Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Мушаррафтын саясий дымагы козголду


Британия - Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф Лондондогу маалымат жыйынында жаңы саясий партия - "Жалпы Пакистан мусулман лигасын" түзгөнүн жарыялады.
Британия - Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф Лондондогу маалымат жыйынында жаңы саясий партия - "Жалпы Пакистан мусулман лигасын" түзгөнүн жарыялады.

Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф жаңы партия түздү жана 2013-жылы боло турган жалпы элдик шайлоого катыша турганын билдирди. Бийликтен түшкөндөн бери ал Британияда турат. Лондондогу үйүнөн Мушарраф "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Өткөн жума күнү Лондондо Первез Мушарраф өз тарапкерлерин жыйнап, жаңы саясий партия - "Жалпы Пакистан мусулман лигасын" түзгөнүн жарыялады. Мунун жүйөөсүн ал өлкө азыр "жаңы, демократиячыл саясий маданиятка" мукурап муктаж болуп турганы менен түшүндүрдү.

"Бул партияны түзүп жаткан себебим - өлкөнү ушу туштагы түнөргөн караңгылыктан алып чыга турган бир да саясий күчтү Пакистандын саясий мейкининен көрө албай турам", -деп айтты ал "Азаттыктын" кабарчысына Лондондогу үйүнөн.

Первез Мушарраф 1999-жылы Пакистанда кансыз аскерий төңкөрүш жасап, бийликти басып алган. Өлкөнү тогуз жыл башкарып, 2008-жылы кызматын тапшырганга аргасыз болгон. Ошондон бери Лондондо турат.

Экс-президенттин оппоненттери Мушаррафты өлкөдө өз позициясын бекемдеген гана саясий система түзгөнү, демократияны муунтуп таштаганы, атаандаштарын башын бапан, аягын сапан кылып куугунтуктаганы, куда-сөөкчүл, тууган-урукчул салтты, коррупцияны күчөткөнү үчүн сындап жүрүшөт. Мындан тышкары аны дүйнөлүк терроризмге каршы согушта Пакистанды башкы фронтко айлантты, Батыш менен союздашып, аны алдады, "Ал-Каида" менен "Талибандын" күчтөрүнө өлкөнүн Ооганстан менен чектешкен түндүк-батыш аймактарын коопсуз сыйынт жай кылып алганга мүмкүндүк берди деп айыпташат.

Лондондо өз тарапкерлери алдында Мушарраф өткөндөгү айрым кемчиликтерин моюнга алды жана жалпы улуттан кечирим сурады. Муну ал "Азаттыктын" кабарчысына да бышыктады. Жаңы проблемаларды түзгөн калпыстыктары арасынан экс-президент Жогорку соттун судьясын кызматтан алганын, өлкөдө чукул абал жарыялаганын, кыска мөөнөткө болсо президенттик кызматты жана армиянын башчылык милдетин кошо аткарган учурун белгилеп көрсөттү.

"Алардын баары мыйзамдуу, конституциялык жактан туура болгондур, бирок алардын арты нааразылыктарга алып келди, жагдайга жаман таасирин тийгизди, мен мына ушулар үчүн кечирим сурадым",-деп айтты Мушарраф. Экс-президент саясий атаандаштарын айыптаган жок, болгону Пакистанга кайтып барып, "жаңы прогресске жол ачкысы" келерин кошумчалады.

Мушарраф өз алдынча саясат жүргүзгөнгө, социалдык-экономикалык проблемаларын чечкенге, терроризмди жана экстремизмди ооздуктаганга, саясий туруксуздукту жойгонго Пакистандын "жетерлик көрөңгөсү жана ресурсу бар экенине" бекем ишенет. Башкы максаттарынын бири катары ал "сабатсыздыкка, жакырлыкка жана караңгычылыкка каршы жихад жарыялоону" көздөйт.

Пакистанда Ыйык Куранга каршы келген мыйзамдар кабыл алынбайт. Өз демилгелери буга канчалык өлчөмдө төп келерине токтолуп, Мушарраф "исламдын билимгөй, алдыңкы жана прогрессивдүү жоболорун" колдоорун билдирди. Мисалы, талиптердин аялдар үйдө гана олтурууга тийиш, билим албашы керек деген чечимдерин ал таптакыр четке какты.

Козголоңчулар маселесине кайрылып, проблеманын башатын Пакистандагы абалдан эмес, Ооганстанда аларга каршы жетерлик иштер жүргүзүлбөй жатканынан көрдү. "Алар Пакистанга өтүп келе алышат, алардын бу жерде коопсуз аймактары бар, колдоосу бар. Бирок алардын башкы күчү – Ооганстанда, андыктан алардын Пакистанда кылтасы кыйылса эле жагдай жакшырат болчу деген ой туура эмес.Аларды баарыдан мурда Ооганстанда талкалоо керек, маселе ошондо чечилет. Бирок мындай болоруна азырынча ишеним аз", - дейт Мушарраф.

Иши кылып, экс-президент кайрадан саясатка аралашкысы, демократиялуу Пакистанга кайтып баргысы жана өз күчү менен, эч кимдин жардамы жок, өзүн колдогондорго таянып шайлоодо утуп чыккысы келет.

Бирок Пакистандын өзүндө адилеттүү шайлоодо Мушаррафтын жеңишке жетерине көпчүлүк, атүгүл анын тарапкерлери деле ишенбейт. Ал эми өлкөдөгү ири саясий партиялар анын кайтып келишине чечкиндүү каршылык көрсөтөрү турган сөз дешет.

XS
SM
MD
LG