Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:27

Израилдин мурдагы президенти, Нобель сыйлыгынын ээси Шимон Перес 93 жашында дүйнө салды. Ал эки жума мурда инсульт алып, Тель-Авивдеги ооруканага жаткырылган эле.

Шимон Перес Израил тарыхында тынчтыкты сүйгөн жана ага умтулган лидер катары калды.

Ал тышкы иштер министри болуп турган кезде палестин лидери Ясир Арафат жана Палестинаны бошотуу уюму менен жашыруун сүйлөшүү жүргүзгөн. Мунун натыйжасында 1993-жылы Ослодо тынчтык келишимине кол коюлган.

Келишим менен палестин лидерлери Израилдин тынч жана коопсуз жашоо үчүн укугун тааныган. Бул эрдиги үчүн 1994-жылы Шимон Переске, палестин лидери Ясир Арафатка жана ошол кездеги Израилдин премьер-министри Ицхак Рабинге Нобель сыйлыгы ыйгарылган.

Биньямин Нетаняху

Биньямин Нетаняху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху Шимондун өлүмүнө кайгырып жатканын түз эфир аркылуу билдирди:

- Шимон Перес бүт өмүрүн элдин эркиндигине арнаган. Алысты көрө билип, Израилди бардык тараптан бекемдеген. Дүйнөнүн адамы катары акыркы күндөргө чейин коңшулар менен тил табышууга умтулду. Ал Израилди түптөгөн, элге кызмат кылган аталарыбыздын бири. Ал мамлекет үчүн өмүрүнүн акырына чейин тынымсыз иштеди. Атабыздын бизге калтырган мурасы – келечек. Ал дайыма алдыга карагыла деп айтчу. Израил тарыхында эл үчүн күйгөндөр саналуу, - деди Нетаняху.

Перестин уулу Хеминин айтымында, атасы дүйнөдөн тынч узаган. "Өзүнүн керээзи боюнча Шимондун көзүнүн чечекейи трансплантация үчүн берилет" деп жазды Рейтер агенттиги.

Перестин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу дүйнө лидерлери да көңүл айтууда. Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц Перес «тынчтык жана кызматташтык» идеясы үчүн күрөшкөнүн айтты:

- Шимон Перестин каза болушун терең кайгыруу менен кабыл алдык. Израил эли атасынан айрылды. Биз тынчтык жана урмат-сый үчүн күрөшкөн инсанды жоготтук.

Перестин мындан бир нече жыл мурда «Палестиндиктер – биздин жакын коңшубуз. Алар биздин эң мыкты досубуз да болоруна ишенем» деп айткан. Бирок ал кыялы аткарылбай, Израил менен Палестина ортосунда чатак маал-маалы менен тутанып келет.

Израил-Палестина чеги

Израил-Палестина чеги

Айрым палестиндиктер Шимондун колу кандуу болгон деп да эсептешет.

- Перестин колу палестин жана араб элинин канына боёлгон. Анын доорунда Египет, Сирия жана Палестин согушу болду. Ал Израил мамлекетин түптөдү жана биздин улутка запкысын тийгизди, - деди Рейтер агенттигине Рамалла шаарынын жашоочусу Абед Ал-Хаким.

Шимон Перес 1928-жылы 2-августта ошол кезде поляктарга караган (азыр Беларустун аймагы) Вишнево шаарчасында туулган. Атасы соодагер, апасы китепканачы болгон.

1934-жылы Шимондун ата-энеси Палестинага көчүп барып, Тель-Авивге отурукташкан. Өзүнүн эскерүүсүндө Вишневодо калган туугандары Холокост маалында өлгөн.

Шимон саясатка эрте аралашкан. 18 жашында «Эмгекчил жана окуган жаштар» аттуу солчул сионисттик уюмдун катчысы болгон.

1947-жылы азыркы Израил мамлекетин түптөгөн премьер-министр Бен-Гурион өлкөнүн армиясына курал-жарак сатып алуу милдетин Шимон Переске жүктөгөн.

Бул кызматта турган кезде Шимон Франция менен келишим түзүп, жаңы пайда болгон мамлекетке эки француз истребителин жана бир топ курал-жабдыктарды сатып берген.

Шимон Перес бир нече жолу парламентке депутат болгон, эки жолу премьер-министрликке дайындалган. 2007-жылы президент болуп шайланган.

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG