Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Пакистанда суфилер кайрадан бутага алынды


Сехван шаарындагы кол салууда жакынын жоготкондор. 17-февраль, 2017-жыл.
Сехван шаарындагы кол салууда жакынын жоготкондор. 17-февраль, 2017-жыл.

Пакистанда бул апта кандуу окуялар менен коштолду. Өлкөнүн төрт провинция, эки шаарындагы кол салуулардан жүзгө жакын адамдын өмүрү кыйылды.

Кыянатчылыктардын эң ириси - Синд провинциясында, суфи мусулмандардын ыйык жайында болду. “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алган бомба чабуулунан 80дей пакистандык каза тапты, алардын отузга жакыны балдар.

Пакистандын быйылкы жылдагы эң кыянатчыл кан төгүүсүнө кабылган Синд провинциясында өткөн аптада жергиликтүү салт-санаага ылайык үч күн аза күтүштү. Аза күтүүгө коңшу Хайбер Пахтунква жана Балучистан провинцияларынын бийлиги менен эли дагы кошулду:

- Бул өзгөчө Синд провинциясынын жашоочулары үчүн ири трагедия. Синд тынчтыкты гана көздөгөн суфи ыйыктарынын жери да. Бул жерде терроризм үчүн эч орун болбошу керек эле, - дейт Сехван шаарынан жергиликтүү мугалим Яр Мохаммед.

Сексендей адамдын, анын ичинде отуздай баланын өмүрүн алган жардыруу 16-февралда пакистандык суфилердин мына ушул Сехван шаарындагы Лал Шахбаз Каландар сыйынуу жайына эл котолоп келген кезде болду.

Лал Шахбаз Каландар ыйык жайы.
Лал Шахбаз Каландар ыйык жайы.

Жанкечти өзүн ыйык жайдын аялдар үчүн ажыратылган бөлүгүндө жардырып жиберген.

- Мен бул жерден бир акырзаман келгендей көрүнүштү байкап жаттым. Ыйык жайыбыз - Лал Шахбаз Каландардын ички короосунда миңдеген адам жыйналып, ыйлап, боздоп жатышты. Кимдир бирөөнү алып кетейин деген эч ким болгон жок,- деди Асиф ысымдуу тургун кабарчыларга.

Бул аптада ар кандай жардыруулар менен кол салуулар Пакистандын төрт провинция, эки шаарында болду. Жалпысынан жүздөй адамдын өмүрүн алган бул жардыруулардын көпчүлүгү үчүн пакистандык талиптер, ал эми суфилердин ыйык жайындагы кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды. Интернет аркылуу таратылган билдирүүсүндө жанкечтисин “шейит кетти” деп даңктады.

Сехвандагы тажия. 17-февраль, 2017-жыл.
Сехвандагы тажия. 17-февраль, 2017-жыл.

Суфилерди Пакистанда диний азчылык катары саноого болбойт, бирок алар дайыма кол салууга кабылып келишет.

“Азаттыктын” Пакистан кызматынын кабарчысы Ахмад Шах Азами буларды белгиледи:

- Бул Пакистан үчүн жаңылык эмес. Суфилердин сыйынуу жайларына, күмбөздөрүнө маал-маалы менен кол салынып турат. Ал кол салууларды көбүнчө ашынган, радикал исламчылар жасашат. Негизи суфизмге Индия менен Пакистандагы мусулман калктын көпчүлүгү ишенет, тарыхый жагынан караганда деле суфизмдин мистикасын такай урматтап келишкен. Суфилердин сыйынуу жайлары Пакистандын ири шаарларында көп. Адатта аларга суннит, шиит мусулмандар да бара беришет. Алар баарыбыз мусулманбыз, көздөгөнүбүз – тынчтыкты, толеранттуулукту, бир туугандыкты жайылтуу деп санашкандыктан, мусулмандарды сен шиитсиң же суннитисиң деп бөлүшпөйт. Суфилердин ыйык жайларын пакистандыктардын көбү урматтайт. Адатта андай жайларга келгендердин саны бейшемби күндөрү, кандайдыр бир мааракелерде көбөйөт. Акыркы кыянатчылык да дал ушул бейшемби күнү жасалып жатпайбы. Менимче, Пакистанда суфилерди жеригендер - ашынган исламчылар, ваххабизм идеологиясына сугарылып, ваххаби исламдын Сауд арабиялык тибинин таасири астында калгандар.

Былтыр июнь айында Карачи шаарында таанымал суфи ырчысы Амджад Сабрини атып кетишкен болчу. Пакистан бийликтери Сехвандагы кол салууну кескин айыптады. Премьер-министр Наваз Шариф муну өлкөнүн келечегине кол салуу катары баалады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG