2000-2008-жылдары маңзаттарын сатып жүрүп Орусияда кармалган борбор азиялыктардын арасында кыргыз жарандары да бар.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандагы баңгилер бир жылда 11 тонна героин керектейт же киши башына алганда 40 граммдан туура келет. Экс-советтик Борбор Азияда 280 миң героин керектөөчү бар.

Контрафактык товарлардын мекени кайда?

Кара базарда маңзаттарынан кийинки эң өтүмдүү зат - бул товардын түркүн түрлөрү. Өнүгүп бараткан өлкөлөрдө жашыруун цехтерде тигилген кийим-кечеге, аялдардын аксессуарларын дүйнөдөгү белгилүү соода үйлөрүнүн этикеткасын чаптап, сатуу кеңири жайылган.

2009-финансылык жылда Кошмо Штаттарда 261 миллион долларга мындай жасалма товарлар кармалган. Европа биримдигине мүчө 27 өлкөдө колго түшүрүлгөн мыйзамсыз товарлардын көлөмү АКШда кармалганга барабар болот. Бирок, жалпы Европаны алсак, контрафакттык товарлардын суммасы 2009-жылы 867 миллион долларды түзгөн. Алардын 58 проценти кийим-кеченин түрлөрү жана түркүн аксессуарлар. Бул буюмдардын үчтөн экиси Кытайда жасалган.

Бул медициналык дары-дармектер үчүн да мүнөздүү көрүнүш. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө керектелген дары-дармектин 10 проценти жасалма. Ал эми Кыргызстан сыяктуу өнүгүп бараткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч отуз процентке тете.

Британ шериктештигинин бизнес кеңешинин билдиришинче, “Ушул тапта көпчүлүк контрафакттык дарылар Кытайда, Индияда жана Орусияда өндүрүлөт. Андай жасалма дарылардын маанилүү бөлүгү Нигерия жана Филиппиндеги жашыруун ишканаларда чыгарылганы тууралуу маалыматтар бар”.

Кылмыштуу топтор боюнча адистешкен журналист Александр Горшковдун байкоосуна караганда, Орусияда жалгама же контрафакттык товарлар көбүн эсе кытайлык эмигранттардын жашыруун цехтеринде жасалат жана андай ишканалардын кайсы бирин полиция жапса, анын ордуна тез эле жаңы цех пайда болот.

- Албетте жасалма товарлардын агымы полициянын атайын бөлүктөрү тарабынан көзөмөлдөнөт. Мындай иштерди тергөөдө чоң кыйынчылык жок. Бирок полиция тергөөнү кимдир бирөөлөрдөн түшкөн арыз болсо гана баштайт. Бир ирет ири эл аралык компаниялар базарды контрафакттык товарлар каптап кеткенин айтып даттангандан кийин полиция атайын операция өткөргөн. Мындай жалгама товарлар бүгүнкү күндүн эң чоң фабрикасы эсептелген Кытайдан келбейт. Батыштык фирмалардын этикеткасы жабыштырылган жалгама товарларды Орусияда негизинен кыйтайлык эмигранттар жашыруун цехтерде жасашат. Андай өндүрүш менен ырааттуу жана узак күрөшүү керек. Себеби андай ишкана жабылар замат, эртеси башка цехти ошол эле же башка жерде ачып алышат.

Шуркуялыкка келин-кыздарды саткан аткезчилер

Уюшкан кылмыштуу топторуна үчүнчү көп киреше берген тармак - бул адам аткезчилиги. Ал глобалдык илдетке айланган.

Бириккен улуттар уюму маалымдаганга караганда, дүйнөнүн 137 өлкөсүндө аткезчиликтин курмандыктары катталган. Ага карабай, кээ бир өлкөлөрдө алиге чейин адам аткезчилигине тыйуу салган мыйзамдар жок.

Эл аралык эмгек уюмунун билдиришинче, азыр күнүнө бери дегенде 2 450 миң адам аткезчилердин кесепетинен мыйзамсыз иштетилүүдө. Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, алардын экиден үчү аялдар жана алардын дээрлик 80 проценти сойкулук кылууга мажбурланат.

Бүгүн аткезчилер Европага аз дегенде 95 улуттагы аялдарды мыйзамсыз алып келишкен. Алардын көбү Орусия, Молдова, Болгария, Румыния, Украинадан жана сойкуканаларда иштешет.

2006-жылы адам аткезчилигине кабылгандардын 66 процентин аялдар, 13 проценти кыздар, 12 проценти эркектер жана 9 проценти балдар болгон.

Түркиядагы сойкулук жөнүндө стамбулдук серепчи, профессор Надир Давлет мындай дейт:

- СССР кыйрагандан кийин мурдагы советтик өлкөлөрдөн аялдар Түркияга көп келишти жана шуркуялык ишке көп пайдаланылды. Түрк мафиясы келин-кыздарды адегенде негизинен Орусия, Украина, Азербайжан, Грузия, Орто Азиядан, ошондой эле ныпталаш Болгария менен Румыниядан алып келишти. Бул иш бүгүн да уланууда. Себеби сойкулук кылган аялдар өз мамлекетине кайтарылганы менен алар Түркияга экинчи жолу жалгама паспорт менен келишүүдө. Бул маселени түрк полициясы чече албады.

Надыр Давылет баамдагандай, Түркияда акырындап украин жана орус шуркуяларды түркмөн жана өзбек келин-кыздар алмаштырууда. Ушул сыяктуу эле Испанияда колумбиялык аялдардын ордун бразилиялык жана парагвайлык курбулары ээлей баштаган.

Акыркы кезде аткезчилер Кытайдан, Вьетнамдан жана Камбоджанын келин-кыздарына оошту. Мурда аялдар негизинен Тайланддан ташылчу. Чыгыш Азия аялдары массаж жасачу жайларда, сауналарда же сулуулук борборлорунда сойкулук кылганга мажбурланат.

Украинада өткөрүлгөн изилдөөгө караганда, аткезчилер өз курмандыктарынын 70 процентин маяналуу жумушка орнотобуз, сулуулар конкурсуна катыштырабыз, модель болосуңар, университетте арзан окутабыз же бай күйөө таап беребиз деп азгырышкан. Ал эми ар бир бешинчи аялды түнкү клубдарда бийчи болосуң же массажчы болуп орноштурам деп алдашкан.

Кызыгы, украин аялдардын 11 проценти аткезчилерди күйөөлөрүнүн жардамы менен табышкан.

Санкт-Петербургдагы “Фонтанка.ру” интернет басылмасынын редактору Александр Горшковдун айтымында, Орусиядагы сойкулар негизинен өлкөнүн өзүнөн чыккандар:

- Шуркуялардын Орусиядагы базарында Борбор Азиядан келген сойкулар көп эмес. Себеби биздин өлкөбүз чоң жана өзүбүздүн шуркуяларыбыз жетиштүү. Алар бийлик менен эч кандай проблемасыз жашаганды билишет.

Алданып аткезчилердин колуна түшкөн келин-кыздар, ошондой эле эркектер кыңк этпей иштеп, тил кайрыбасы үчүн алар айоосуз жазаланып турат. Балкандык жана орусиялык кылмыш топтору өзгөчө мыкаачы болушат. Аткезчилер аялдарды көбүн эсе убада кылынган өлкөгө жетер замат зордуктап, зобун көрсөтө баштайт.

Адамды азгырган "жеңил акча"

Улуттар уюмунун маалымдашынча, бразилиялык аялдарды Испания жана Португалияга ташууда орусиялык аткезчилер негизги ролду ойношот.

Европанын сойку базарын улам жашартып туруу үчүн жылына 70 миң чамалуу аял алынып келет.

Аял-эркектер эмне үчүн аткезчилерге алданат? Анын себебин профессор Давлет
адамдын жакшы жашоого умтулуусу, тоталитардык өлкөлөрдө эркиндиктин жоктугу менен түшүндүрдү:

- Албетте, эмигранттар капиталисттик дүйнөнүн байдөөлөт өлкөлөрүнө, көбүрөөк акча тапчу өлкөлөргө умтулушат. Себеби, биринчиден, Батыш жана Ортолук Европа, Түркиянын эли бай деп ойлогондор көп. Экинчиден, ошол эмиграцияга бел байлап, жолго чыккан адамдардын өз өлкөсүндө ишсиздикке катар авторитардык зулум режим бийликте отурат. Ошон үчүн Орто Азиянын кээ бир республикаларынын, Африканын, Араб өлкөлөрүн жарандарынын эркиндик бар, молчулук, баргер, жашоо шарты жакшы жактарга барганга аракет кылганы табигый нерсе.

Уюмдашкан кылмыш топтору тапкан кирешенин үчтөн экисинен көбү банктар жана башка финансылык мекемелер аркылуу өтөт. Анткен менен, эсептөөлөргө караганда, алардын 1 процентке жетпеген бөлүгү гана колго түшүрүлөт.

БУУнун Маңзат аткезчилигине жана кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Дэвид Даждын айтымында, өнүгүп бараткан жана чабал өлкөлөр уюмдашкан кылмыштуулукка каршы күрөштө байдөөлөт өлкөлөрдүн жардамына муктаж. Болбосо, кылмыштуу топтор өлкөнү бейстабилдүүлүккө түртүп, элдин бейпил турмушуна капсалаң салат.

- Албетте дүйнөнүн айрым жерлеринде кылмыштуу топтор зордук-зомбулук жүргүзүп, жаңжалдарды пайда кылып, терроризмди жайылтууда. Ошондой эле экономикалык өнүгүүдө мыйзамды “төө бастыга алууда”. Мындай өлкөлөр жаңжалдан арыла албай, демократиялык кадамга бет алууда өтө чоң тоскоолдуктарга кабылууда. Андай өлкөлөрдө бийлик институттары алсыз, мыйзамдуулук деген жок – мындай жагдайда криминалдар бардыгын колго алат. Мындан бул коркунуч тууралуу жалпыга коңгуроо кагуу аркылуу гана чыгабыз. Эл аралык коомчулуктан андай өлкөлөргө колдоо жана көмөк керек. Дүйнөлүк кылмыштуулукту жок кылууда глобалдык деңгээлдеги чечимдер зарыл. Улуттук өкмөттөр ортосунда тыгыз алака-катышты күчөтүп, өз ара маалымат алмашуу, криминалдык дүйнөдө эмне болуп жатканы тууралуу толук кабардар болуу, тиешелүү уюм-агенттиктер ортосунда ишти ыкчамдатуу абзел. Маселен, мен Бириккен улуттар уюмунун маңзат жана кылмыш программасында иштейм. Биз башка агенттиктер менен тыгыз иштешип, чогуу аракеттенип, атап айтканда, кыйын өткөөл мезгилдеги улуттук өкмөттөр менен иштешип жатабыз.

Ошентип Улуттар уюмунун Маң аткезчилигине жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин директору Юрий Федоров айткандай: “Эл аралык кылмыш топтору ар бир регионго жана дүйнөнүн ар бир өлкөсүнө жетти. Мамлекеттер ортолук бул коркунучту токтотуу эл аралык коомчулуктун алдындагы эң чоң дүйнөлүк вазийпа”.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG