Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Ири банктар Иранга барууга даабай турат


Иран
Иран

АКШнын мамлекеттик катчысы 12-майда Лондондо банкирлер менен жолугат. Анда Иран менен бизнес жүргүзүүдөгү Кошмо Штаттардын позициясын түшүндүрмөкчү. Ирандан Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясы алынганы менен Вашингтондун кээ бир санкциялары күчүндө калган.

Лондондо банкирлер менен жолугушууда Жон Керри Иранда бизнес кылууга АКШнын санкциялары кандай таасир этерин түшүндүрүүгө аракет жасамакчы. Банктар Вашингтондун санкцияларынан коркуп, Иранда иш жүргүзүүдөн чочулап турат.

Жолугушуу алдында Жон Керри Кошмо Штаттардын санкциясы күчүндө турган конкреттүү юридикалык тарап жана адамдар бар экенин, ал Ирандын Ыңкылапчыл гвардиясы менен байланышкан тараптар экенин белгилеген.

10-майда Лондонго келген Жон Керри “Иранда иш жүргүзүүнү каалабаган компаниялар аны Кошмо Штаттардын санкцияларына шылтоолобошу керек”,- деди. “Европалык банктар Иранда эсептерин эркин ачып, соода, акча алмаштыруу, долбоорлорду каржылоо сыяктуу иштерди жүргүзө алат. Ага эч кандай тоскоолдук жок”,- дейт Жон Керри:

Жон Керри
Жон Керри

- Бул жерде чочулаштын кереги жок. Биздин макулдашууда Европа банктарынын иштөө шарты өтө ачык көрсөтүлгөн. Банктар эркин насыялап, келишимдерди колдоп, эсептерди ачып, соода жүргүзүүгө катыша алат. Ал жерде эмнеге уруксат, эмнеге тыюу бар экени даана көрсөтүлгөн. Менин оюмча, коркууга себеп жок.

Жон Керри жана Кошмо Штаттардын башка расмий адамдарынын мына ушундай ишендирүүлөрүнө карабай Европадагы бир да ири банк Иранда иш жүргүзүүгө даяр эместигин Рейтерге ал банктардын бири билдирген. Алардын баары Кошмо Штаттардын банктары жана базары менен абдан кеңири байланышта болгондуктан Иранга киргизилген санкциялардагы карама-каршылыктардан чочулап турушат.

Европа банктары Кошмо Штаттардын финансылык системасы аркылуу Иран менен доллар төлөмдөрүн жүргүзүүгө тыюу салынгандын өзү эле кыйынчылык жаратарын билдиришет.

Европадагы ири банктардын бири BNP Paribas Ирандагы кардарлары менен андай операция жүргүзөм деп, Кошмо Штаттардын ири айыбына кабылган. Банкка 2014-жылы 9 млрд. доллар айып салынган. Бул Европадагы банктарга абдан катуу таасир эткен.

Андан сырткары Европадагы банктар президент Барак Обаманын тушунда Иранда иш жүргүзүүгө каршылык болбогону менен, ал кеткенден кийин жаңы бийлик башка позицияга өтөт деп чочулайт.

Белгилүү болгондой Республика партиясынын президенттикке негизги талапкери Дональд Трамп жана Конгресстеги республикачылардын лидерлери Иран менен жетишилген ядролук келишимге каршы. Алар Кошмо Штаттар Иранга киргизген санкциялардын аткарылышына тыкыр көз салышы керек дешет.

Ошондуктан Европа банктары тобокелдикке барбай турат. Иран өкмөтү болсо ядролук келишимден кийин убада кылынган экономикалык пайданы көрбөй жатканын билдирүүдө. Ирандын руханий лидери Али Хаменеи бул үчүн Кошмо Штаттарды айыптады.

Ирандын тышкы иштер министри Мохамад Жавад Зарифи Иран калкы ядролук келишимдин үзүрүн көрүшү керектигин билдирген:

- Биздин Кошмо Штаттар менен келишпеген жактарыбыз кала берүүдө. Ал пикир келишпестик өтө олуттуу тармактарды камтыйт. Бирок ага карабай 5+1дин алкагында өтө олуттуу жана татаал маселени чечүүгө болорун көрсөттүк. Бул багытта аракетти дагы улантып, келишимдин артыкчылыгын Иран калкы көрө тургандай болушу керек.

Бирок азыркы кезде Иран менен Кошмо Штаттардын ортосунда келишпестик кала берүүдө. Ирандын баллистикалык ракеталарды сыноосу Вашингтондун нааразылыгын пайда кылууда.

Ирандын нааразы боло турган маселеси бар. Иран президенти Хасан Роухани Кошмо Штаттарды Эл аралык сотко берерин билдирди. Белгилүү болгондой АКШнын Жогорку Соту Ирандын 2 млрд. долларынын эсебин жабуу чечимин кабыл алган. Сот чечимине ылайык, ал каражат Иран ыңкылабы учурунда, 1983-жылы Бейрутта АКШ аскерлеринин казармасын, 1996-жылы Сауд Арабиясында Khobar Towersти бомбалоодо жабыркаган америка жарандарына жана алардын жакындарына төлөнүп берилиши керек.

Буга каршы болгон Иран президенти Хасан Роухани 10-майда калкка кайрылуусунда “биз бул ишти Гаага сотуна чейин алып барабыз. Кошмо Штаттардын бул акчаны жөн эле жутуп алышына жол бербейбиз”,- деди.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG