Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:57

Пакистанда премьер-министр коопсуздук күчтөрүнө өлкөнүн түштүк батышындагы Белужистан провинциясында сунниттердин экстремисттик тобун бутага алган операция өткөрүүнү буйруду. Расмий Исламабад мындай кадамга үч күн мурдагы кандуу булоондон кийин барууда. Анда бомба жардыруусунан 90го жакын киши мерт кеткен эле.

Пакистан премьер-министри Ража Первез Ашрафтын кеңсеси билдиргендей, коопсуздук операциясы Кветтада бейкүнөө жарандардын өмүрүн алган сунниттердин экстремисттик “Лашкар-е-Жангви” уюмуна каршы өткөрүлөт.

Ушул ишемби күнү Кветта шаарынын базарындагы жардыруудан 86 кишинин өмүрү кыйылган. Алар негизинен Пакистандагы хазарилердин шийит азчылыгынын өкүлдөрү. Бул кандуу окуя эки апта мурда эле Белужистан провинциясындагы кош жардыруудан 100дөн ашуун хазарилер набыт болуп, расмий Исламабад провинцияда федералдык тартип киргизип, жергиликтүү калкты “Лашкар-е-Жангвинин” кол салууларынан коргоону убада кылгандан кийин болду.

Акыркы кан төгүүдөн кийин бүткүл Пакистан боюнча нааразылык тутанды.

Хазари азчылыгы өкмөттөн акыркы беш жылда алардын бир миңдей өкүлүнүн өмүрүн кыйганы үчүн жоопкерчилик алган "Лашкар-е-Жангви" тобуна каршы чара көрүлүшүн талап кылууда. Нааразылык иретинде алар 16-февралда набыт болгон өкүлдөрүнүн сөөгүн жерге бербей жатышат.



Айрым аналитиктердин пикиринде, эгер бийликтер кризиске каршы чара көрбөсө, диний араздашуунун тереңдеши май айынын башына белгиленген парламенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратып коюшу мүмкүн.

"Эгер буга окшогон кол салуулар улана берсе, элдин көңүлүн шайлоого бурдуруу кыйынга тураары айдан анык. Эгер алардын өмүрүнүн жана мүлкүнүн коопсуздугу сакталбаса, саясатчылар жолугушууларды кантип өткөрө алышат? Коркуу жана бүдөмүк шартта шайлоону кантип өткөрүүгө болсун" - дейт белужистандык талдоочу Захур Шахвани.

“Лашкар-е-Жангви” тобу Пакистанды шийиттерден тазалоо мүдөөсүн ачык айткан.

Хазарилер жашаган Белужистан провинциясынын губернатору Зульфикар Али Магсинин пикиринде, акыркы кан төгүүлөр аларга бул мүдөөсүн орундатууга жол берилгенин көргөзүүдө.

Мындан улам Пакистандын коопсуздук жана чалгын кызматтарынын иши да күдүк жаратып жатат:

- Кылмышкерлердин сары изине түшүү өкмөттүн милдети. Алар камакка алынып, жазалануусу абзел. Аларды кармай албаганыбыз, биздин атайын кызматтардын алсыздыгын күбөлөндүрүп турат. Мунун эки себеби бар. Биринчиси - алардын изине түшүп таба албай жатышат. Экинчиси - коопсуздук күчтөрү өздөрү бутага алынып калабызбы деп коркушууда.

Коопсуздук чөйрөсүнө адистешкен пакистандык талдоочу Айеша Сиддиканын айтымында, бул өлкөдө шийиттерге каршы багытталган чабуулдар узактан бери эле Иран менен байланышта каралып келет.

Анткени талдоочунун пикиринде, Пакистандагы экстремисттик топтор, атүгүл коопсуздук мекемелериндеги күчтөргө Ирандын аймактык держава болуу мүдөөсү жана Пакистандагы шийит жамааттар менен мамилеси жакпайт.

Иранды шийиттердин диний режими башкарат. Пакистан - Ирандан кийин эле шийиттер эң көп жашаган өлкө. Андагы 180 миллиондой калктын 20% чукулун шийиттер түзөт.

Талдоочу Сиддикка белгилегедей, “Лашкар-е-Жангви” тобу Пакистандын чыгышындагы бир нече районго гана таасири бар кичинекей уюмдан ушу тапта кубаттуу улуттук жана транс-улуттук түйүнгө айланган кези:

- Бул азыр ресурсу бай уюм жана базасы чыгыштагы Пенжаб провинциясы менен эле чектелбейт. Азыр Синд менен Белужистанда активдүү. Шериктеринин бири Ооганстанда аракеттенген "Лашкар-е-Жангви" ал-Алами тобу. Уюмдун миңдеген адамдары бар. Алар 1980-жылдардан тарта согушуп келүүдө жана мүчөлүк түйүнү да кеңири.

Анткен менен “Лашкар-е-Жангвинин” бутасына алынган белужистандык шийит хазарилер тынчтыкта жашоого укуктуу экенин жана өкмөттү экстремисттик топко каршы чара көрүүгө мажбурлоо аракетинен баш тартпай турганын айтышууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG