Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Армян өкмөтүн "Газпромдун" кадры жетектейт


Карен Карапетян
Карен Карапетян

Арменияда жаңы өкмөт башчы дайындалды. Ал “Газпромдун” жогорку жетекчилеринин бири Карен Карапетян болуп калды.

Өлкөдө антиорусиялык маанай күчөгөндө Орусиянын ири компаниясынын жетекчилеринин бири армян өкмөтүнүн башына дайындалышынын себеби эмнеде?

Армян президентинин маалымат кызматынын 13-сентябрдагы кабарлоосу боюнча, президент Серж Саргсян Карен Карапетянды Армения өкмөт башчылыгына дайындоо жөнүндөгү жардыкка кол койду.

53 жаштагы Карапетян 2010-жылы Ереван шаарынын мэри болуп алты ай иштеп, андан кийин “Газпромдун” сунушу менен Москвага кеткен.

Армян эксперттери Карапетяндын Ереван мэри катары алты ай гана иштөөсүн өзү мүчөсү болгон Республика партиясынын колдобой коюусу менен байланыштырат. Бирок ал кыска мөөнөттө айрым реформаларды чечкиндүү жүргүзө баштаганы менен эсте калганы айтылат.

Карен Карапетян 2015-жылы "Газпромдун" кол алдындагы "Газпром энергохолдингдин" баш директорунун орун басарылыгына көтөрүлгөн. 8-сентябрда Армениянын мурунку өкмөт башчысы Овик Абрамян кызматтан кетип, анын ордуна дайындалып отурат.

Армениялык саясат талдоочу Степан Сафарян өлкөдө антиорусиялык маанай күчөп бараткан шартта Орусиянын монополист компаниясынын кызматкери Карапетяндын премьер-министрлик кызматка дайындалуусун мындай чечмеледи:

- Кээ бирөөлөр Карен Карапетянды “Газпромдун” Армениядагы адамы катары санайт. Ал эми Армения бийлиги аны Москвадагы армян адамы катары эсептейт десек болот. Акыркы жылдары Армения менен Орусиянын мамилеси начарлап баратат. Анын себеби Орусиянын Арменияга карата саясатына байланыштуу. 2013-жылы Серж Саргсян Москвада бир күн түнөп, эртеси коопсуздук маселесине байланыштуу Евразия экономикалык биримдигине кошулат деп жарыялаган.

Сафаряндын айтымында, андан кийин Путин Арменияга сапар менен келип, инвестиция, экономикалык кызматташууларды өнүктүрүү боюнча убадалар жана келишимдер болгон. Бирок алардын бири да аткарылбай, эки жылдан бери Армениянын экономикасы төмөндөп жатат.

Армениядагы Орусияга каршы маанайдын бир себеби өлкөнүн экономикасындагы абалга байланыштуу болсо, экинчиси Москванын Бакуга курал сатуусуна байланыштуу. Ереван бул маселеге абдан тынчсыздануу менен карап, Азербайжандын күчтөнүүсү Тоолуу Карабактагы статус-квону бузат деп эсептейт. Июль айында Ереванда полиция имаратын куралдуу адамдар басып алуусунан жаралган кризистин учугу да Тоолуу Карабак жана армян-азери чатагына барып такалат.

Армения Москванын ыгына көнүп, Евразия экономикалык биримдигине, Жаматтык коопсуздук келишими уюмуна мүчө болуп, Грузия жолу менен Батышка интеграциялануудан баш тарткан. Орусиянын Кавказдагы стратегиялык өнөгү катары аскердик базасын жайгаштырууга жол берген. Армяндар ошого жараша Москва Бакуга курал сатууда Еревандын кызыкчылыгына доо кетирбегендей болушу керек деген талапты коюп жатышат.

Еревандын мыйзам ченемдүү бул суроосуна орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев минтип жооп берген эле:

- Орусия эки өлкөнүн тең өнөгү болуп саналат. Армения менен Жамааттык коопсуздук келишиминин алкагында союздашпыз. Бирок биздин баарыбыздын мамлекеттер аралык мамилебиз бар. Анын баары мамлекеттер аралык макулдашууларга, анын ичинде аскерий тармакта кызматташуу боюнча келишимге негизделген. Ошондуктан, Орусия курал сатуудан баш тартты деп бир саамга элестетип көрсөк, ал жер бош калбасын айкын түшүнөбүз. Алар башка өлкөлөрдөн курал сатып алат. Ал куралдардын кыргын салуу мүмкүнчүлүгү төмөн болбойт.

Арменияны Москванын Азербайжанга курал сатуусу менен катар Түркия менен жакындашуусу да тынчсыздандырат.

Мына ушундай жагдайда Орусия компаниясында иштеген адамдын өкмөт башына келиши антиорусиялык маанайды дагы күчөтөт дейт Степан Сафарян:

- Бул антиорусиялык маанайга дагы бир стимул болуп берет деп ойлойм. Бир жагынан алганда коомчулуктун бир бөлүгүндө Карапетянга симпатия бар. Бирок "ал Москванын адамы" деген түшүнүк Орусиянын саясатына каршылыкты күчөтөт. Анткени Карапетяндын дайындалышы менен коомчулукта баарын Кремл чечип жатат деген пикир көбөйөт.

Сафаряндын пикиринде, Карапетянды өкмөт башына алып келүү менен президент Серж Саргсян реформалардын чечкиндүү жүргүзүү жана Орусиядан инвестиция тартууга үмүт байлап жатат.

Армениядагы газ, энергетика тармагы орус компанияларынын менчигине өткөн. Эки ортодо тариф саясаты боюнча келишпестиктер чыгып келатканы белгилүү.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG