Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Ирак күчтөрү Тигр дарыясында калкыма көпүрө курууга умтулууда


Мосул шаарынын батышын бошотуу үчүн күрөшүп жаткан Ирак күчтөрү ал тарапка калкыма көпүрө жасап, өкмөт көзөмөлдөгөн чыгыш тараптан жүк жеткирүүгө жол салууга аракеттенүүдө. Тигр дарыясындагы беш көпүрөнүн бузулбай калган бирөөсүн көңүлгө алган Ирак ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн полковниги Фалах аль-Вабдан “көпүрө боюнча бизде бүгүн өзгөчө маанилүү операциябыз бар” деп билдирген. Анын айтуусунда, бузулбай калган жалгыз көпүрөгө миналар коюлган. 26-февралда ал жерде 44 жоочу жок кылынган. Аскерлер жоочулар көзөмөлдөгөн шаардын батыш тарабы менен байланыш түзүү өтө маанилүү экенин белгилешүүдө.

Ирак күчтөрү Мосул шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотуу боюнча операциянын экинчи бөлүгүн 19-февралда баштаган. Ага АКШ башында турган коалиция абадан колдоо көрсөтүүдө. Америка аскерлери шаардын батыш тарабында 750 миңдей тынч тургун бар экенин, ал эми жоочулардын саны 2 миңдин тегереги экенин кабарлаган. Ассошиейтед пресстин 26-февралдагы маалыматы боюнча, акыркы үч күндөгү кармашта коопсуздук күчтөрүнүн 30 жоокери жана 200дөй тынч тургун набыт болду же жараланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG