Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Польша: демократияны коргоо жүрүшү


Польшанын азыркы өкмөтүнө каршы жүрүштүн катышуучулары. Варшава, 7-май, 2016-жыл.

Польшанын азыркы өкмөтүнө каршы жүрүштүн катышуучулары. Варшава, 7-май, 2016-жыл.

Польшада өкмөткө каршы жүрүшкө оң миңдеген адамдар катышты. Ушул ишемби күнү борбор шаар Варшаванын көчөлөрүнө чыккандар бийликтеги “Укук жана адилеттик” партиясы менен алар башкарган өкмөттү демократияга шек келтирип, Польшанын европалык келечегин тобокелчиликке салып жатканы үчүн айыпташты.

Польшада ушул ишемби күнү нааразылык жүрүшүн уюштургандардын бири, оппозициядагы “Жарандык платформа” партиясынын эсебинде, демонстранттардын саны 200 миңге жетти.

Борбор шаар Варшаванын бийликтери болсо аларды 240 миңдей деп эсептеди.

Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри, “Жарандык платформа” партиясынын лидери Гжегож Схетына демонстрациянын жүрүшүндө жарыялагандай, бул Польшада 1989-жылы коммунисттик бийлик кулагандан берки нааразылык акциялардын эң ириси болду.

“Эркиндик! Теңдик!, Демократия!” деп кыйкырып, учурдагы бийлик башчыларды чектен чыкпоого чакырган демонстранттар “Укук жана адилеттүүлүк” партиясын эки-үч маселе боюнча, анын ичинде бийликтеги өкмөттүн евроскептизми Польшаны кайрадан Орусиянын таасири астына түртүшү мүмкүн деп күнөөлөштү:

- Биз Польша жана Польшанын эли Еврсоюздун биримдигин чыңдообуз керек. Азыркы өкмөт болсо муну бузуп, биримдикке шек келтирүүдө. Биз буга жол бербейбиз, - деди оппозициячыл саясатчылардын бири Ярослав Калиновски.

Коммунисттик бийлик кулагандан бери өкмөткө каршы эң ири жүрүштү парламенттеги оппозициячыл партиялар, түрдүү европачыл топтор жана “Демократияны коргоо комитети” деген жарандык кыймыл уюштурду.

Варшавадагы жүрүш. 7-май, 2016-жыл.

Варшавадагы жүрүш. 7-май, 2016-жыл.

Демонстранттар азыркы өкмөттү, либералдык демократиянын принциптердин бузуп жатканы үчүн да күнөөлөшүп, аларды Евросоюздагы башкаруу стандартын сактоого да үндөштү.

- Биз Ярослав Качиньскинин жасап жаткандары менен макул эмеспиз. Ал көз карандысыз жана өз аракеттери үчүн жоопкерчилик алышы керек болгон премьер-министрге жана президентке көрсөтмө берүүдө, - деп ырастады демонстранттардын бири “Рейтердин” кабарчысына сүйлөп жатып.

Мурда оппозицияда турган, улутчул-консервативдик нуктагы “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы бийликке былтыр октябрдагы шайлоонун аркасында келген эле.

Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, азыр да 33% колдоого ээ. Партияга авиакырсыкта каза болгон мурдагы президент Лех Качиньскинин бир тууганы, мурдагы премьер-министр, Ярослав Качиньски төрагалык кылат.

Демонстранттар Ярослав Качиьнскини диктаторго, Түндүк Корея лидери Ким Чен Ынга теңешти.

Демонстранттар Ярослав Качиьнскини диктаторго, Түндүк Корея лидери Ким Чен Ынга теңешти.

Бирок ал парламент депутатынан башка расмий кызматты ээлебейт.

Өкмөттү “Укук жана адилеттик” партиясынын өкүлү Беата Шидло башкарып жатса, жалпы эл тарабынан шайланган президент Анжей Дуда дагы ушул саясий лагерден.

Качиньски демонстранттардын нааразылыгына алардын саясаты Польшаны күчтөндүрүү экенин айтып жооп берди.

Варшавалык саясат таануучу жана профессор Радослав Марковски “Азаттык” менен маегинде азыркы нааразылык жүрүш өлкөнү бир партия башкарганына эмес, ал Конституцияны бузуп жатканына байланыштуу экенин белгиледи:

- Негизги проблема Конституциялык трибунал (Конституциялык сот) иштей албай, аны шал кылып салышканында. Буга кошумча сотторду көз карандысыздыктан ажыратуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат, коомдук медианын көбү бир партиянын колуна өтүп кетти, мамлекеттик кызматка алуулар, дайындоолор токтоп калды. Маселе мында өлкөнү бир партия башкарып жатканында эмес, ал партия Конституцияны бузуп жатканында. Алар албетте Конституцияны бузган жокпуз, жасагандарыбыздын баары мыйзам чегинде деп санашат. Бирок, ошол эле учурда Венеция комиссиясы, Евробиримдик, Польшанын өзүндөгү Конституциялык, Жогорку соттун мурдагы башчылары, абройлуу институттар, кадыр –барктуу адамдардын баары Конституция бир нече учурда бузулганын айтып жатышат.

Буга дейре Европанын башкы укук коргоочу институту - Европа кеңеши Польшанын Конституциялык сотту реформалоо боюнча мыйзамы “демократияга, адам укуктарына, мыйзам үстөмдүгүнө” шек келтирерин эскерткен болчу.

Еврокомиссия Польшанын жаңы, талаштуу мыйзамдары боюнча иликтөө да баштаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG