Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

"Саясий Нооруз"


Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жубайы Мехрибан Алиева Бакыдагы майрамдык салтанатта, 20-март, 2012

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жубайы Мехрибан Алиева Бакыдагы майрамдык салтанатта, 20-март, 2012

Дүйнөдө Ноорузду белгилеген мусулмандардын көпчүлүгү аны жаздын, жаңылануунун, жакшылыктан үмүт этүүнүн майрамы деп билишет. Бирок ал узактан бери саясий, диний араздашуу, талаш-тартыштардын негизи болуп келгени да жашыруун эмес.

Азербайжанда Ноорузда ойнолушу өзүнчө салтка айланып калган жумуртка уруштуруу таймашына шейшембиде президент Илхам Алиев да катышты. Мурдагы жылдардагыдай эле, быйыл да президент Нооруздун негизги эки каарманы Коса менен Кечалды утуп алды.

Учурунда орус империясынын бир бөлүгү саналган Азербайжанда Нооруздун тамыры терең, узак тарыхы бар. Эгемендик жылдары ал кеңири белгилене баштагандан бери азыр президент Алиев да муну эл көзүнө көрүнүп, дагы бир сыйра өзүнөн кабар берген таризде калкты куттуктап, ага жакшы жагынан көрүнүп калуу үчүн колдонуп келатат. Президент бул күнү Бакы шаарынын эски бөлүгүн кыдырып, Нооруздун салттуу отун жандырат.

Бир караганда, мунун баары оюндай көрүнүшү мүмкүн. Ошентсе да, Ноорузду майрамдаган дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө бул майрамдын саясаты өзүнчө маанилүү жөрөлгө, иш.

Сүмөлөк

Сүмөлөк

Айрым жерлерде динийби-жокпу, айтор, режимдер Ноорузду өздөрүнүн үстөмдүгүнө коркунуч келтирет деп майрамдоого тыйуу салышкан. Кайсыл бир азчылыктар аны өздөрүнүн улуттук кулк-мүнөз, нарк-насилин көрсөтөт деп, майрам расмий белгиленбеген күндө дө, аны өздөрүнүн улуттук символу деп билишет. Кээ бир жумурияттарда майрам качан өтөөрү да жергиликтүү диктаторлордун же күчтүү лидерлердин гана каалоосу менен байланыштуу чечилчү маселе.

Бирок эч бир жерде Нооруздун саясаты Ирандагыдай ачык, даана байкалбаса керек.

Иран ислам республикасы Нооруз башат алган жер катары белгилүү. Аны бул региондо тээ байыркы кылымдарда Зороастризм дининин тушунда да белгилечү дешет. Андан бери зороастризмдин оордун ислам дээрлик толугу менен басты, бирок Нооруздун ирандыктардын каада-салттарына тийгизген таасири ушунчалык эбегейсиз, тамыры ушунчалык терең болгондуктан, ага 1979-жылдагы Ислам ыңкылабы да тыйуу сала алган эмес. Ошол эле маалда, бул өлкөдө ал майрамды исламга жат деп билген мусулман диниятчылары, Нооруздагы алты күндүк расмий дем алууга жана 14 күндүк мектеп каникулуна катуу каршылык көрсөтүп, айыптап келатышат.

Иран, Нооруз майрамы

Иран, Нооруз майрамы

Ноорузга карата Ирандын расмий жетекчилигинин мамилеси да татаал, бир жактуу эмес. Руханий лидер Аятолла Али Хаменеи аны “шариатка такыр сыйбаган майрам” катары атап, ага каршы фатваларды чыгарып келатканына карабай, президент Махмуд Ахмединежад Ноорузду калктын миң жылдык тарыхына тамырлаш майрам деп, анын эсебинен өзүнө саясий упай топтоп калганга далалат кылды.

Ахмединежад Ноорузду өзүнүн региондогу таасирин арттырууга да колдонуп, армян президентин майрамда өзүнө конокко чакырган. Быйыл болсо ал ооган президенти Хамид Карзай менен бирге Ноорузду Тажикстанда майрамдаганга бел байлап турган чагы.

Түркия, Ирак, Иран жана Сирияга чачырап кеткен 30 миллиондон ашуун күрд калкы үчүн Нооруз узактан бери улуттук биримдик жана эркиндик үчүн күрөштүн символу болуп келатат.

Түркияда күрддөрдүн расмий каттоодогу “Тынчтык жана Демократиялык партиясы” да, анан жикчил “Күрдстан Эмгекчилер партиясы” да 21-мартта кеңири демонстрацияларды өткөрөөрүн жарыялашкан. Негизи, Түркияда Ноорузду белгилөө 2000-жылы гана Европа биримдигинин басымы астында мыйзамдашты. Бирок бул өлкөдөгү күрддөрдүн көпчүлүгү бул күнү Ирактын Күрдстан автономиясындагы окуяларга көз салып, анын президенти Массуд Барзанинин билдирүүсүн күтүшөт.

Кабул, Нооруз майрамы, 21-март, 2012-жыл

Кабул, Нооруз майрамы, 21-март, 2012-жыл

Иракта күрддөр ондогон жылдар бою Саддам Хусейндин репрессиясынын курмандыгына айланып келишти. Бирок ал да учурунда Ноорузду майрамдоону узакка тыйып койо алган эмес. Анын ордуна Хусейн 21-мартты расмий түрдө “Дарактын күнү” деп жарыялап, жаңы майрамды жар салган.

Күрддөрдүн күчтүү азчылыгы бир жылдан бери кан төгүүлөр уланып жаткан Сирияда да бар. Ал жерде Ноорузду күрд сепаратизми менен байланыштырып, өлкөнүн азыркы президенти Башар ал-Асаддын атасы 1963-жылы бийликке келгенде майрамга тыйуу салынган. Бирок Асад азыр эми Ноорузга кайра уруксат берээрин убада кылууда.

Ооганстанда Нооруз Талибан кыймылы 2001-жылы кулатылгандан кийин расмий майрамдала баштады. Талиптердин тушунда да Ноорузга ушунчалык катуу тыйуу салышканына карабай, эл аны үйлөрүндө жашыруун майрамдап келишкен.

Ал эми Борбор Азия регионуна келсек, мурдагы Советтер союзунун авторитардык бийликтери менен белгилүү бул аймагында азыр Ноорузду расмий майрам катары белгилеп жатабыз. Бирок, керек болсо, майрам кайсыл күнү өтүшү керектиги тууралуу маселеде да авторитардык өңүтү бардай туюлат. Маселен, Өзбекстанда Нооруз кайсыл күнү белгиленээрин Ислам Каримов “бир гана мен чече алам” деген.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG