Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

2015-жылдын 1-январынан тарта кыргызстандыктар үчүн Орусияга кирүү тартиби өзгөрөт. Кыргызстандык жарандар Орусиянын аймагына киргенде жана чыкканда жалпы жарандык паспортко ээ болушу керек. Журтташтарыбыздан суроо-талаптарды, пикирлерди күтөбүз жана аларга тиешелүү кызмат адамдарынан жооп алып берүүгө аракет кылмакчыбыз.

2015-жылдын 1-январынан тарта кыргызстандыктар үчүн Орусияга кирүү тартиби өзгөрөт. Кыргызстандык жарандар Орусиянын аймагына киргенде жана чыкканда жалпы жарандык паспортко ээ болушу керек.

Башкача айтканда, буга чейинкидей ички ID паспорт менен кирүүгө тыюу салынат. Ошону менен бирге чек арадан өтүүдө улуулар менен бирге эле жашы 16га жете элек балдардын да жалпы жарандык паспорту болууга тийиш.

Орусияда иштеген мигранттар, же билим алып жүргөн студенттер өздөрү бул боюнча кандай аракеттерди көрүүдө?

Же жарандык паспорт алууда кандай тоскоолдуктар болуп жатат?

Орусияда иштеп жүргөн, же барууну каалаган адамдардын баарын жалпы жарандык паспорт менен камсыздоо мүмкүнбү?

Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күнү Орусияда 600 миңге жакын Кыргызстандын жараны иштейт. Бул орус жарандыгын алган кыргызстандыктарды кошпогондогу эсеп экендиги айтылып келүүдө. Бирок алардын ичинен канчасы жалпы жарандык паспорт менен, канчасы ички паспорт менен жүргөнү тууралуу так маалымат жок.

Кыргызстан Орусия, Казакстан жана Беларус мамлекеттери түзгөн Евразия экономикалык биримдигине кирип калса, Орусияга кирип-чыгуу шарттары мурдагыдай калышы мүмкүн. Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине, андан ары Евразия экономикалык союзуна кирүүгө белсенүүдө.

Орусиянын кыйырында жүргөн журтташтарыбыздан суроо-талаптарды, пикирлерди күтөбүз жана келип түшкөн суроолорго тиешелүү кызмат адамдарынан жооп алып берүүгө аракет кылмакчыбыз.

Кат жазгыла, кабарлашкыла! “Журтташтар” - сиздин үнүңүз!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG