Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Нанинин "кызыл карточкасы"...


Роналду эски клубу - Манчестерге гол киргизгенден кийин адаттагыдай кубанган жок. 5-март, 2013-жыл
Роналду эски клубу - Манчестерге гол киргизгенден кийин адаттагыдай кубанган жок. 5-март, 2013-жыл

"Реал Мадрид", "Пари Сен Жермен" (PSG), "Боруссия Дортмунд" жана Туриндин "Ювентус" командалары Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыгышты.

Шаршембиде Чемпиондор Лигасынын дагы эки чейрек финалисти белгилүү болду. "Пари Сен Жермен" (PSG) өз талаасында "Валенсия" менен 1-1 эсебинде ойноп, биринчи беттешүү 2-1 аяктагандыктан, франциялык клуб Чемпиондор Лигасынын кийинки айлампасына чыкты. Бул жолу PSG форварды Златан Ибрагимовичсиз ойноду. "Кызыл карточка" алган Златан матчты трибунадан көрүп отурду. Бул таймашка Менес менен Верратти да катышкан жок. Андыктан Франция улуттук командасынын эки оюнчусу Блэз Матуиди менен Кевин Гамейрого чоң үмүт артышкан. Айткандай эле Гамейро баштаган комбинация Лавеццинин голу менен аяктады. Машыктыруучу Карло Анчелотти болсо матчтан кийин Валенсия гол киргизгенден кийин гана "ойгонуп, чындап ойной баштадык" деп комменатриялады.

Давид Бэкхемди болсо Анчелотти бул ирет оюнга чыгарган жок.

Ушул эле күнү "Селтик Глазго" биринчи матчтагыдай эле "Ювентуска" утулуп, Чемпиондор Лигасынын таймаштарынан чыгып калды.

Шейшембиде болсо дагы эки чейрек финалист белгилүү болгон. "Боруссия Дортмунд" "Шахтар-Донецкти" жеңип алды. Атаандаштардын алгачкы беттешүүсү 2-2 болуп аяктаган. Ошентип, германиялык клуб квалификациядан өттү.

Ал эми бул аптанын эң кызыктуу жана эң курч матчы "Манчестер Юнайтед" менен "Реал Мадрид" ортосунда болду. Испаниялык клуб 2-1 эсебинде жеңди. Алдыңкы матч 1-1 болгондуктан, "Реалга" чейрек финалда ойноого жол ачты.

Манчестердин даңазалуу машыктыруучус Сэр Алекс Фергюсондун ордун басышы мүмкүн делген "Реалдын" машыктыруучусу Жозе Моуриньо "оюндун мыкты командасы утулуп калды" деп комментарийледи:

“Матч абдан курч маанайда өттү. Биринчи жарым саатта тактикалык учурлар көп болду. Акыр аягында оюндун мыктысы мындан аркы күрөштөн четтеп калды, - деген Моуриньо дарбазачы Диего Лопеске өзгөчө алкыш айтты. Айтылуу Криштиану Роналдо эски командасы, аны өстүргөн "Манчестерге" гол киргизгенден кийин өзүн бир аз ыңгайсыз сезгенсип, демейдигидей көп кубанган жок.

“Эң негизгиси жеңиш керек болчу. Бирок "Манчестер Юнайтед" үчүн капаландым. Күйөрмандарды урматтоо иретинде голумду көп майрамдаган жокмун. Бул менин экинчи үйүм. Мени ушундай жылуу тосуп алышты. Бирок мен өз ишимди аткардым”, - деди португалиялык жылдыз.

Бирок оюндун чыныгы каарманы өз дарбазасына гол тээп алган Рамос же жаңы эле чыгып, алыстан мыкты гол киргизген Модрич эмес, түркиялык судья Жунеит Чакыр болду окшойт. 56-мүнөттө "Манчестердин" чабуулчусу Наниге "кызыл карта" берген арбитр оюндун жүрүшүн өзгөрттү деген сын сөздөр азырка чейин айтылууда. Адатта сабырдуу, токтоо Фергюсон отурган жеринен тура калып, нааразылыгын жашырбай талаанын четине чуркап чыкты. Матчтан кийинки пресс-конференцияга машыктыруучу өз орун басарын жиберди. Моуриньо да Наниге "сары карточка" берип чектелсе болоор эле деген оюн айтты.

Интернетте тараган маалыматка ишенсек, англиялык күйөрмандардын бири полицияга чалып, "Чакыр кылмыш жасады, чара көргүлө" деп айтыптыр.

Бирок Чакыр туура кылды, Нанини кооптуу оюн үчүн жазалаш керек болчу дегендер да аз эмес. УЕФАнын өкүлү калыс Чемпиондор Лигасынын мындан аркы беттешүүлөрүнө катыша турган судьялардын тизмесинде кала берээрин билдирди.

Баса, бул матчта 39 жаштагы Райн Гиггс профессионалдуу карьерасындагы миңинчи оюнду ойноду. Сезондун башынан бери ал 21 матчка катышып, 5 гол киргизди. Өткөн жума күнү болсо "Манчестер" анын менен контракты ойлонбостон узарткан.
XS
SM
MD
LG