Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Пакистандагы терактка ИМ тобу жоопкер болду


Кветта, Пакистан
Кветта, Пакистан

Пакистанда өткөн түндөгү кандуу чабуулдун курмандыктарын акыркы сапарга узатып жатышат.

Өлкөнүн Кветта шаарында 25-октябрга караган түнү полиция академиясына жасалган кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды. Кол салуудан кеминде 61 кишинин өмүрү кыйылып, 100дөн ашууну жарадар болгон.

“Ислам мамлекети” террордук-экстремисттик тобуна караштуу жаңылыктар агенттиги ырастагандай, өткөн түнкү чабуулду алардын согушкерлери жасаган.

Үчтөн алтыга чейинки сандагы согушкерлер Пакистандын түштүк-батышындагы бул шаарчада полиция академиясынын жатаканаларында окуу жайдын кадеттери уктап жаткан кезде чабуул койгон:

- Үч же төрт согушкер казармага кирип келди. Түз эле бизди карай ата баштады. Биз ызы-чуу түшүп, кыйкырып, качтык. Мен үстүңкү кабатка чуркам чыктым, - деди кол салуудан аман калып, үрөйү учуп турган кадеттердин бири кабарчыларга.

Кветта Пакистандын Белучистан провинциясынын борбору. Бул провинциянын ички иштер министри Сарфараз Бажтинин айтымында, кол салуу жасалган кезде полиция академиясынын жатаканаларында 700дөй курсант бар болчу.

Согушкерлерди жок кылуу операциясы таңкы саат төрткө чейин созулду. Алардын кеминде экөө жанкечтиликке барып, өзүн-өзү жардырган.

“Азаттыктын” Пакистан кызматы - “Машаал” радиосунун журналисти Абдул Хай Какар биз менен маегинде белгилегендей, бул өлкөдө “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алып жаткан алгачкы ири кол салуу эмес:

- Кветта шаарында буга чейин адвокаттарга кол салынып, анда 74 адам мерт болгон жана ал үчүн да “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган. Мындан сырткары бул террордук топ Белучистанда эле эмес, Пакистандын башка аймактарында, өзгөчө түндүк бөлүктөрүндөгү кол салуулар үчүн жоопкерчилик алганын айтып чыккан. Ал эми Кветтада эки жарым айдай мурда адвокаттар бутага алынганда 60 адвокат, 14 жайкын тургундун өмүрү кыйылган. Анда адегенде адвокаттардын лидерине белгисиз согушкерлер кол салган. Ал ооруканага алынып келинип, калган адвокаттардын баары лидерин көрүү үчүн ошол жерге чогулганда, экинчи кол салуу болгон. Коопсуздук боюнча талдоочулар бул адвокаттардын баарын бир жерге чогултуу үчүн күн мурунтан пландалган чабуул экенин белгилешкен. Ушул окуяны эске алып, бийликтер бүгүн ооруканада коопсуздукту күчөтүштү, ал толугу менен курчоого алынып, оорукана ичине журналисттер да киргизилген жок.

Кветта шаары адатта ооган талиптеринин лидерлери жүргөн жер катары белгилүү. Бул жерде суннит жана шиит согушкерлеринин исламчыл топтору, ошондой эле балучи жикчилеринин табияты диний эмес да согушчан кыймылы бар.

Кветта, Пакистан
Кветта, Пакистан

Өткөн түнкү канды булоондон кийин Кветтада контр-террористтик операция жүргүзгөн күчтөрдүн кол башчысы генерал-майор Шер Афган адегенде кол салууну пакистандык талиптер менен байланышы бар “Лашкар-е-Жангви” тобунун “ал-Алими” канаты жасаганын билдирип, алар бул чабуулга Ооганстандагы шериктери менен биргеликте барганын белгилеген.

Кесиптешибиз, “Азаттыктын” Пакистан кызматынын журналисти Абдул Хай Какардын айтымында, өздөрүн “Ислам мамлекети” террордук тобунанбыз деп атаган согушкерлер Пакистанда жергиликтүүлөрдөн эле турат, ал эми согушчан топтордун кол салуу үчүн жоопкерчилик алуудагы атаандаштыгы кадимки көрүнүш:

- Пакистандагы “Ислам мамлекети” тобу жергиликтүүлөрдөн турат, арабдар эмес. Өзүн “Ислам мамлекети” тобунанбыз деп атагандар саны жалпысынан анчалык чоң эмес, бирок ар кайсы аймактарда жайгашканы чындык. Алардын ар кайсы кол салуулар үчүн жоопкерчилик алганына канчалык ишенүүгө болот жана бул канчалык чын бул өзүнчө суроо жараткан маселе. Себеби, адатта мындай кол салуулар жасалган кезде өлкөдө тыюу салынган согушчан уюмдардын бир нечеси атаандашып жоопкерчилик алат.

Кветтадагы полиция академиясына буга чейин 2006-2008-жылдары да кол салынган. Ал эми 2014-жылы декабрда Пешеварда аскерий адамдардын балдары окуган мектепке кол салынгандан кийин өлкөдө өлүм жазасын ишке ашыруу калыбына келтирилген.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG